Аскердеги ур-токмок, улут лидерин издөө жана кымбатчылык

“Эл үнү” уктуруубузга бул жолу кайрылган угармандарыбыз аскерге чакырылган балдарды ур-токмокко алуу азаймак турсун көбөйгөнүн, өлкөдө бийлик менен оппозиция элдин ишенимин жоготушканын айтышты.

Мал саткандар көйгөйү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жайма базардын жабылышана карата сатуучулар менен жеке ишкерлер нааразычылыктарын билдиришүүдө. Азыркы тапта ошол эле нааразы болгондор жергиликтүү бийликтен Бишкек шаар четиндеги Нарбото базарын ачып берүүсүн суранышууда.

Аскер Бекжунусов аттуу мурда Аламүдүн районундагы жайма базарында сатуучу болуп иштеген адам, бийликтер Нарбото базарын ачып берсе жакшы болмоктугун, Бишкек шаарына кире бериштеги ошол жер абдан ыңгайлуу экендигин, ал жер мал базар ачылса сатуучуларга да, кардарларга да ыңгайлуу болмоктугун айтат.

Айбек Туралиев аттуу мал сатып жан баккан дагы бир Бишкек шаар тургуну болсо, эки айдан бери мал сата албай сатуучулар кыйналышканын, мал сатуучулар азыр ар кайсы жерде жүрүшкөнүн, мурда эски мал базарында бир күндө 10 кой саткандар азыр бир же эки эле кой сатып калышканын айтат. Ошондой эле ал аларга милиция күнүгө тийишип жатышканын, мал саткандардан жең алдынан акча алып кыйнап жатышканын, эгер акча беришпесе кубалап жатышканын баса белгилейт.

“Мал саткандар сандалып калышты, сатып алабыз дегендер да кайдан алышарын билбей баштары маң. Азыркы базар болсун деген жерлери ыңгайсыз. Коррупциялашкан милиция бизди кыйнап бүттү. Муну мен бардык жерде айта алам, атса атып ийишсин”,- дейт Айбек Туралиев.

Сүйүн Сейдебаев аттуу мал сатуучу да “Эл үнүнө” кайрылып, губернатор шаарга кире бериштен мал саткандарга бир чуңкурду ыраа көрбөй жатканын, бийликтер бул маселени чечпей элди кыйнап атышканын айтат.

Ошентсе да Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов мал сатуучулардын көйгөйлөрүнө жооп кылып, алардын шаар четиндеги Нарбото базарын ачып берүү талабы туура эместигин билдирди.

“Эл ачып бер десе эле ар кайсы жерде базар ачып бере берсек баш-аламандык болуп кетет. Нарботодо биринчиден суу жок, экинчиден элекр жарыгы да жок, үчүнчүдөн канализация да жок. Ал эми биз сунуштап аткан жерде суу да, канализация да, электр жарыгы да бар. Ал гана эмес табигый газ да экен”,- дейт Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов.

Алло, Курманбек Салиевич!

Жалал-Абат облустук Аялдар кеңешинин төрайымы Айчүрөк Мамажанова да “Эл үнү” аркылуу президент Курманбек Бакиевге кайрылып, бир ишти эптей албаган чоң чиновникке жумуштан айдалгандан кийин кайрадан башка бир жерден чоң кызмат бербөөсүн суранды.

“Иштей албаса, бир тармакты бүлгүнгө учуратса, анан кайра келип эле атасынан калган мурастай кылып чоң кызматтарды басып отурушка эч кимдин акысы жок. Ал деген мамлекеттик кызмат да. Мен ушуга байланыштуу өзүмдүн нааразычылыгымды айтып койгум келип жатат. Ушуга тереңирээк карашса. Президенттин аппаратында жүздөгөн адамдар отурат, ушуларды карап, бардыгын орду-ордуна коюшпайбы”,- дейт Жалал-Абат шаар тургуну Айчүрөк Мамажанова.

Ал эми Сүйүн Коргонбаев аттуу угарманыбыз, бийлик оппозициядагыларга туура кызматтарды берсе өлкөдө жылыш болмоктугун айтат.

