Акыйкат маалыматка суусагандар, жарык жана жылуулук көйгөйү

“Эл үнү” уктуруубузга бул жолу кайрылган угармандарыбыз суук кирип келгенин, ошентсе да электр жарыгы айрым жерлерде жумалап жок болуп жаткандыгын жана бир катар маселелерди сурашты.

Нарын облусунун тургундары аталган аймакта азыртадан суук катуу болуп жатканын, ошентсе да Нарын шаарында жылуулук жакшы болбой, көп кабаттуу үйлөр жылыбай жатканын айтышты. Жарылган турбалар оңдолбогондуктан көп үйлөргө жылуулук жетпей жатканын, ошентсе да шаарды жылуулук менен камсыз кылган мамлекеттик мекеме элге жылуулук үчүн 15 миң сомго чейин акча төлөөсүн милдеттендирген кагаздарын жиберип жатканына нааразы болушту.

Маселен, Нарын шаарынын Кулунбаев көчөсүндөгү 39-үйдүн жашоочусу Канат Каниметовдун айтымында, алар жашаган көп кабаттуу үйгө деле жылуулук жетпейт. Бул үйгө жылуулукту алып келүүчү труба эбак эле керектен чыккан. “Ошентсе да бизге 15 миңден, 21 миң сомго чейин төлөгүлө деген кагаздар чыгып келип атат. Бул эмне деген жорук”,- дейт К.Каниметов.

Мындай нааразычылыкка Нарын шаарынын “Жылуулук компаниясы” өндүрүштүк бирикмесинин директору Улан Айтиев жооп берип, чындап эле көп үйлөрдүн ички системасы кышка даяр эмес экендигин, бул үйлөр 1998-жылдан бери жылуулук албай келишкенин, мурунку келишим боюнча бул үйлөргө жаңылыш түрдө акча чыга бергенин билдирди.

Ал эми Ош облусуна карштуу Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын тургундары бир айдан бери электр жарыгы жок отурушканын, эл таптакыр жүдөп бүткөнүн, күйүп кеткен трансформаторду бийлик бүгүнкү күнгө чейин оңдоп бербей жатканын айтышты.

Кенжекул айыл башчысы Адыл Досонов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бир айдан бери айылдын “подстанциясы” жарылып кетип, жарыксыз караңгыда отурабыз. Айылыбызда 87 түтүн бар, аба-ырайын көрүп атасыздар, сууктан элибиз жүдөп кетти. “Ошэлектро” бизге станцияны оңдоо үчүн тетик бербей атат дешкенинен, “Ошэлектрого” да келдик. Генералдык директоруна да мен кирип чыктым. Ал тескерисинче подстанцияны күйгүзүп жиберипсиңер, силерди сотко бериш керек деп атат. Он жыл мурда коюлган подстанцияны биз кантип күйгүзмөк элек. Эгер булар дагы жардам бербей турган болсо бул маселени премьер-министрдин алдына коебуз.

Кенжекул айылынын тургуну, ардагер Насир Саматова да “Эл үнүнө” кайрылып, айыл эли кыйналып, балдар менен кары-картаңдар өзгөчө жүдөп кетишкенин, тезирээк жарыкты оңдоп берүүлөрүн бийлик адамдарынан суранды.

“Ошэлектро” ААКсынын башкы директору Доскул Бекмыразев, Кенжекул айылындагы трансформаторго күч келгендиктен күйүп кеткенин, ошентсе да айылдыктарга жакында бул маселени чечип берерин убада кылды.

Ал эми Ош шаарынын тургуну Абай Эшмаматов, күн сууктап калса да Ошто жылуулук жок болуп жатканын айтты. Анын айтымында үйлөр суук болгону аз келгенсип, жарык дагы деле бат-баттан өчүрүлүп жатканын айтты. “Ошто шаардык бийлик жылуулук менен камсыз кылуу боюнча иштеген жок”,- дейт ал.

Мындай пикирге Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков жооп берип, өлкөдө энергетикалык кырдаал оор болуп турганын, ошентсе да шаарды жылуулук менен камсыз кылуу ордуна келерин убада кылды.

Ал эми Тентимиш Жумагулов аттуу угарманыбыз, “Азаттык” үналгысы акыркы күндөрү таптакыр угулбай калганына капа болду. “Мунун себептери эмнеде? Бийликтегилер бут тосуп атышабы же радиостанцияда маселе барбы?”,- дейт Т.Тентимишов.

“Азаттык” үналгысы атайын келишимдин негизинде радио толкундарын пайдаланып, обого чыгып келаткан УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановго бул маселе боюнча угарманыбыздын суроосун эшиткенибизде, ал колу бошобой жатканын, мындай суроого жооп бербесин билдирди.