"Вефанын" саясатташкан соту, ишкердин өтүнүчү

Vefa соода борборунун сырткы көрүнүшү. 30-октябрь, 2023-жыл.

Бишкектин чок ортосундагы Vefa соода борборунун мурдагы ээси Умсун Назарбекова кыргыз бийлигине кайрылып, дээрлик жети жылдан бери иштетип келген бизнесинен айрылып калуу коркунучу тооруганын айтууда.

Бишкек шаардык соту ушул жылдын июль айында имарат түрк тарапка өтсүн деген чечим чыгарган. Аны колго алган акционердик коом комментарий берүүдөн карманууда. Ал эми соода борборунда реконструкция иштери жүрүп жатат.

Бишкекте 2006-жылы түрк инвесторлору курган Vefa соода борборунун талашы уланууда.

Ишкер, "Аруу Жылдыз” компаниясынын ээси Умсун Назарбекова имаратты 2016-жылы февралда “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” коомунан уставдык капитал түзүү боюнча макулдашууга кол коюп, өткөрүп алганын билдирди.

Умсун Назарбекова

"Эки чоң кредит алып, бүт документтерин текшерип, тууралыгына ишенгенден кийин гана имаратты сатып алганбыз. Документтердин баары нотариус аркылуу бүтүрүлгөн. Андан тышкары кагаздар Юстиция министрлигине жиберилип, ал жактан да биздин менчик экени ырасталган. Азыр эми менин, менин үй-бүлөмдүн 30 жылда тапкан мээнетибиздин бардыгы талаага кетти. Мамлекетибиздин жетекчилери азыр сот ишине аябай көңүл бөлүп турган мезгил. Суранып кетем, ушул ишке көз салып, соттор адилет чечим чыгарат деген ниеттемин".

Бишкек шаардык соту июль айында Vefa соода борборунун 2017-жылдагы алып-сатуу келишиминин мыйзамсыз экенин таануу боюнча арызды канааттандырган чечим чыгарган.

Дагы караңыз Бишкек шаардык соту "Вефа" соода борбору боюнча чечим чыгарды

Сот чечимине каршы Vefa Жогорку Сотко даттанып, алгачкы отурум 23-октябрда болгон.

"Аруу Жылдыз" компаниясынын адвокаттары Түркиядан бир топ документтерди алып келгендиктен ишти кароо 2-ноябрга жылган.

Адвокаттар түрк тарап Кыргызстандын бир катар мыйзамдарын бузуу менен имаратты алып жатканын билдирди.

Маселен, сырттан тартылган, ILF & A&A эл аралык юридикалык компаниясынын юристи, "Аруу Жылдыз" мекемесинин адвокаты Нурлыбек Султан Нусипжанов мындай жагдайларга токтолду.

Нурлыбек Султан Нусипжанов

"Түркиядан бизге келип түшкөн документтер каршы тараптын сотто келтирип жаткан негиздерин жокко чыгарды. Тактап айтканда, “Өзгүн Иншаат” өз убагында ишеним катка таянып соода борборду саткан. Имаратты талашып жаткан тарап ошол ишеним каттын күчү жок экенин түрк сотунун чечимине таянуу менен негиз келтирген. Бирок бул документ Түркиянын жалпы реестринде бар экенин, ал юридикалык күчкө ээ экенин биз далилдеп чыктык. Бул тууралуу колубузда турган документтерде так жана даана көрсөтүлгөн. Ал эми түрк соту ишеним кат боюнча эч бир чечим чыгарган эмес, ал электрондук документтердин тизмесинде да жок, жадакалса андай судья да жок экен. Демек, каршы тарап жасалма документтерди сотто көргөзүүдө. Кыргыз соттору биз алып чыккан документтерди эске алышы керек. Маселен, Кыргызстан Гаага конвенциясынын мүчөсү, аны сакташы абзел. “Өзгүн иншаат” коомунун ошол кездеги директорлор кеңеши имаратты сатууга макулдугун берүү укугуна ээ болгон. Жогорку Сотто биз ушуларды айтып, документтерди бердик, коллегиялык сот нес болду, берки тарап да таң калып жатат".

Дагы караңыз «Вефа» талашына чекит коюла элек

Азыр соода борбору Түркиянын бийлигине караштуу "Өзгүн иншаат" компаниясынын карамагында. "Өзгүн иншаат" акционердик коомунун Кыргызстандагы өкүлү Вэси Изатов жана соода борбордун башкы директорунун милдетин аткаруучу Хакан Каракаш соңку кырдаалга комментарий берүүдөн карманып турарын айтышты.

Алар 2-ноябрда Жогорку соттун отурумунан кийин маалымат берүүгө даярдыгын белгилешти.

"Мүлк ээсин көп жолу алмаштырган"

Ал арада талдоочу Маметбек Мырзабаев бул ишти бир тараптуу кароого болбой турганын айтууда. Мырзабаевдин пикиринде, документтерди иликтеп, бардык жагдайларды териштирүү керек.