Аскердеги ур токмок

Ысык-Көл облусунун Түп районунун жашоочусу А.Намазбекова да “Эл үнүнө” кайрылып, азыркы тапта аскерде кызмат өтөө абдан коркунучтуу болуп калганын, аскерге кеткен жаш балдар ал жактан жарым-жан болуп, ден-соолуктарынан айрылып, кай бири ур-токмоктон өлүмгө дуушар болуп жатышканын, өзүнүн кара чечекей уулу да аскерге кетип ур-токмоктон каза болгонун айтты.

“Аскер комиссариатынан эки бала үйгө келип, “балаңызды алып кетебиз, бүгүндөн калса Бишкектеги Улуттук Гвардияга түшпөй калат” деп аскерге алып кетишкен. Менин уулум мурунтан Улуттук Гвардияда кызмат кылам деп айтып жүрчү. А булар болсо Балакчыга алып барып туруп, Улуттук Гвардияга эмес эле Григориевкага жиберип коюшуптур. Биз аларга барып “бул эмнеси, Улуттук гвардияга түшөт дебедиңер беле” деп тартыштым. Көрсө Улуттук Гвардияда кызмат өтөш үчүн дагы пара бериш керек экен. Анан апрель айында токмок жеп каза болуп келди. Болгондо да аябай тепкилеп, укмуш таш боорлук менен өлтүрүшүптүр, менде сүрөттөрү да бар. Анан силердин радиодон бирөө айтып атпайбы, “азыр аскерде тепкилеген, сабаган эч ким жок” деп. Мен атайын чыгынып, анын айткандары туура эмес экендигин айтып коеюн дедим. Азыр балдарды аскерге берүү абдан коркунучтуу. Эмне үчүн азыр прапорщиктер балдарды сабашат, телефондоруна единица салдырып кыйнашат? Аскерге аларын алып алышып эмнеге кыйнашат аларды. Мисалы менин уулумду өлтүргөндөрдүн бирөө гана жаза алды. Калган эчким жаза алган жок, командирин да кызматтан алыш керек эле. Биз негизи альтернативалык кызмат дегенине 15-16 миң сом берип балдарыбызды алып калчу элек. Биринчи баламды ошентип алып калган элем. А бул балам өзү суранып туруп алды эле...”,- дейт А.Намазбекова.

Коргоо министрлигинин Генералдык штабынан “Эл үнүнө” кайрылгандарга жооп кылып, аскердеги ур-токмок азайганын, алар үчүн шарттар да акыркы жылдары жакшырганын, ал эми ур-токмокко барган айрым фактылар катталган учурда аларга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, жазасын алып атышканын билдиришти.

Улут лидерин издөө

Дагы бир Надежда аттуу Бишкек шаар тургуну бизге байланышка чыгып, саясат менен алектенгендердин кылык-жоруктары таң

Мен Феликс Кулов, Өмүрбек Субаналиев, Мелис Эшимкановдон кийин түңүлүп калдым. Бизге эл үчүн, жер үчүн башын сайып койгон жаңы лидер керек болуп турат”.

калтырып, бир чети иренжитип жатканын айтты.

“Мени Надя апа деп коюшат, чын атым Надежда. Мен жанагы оппозиция менен бийлик тууралуу айтсамбы дедим эле. Чоң чиновниктер кандай эле бийликтен кетери менен эле оппозиционер болуп чыга калышат? Алар папке үчүн эле ошентет экен да. Мурда, бийликте отурганда кайда жүрүштү эле. Мен жанагы Феликс Кулов, Өмүрбек Субаналиев, Мелис Эшимкановдон кийин түңүлүп калдым. Ушуларды ойлоп, жакында эле бийликтен кеткен Исмаил Исаковдор деле ошолордой экен деп калдым. Булар эл үчүн мындай кылып атышкан жок. Бизге эл үчүн, жер үчүн башын сайып койгон, жаңы лидер керек болуп турат”,- дейт Надежда апа.