Румындар коррупцияга каршы митингге чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Румыниянын борбору Бухарестте полиция коррупцияга каршы митингге чыккандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Өлкөнүн "Тез жардам" кызматы 65 адамды, анын ичинде тогуз полиция кызматкерин ооруканага жеткирди. Бийликтин маалыматында, 440 адам медициналык жардам алды. Каршы чыккандар Румыния менен Европа Биримдигинин желегин жана "Калыстык керек" деген плакаттарды көтөрүп турушту. Демонстрация "Фейсбуктагы" чакырыктан кийин башталган.