Түркияда камакта отурган "Себат" билим берүү мекемесинин жетекчиси, кыргыз жараны Орхан Инанды кыйноого кабылганын анын адвокаттары айтып чыгышты.
Өткөн жылы Бишкектен уурдалып Түркияда камакта табылган "Себат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандыга карата кезектеги соттук иш ушул ай башында өткөн. Анын адвокаты жана жакын тууганы Халил Ибрагим Йылмаздын «Азаттыкка» билдиришинче, дал ушул жараян учурунда ал камакта кыйноого кабылганын, алгачкы көрсөтмөлөрү ур-токмок алдында алынганын айтып берген:
"Түркияга алып келинген соң 37 күн бою кыйноого кабылганын билдирди. Көзү таңылган бойдон уруп-сабоого алынып, басымга кабылган экен. Аны алгач айтып чыгууга мүмкүн болгон эмес. Муну октябрдан тарта айта баштады. Ал "Эч бир террорчул уюм менен байланышым болгон эмес. Мен билим берүү тармагында иштеп, жаштарды окуткандан башка мыйзамсыз иш кылган жокмун" деп айтып жатат".
Мындай жол менен Инанды түрк маалымат каражаттары буга чейин жазып чыккан тергөөдө алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, өзүнүн террорчул топторго байланышы жок экенин билдирген.
Адвокат Йылмаздын маалыматы боюнча, Орхан Инандынын саламаттыгы азыркыга чейин калыбына келе элек. Ал Кыргызстанда күч менен кармаган учурда сынган колу иштебей, операцияга муктаж болуп турат:
"Кыргызстанда аны кармаган учурда колу сынган экен. Аны автоунаага күч менен салууга Инанды каршылык көрсөткөн. Мына ушул учурда анын колу сынган экен. Ошондон бери колу кыймылдабай жатат. Операция кылыш керек. Бирок ага уруксат бериле элек. Ушул аптада кайрадан ооруканага жаткырылды. Буюрса, операция боюнча чечим кабыл алынат го деп күтүп жатабыз",- деди адвокат.
Соттук жараянда Орхан Инанды ушул жашка чейин эч кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге барбаганын айткан. Кыргызстанга "Сапат" билим берүү мекемелеринде иштөө үчүн барганын, 2001-жылдан бери бул мекемелердин директорлор кеңешинин төрагасы кызматын аркалаганын билдирген.
Адвокат Халил Ибрагим Йылмаздын айтымында, Орхан Инанды Анкарадагы тергөө абагында кармалып турат жана кийинки жараян 14-апрелге белгиленди.
Түрк медиасынын маалыматы
Анткен менен түрк маалымат каражаттары Орхан Инандынын акыркы көрсөтмөлөрү боюнча башкача нуктагы маалыматтарды таратууда. "Сабах" гезити соңку жараянды баяндаган макаласында Инандынын Гүлен кыймылы менен 1985-жылдан бери байланышта болгонун жазып чыкты.
"АКШда Фетхуллах Гүленге барганын айткан Орхан Инанды «Анын үйү рухий борбор. Барып, ал жакта калып калчубыз. Намаз, китеп окучубуз. Гүлен сабак өтсө, катышчубуз. Мунун баары жакшы, ак ниет адам болуу максатын көздөгөн деп билдирди",- деп жазылган анда.
Түрк бийлиги 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет.
Эрдогандын бийлиги кыймылды ФЕТО же “Фетхуллахчы террорчул уюм” деп атап, анын миңдеген тарапкерлерин кармаган. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам набыт болгон. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайлап уюштурган деп жооп кайтарган.
Расмий Анкара Кыргызстандагы "Себат" билим берүү мекемелери да дал ушул "Хизмет" кыймылына тийиштүү деп эсептейт. Бирок бул мекеме Кыргызстанда катталганын жана эч кандай мыйзамсыз аракеттерге катышы жоктугун билдирген.
Орхан Инанды ким?
54 жаштагы «Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды былтыр 1-июнга караган түнү жоголгон эле. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда жарыялаган. Эрдогандын бийлиги Орхан Инандыны "Гүлен" кыймылынын салмактуу мүчөсү катары мүнөздөп келет. Аны Анкаранын прокуратурасы "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап, 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылууда. Айыптоо корутундусунда Инанды "Гүлен" кыймылынын Борбор Азия боюнча жооптуу кишиси болгону жазылган.
Кыргызстанда Инанды жоголгондон кийин жүздөгөн тарапкерлери нааразылык акциясын өткөрүп, аны миңдеген окуучуларга билим берген мугалим деп сыпатташкан.
Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.
Президент Садыр Жапаров алгач мугалимди Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. Былтыр октябрдагы маалымат жыйынында Инанды туш болгон окуяда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айыбы бар экенин маалымдаган:
"2016-жылдан бери эки-үч жолу аракет кылышкан экен. Биз бийликке келгенге чейин эле Ош тараптан алып чыгып, салып бергенге да аракеттер болгон экен. Биз келгенден кийин да акыркы жолу болгон. Өзүн чакырып, айтып... Өзү да билет экен. “”Ооба. Аркамдан жүрөт. Уурдап кетебиз деп төрт жылдан бери аракет кылып жатат” деген экен. “Сен күзөтчүсүз жүрбө. Кеминде эки-үч адам менен жүр” деп айтылган, ошону менен кеткен. Тигиндей болду, эми, албетте, биздин да мамлекеттик кызматкерлердин убагында көзөмөлгө алып, карабаган кемчилиги бар. Революция, башаламандык, кыйынчылык болуп жаткан мезгилде биздин эле эмес, аймактагы башка эки-үч өлкөдөн “ФЕТО" уюмуна тиешелүү деген адамдарын алып чыгып кеткен учурлар бар.
Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.
Былтыр ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар экенин жарыялаган.
Мындан сырткары былтыр Орхан Инандыга «мыйзамсыз жарандык берүү» маселеси боюнча өзүнчө иш козголгон. Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго айып тагылган.