"2016-жылкы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин көп мүлктүн ээлери алмашкан. Менимче Vefa соода борборун ошо кезде башкарып жүргөн түрк жарандары менен азыркы ишкер Умсун Назарбекова иштешип жүргөн. Мына ошо кезде "гүленчилер" мүлктү ажыратып, өзүндө калтыруу максатында дароо Намазбековага каттап берген, себеби ал кыргыз жараны. Азыркы тапта Назарбекова бул имаратты канча сомго же долларга сатып алганы тууралуу ачык айта албай жүрөт, далил көрсөтө алган жок. Мен бул тууралуу бир да жерден маалымат окуп же уккан эмесмин. Өз учурунда соода борбор түрк жарандарынын капиталына салынган. 2016-жылдын 15-июлундагы Түркияда "төңкөрүш аракетинен" кийин "гүленчилерге" тиешелүү делген бул сыяктуу бир топ имараттар жалгыз эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча ээлерин алмаштырган. Азыр Кыргызстанда жалгыз эле Vefa эмес. Бир катар үйлөр, ишканалар жана башка кыймылсыз мүлктүн ээлери алмашып кеткен. Азыр Назарбекованын колунда ишеним каттан башка бир дагы документ жок".

Дагы караңыз «Вефа» чатагындагы чоң саясаттын изи

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Маметбек Мырзабаевдин пикирине кошулбайт. Депутаттын айтымында, бул маселеге кыргыз бийлиги кайрылышы керек.

Балбак Түлөбаев

"Түрк ишкерлери курган бир топ мүлктү Түркиянын бийлиги өзүнө алып койгон. Vefa түрк ишкери Мустафа Өзжанга тиешелүү "Кайнар Холдингге" карачу. Өзжандын мүлкүн түрк бийлиги ала электе эле ал соода борборду кыргыз ишкерине саткан. Эми азыр түрк тарап имаратты алгандан кийин ичинде ишкерлик менен алектенген кыргыз жарандарына да басым болуп жатканын угуп атабыз. Ушу маселени кыргыз бийлиги карап коюшу керек. Азыр түрк тарабы сотторго кандайдыр бир таасир тийгизип жаткандай. Маселен, кызылдай акчага сатып алган кыргыз ишкерин күйгүзүп атат. Түркиянын бийлиги Vefa борборуна бир да салым салган эмес, болгону конфискация кылып алган. Азыр ушул сыяктуу мүлктүн ээлери Европа сотунда жүрөт, алар мүлкүбүздү туура эмес тартып алышты деп жатат. Эртеңки күнү Европанын эл аралык сотунда Өзжандар утуп алса, түрк бийлиги кайра өз ээсине береби, бул жагы кандай болуп калат? Ортодогу чыгымдар эмне болот? Ошондуктан биздин ишкерлердин кызыкчылыгын коргош керек. Бирок Кыргызстандагы сот системасынын абалын баарыбыз билебиз, ошондуктан ишенүү өтө кыйын".

Бишкектеги Vefa соода борборун түркиялык "Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет" компаниясы 2006-жылы курган. 2016-жылы февралда ал
мүлктү “Аруу Жылдыз” жоопкерчилиги чектелген коомуна өткөрүп,
уставдык капитал түзүү боюнча макулдашууга кол койгон. Ошентип, “Вефа” соода борбору “Аруу Жылдыз” ишканасынын карамагына өткөн.

Vefa соода борборун түрк инвесторлору 2006-жылы салган. Мында ишкерлер кийим-кече, азык-түлүк, тиричилик техникасын сатып, ашканалар да иштейт.

Ошол жылы июль айында Түркияда төңкөрүш аракети болгону жарыяланып, “Гүлен” кыймылына таандык ишкерлердин мүлктөрүнүн катарында “Өзгүн иншаат” компаниясы да түрк бийлигине өткөрүлгөн.

Туура бир жылдан кийин, 2017-жылдын июлунда түрк өкмөтүнө караган “Иншаат” компаниясы “Вефа” соода борбору анын курамынан мыйзамсыз чыгарылып, арзанга бааланып, сатылып кеткен деген негизде сотко кайрылган. "Аруу жылдыз" менен болгон алды-сатты келишимин жокко чыгарууну, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылган.

Вэси Изатов өзүнүн Instagram баракчасына чыгарган билдирүүсү

Бир апта мурда Бишкекке келип кетен түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын уулу Билал Эрдоган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен аталган соода борборго да баш багып кеткен. Бул тууралуу маалыматты "Өзгүн иншаат" акционердик коомунун Кыргызстандагы өкүлү Вэси Изатов Инстаграмдагы баракчасына жарыялады. Изатов Билал Эрдоганды ал күнү жөн гана чайга чакырганын "Азаттыкка" билдирди. Ушул тапта имараттын айрым жерлерин реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

2-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Соту соода борборго байланыштуу Назарбекова берген арызды карайт.