Киев менен Москва туткун алмашты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Киевдеги «Борисполь» аэропортунан Украина Орусия менен алмашып жаткан учак учуп кетти. Бул тууралуу аэропортто жүргөн Крым.Реалиинин кабарчысы кабарлады. Маалыматты Киев аэропортунда жүргөн Украинанын Коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Елена Гитлянская билдирди. «Орусиялыктардын баары учуп кетти», – деп айтты ал журналисттерге. Ушул эле маалда орусиялык ЖМКлар Москванын «Внуково-2» аэропортунан туткундар түшкөн учак Киевди көздөй учканын маалымдашты.