Орусияда абакта отурган кыргызстандык Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болду. Маркумдун жакындары абакта отурган уулунун Украинадагы согушка кандай жол менен кеткени табышмак экенин айтууда.
Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза болгон 30 жаштагы Аян орус жарандыгын алган эмес.
"Абакта отурган балам кантип Украинада согушта өлөт?"
Кыргызстандын жараны, Ноокен районундагы Рахманжан айылынын 30 жаштагы тургуну Аян Алишеровдун сөөгү туулган жерине 22-январда жеткирилип, 23үндө жерге берилген.
Маркум 2019-жылы Москвада "адам уурдоо" жана "опузалап акча талап кылуу" беренелери боюнча шек саналып, камакка алынган.
Апасы Рахатай Абдивалиева уулунун абактан кантип Украинадагы согушка барып калганы түшүнүксүз болуп жатканын "Азаттыкка" айтты:
"Балам жок жерден жалган жалаа менен камалып кеткен. Мен сотуна да барып, катышып турчу элем. Акыркы сотунда өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, соттон актоосун өтүнгөн. Жети жылга кесилип, Мордовиядагы түрмөдө мөөнөтүн өтөп жаткан. Телефондон сүйлөшүп турчубуз. 2-октябрда мага телефон чалып, "апа мен Кыргызстанга кете турган болдум, буюрса алты айда бошонуп чыгам. Анан үйлөнөм, той кылабыз" деген. Ошондо ал мени кыжалат болбосун деп, согушка баратканын айтпай койгон окшойт. Анын кантип Украинадагы согушка барып калганы мага да түшүнүксүз. Мен азыр ошону аныктайын деп Москвага келдим".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Апасы Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоону өтүнүп, Кыргызстандын Москвадагы элчилигине бир нече жолу кайрылган.
Орусиядагы кыргызстандыктардын сот иштеринде котормочу болуп иштеген Салтанат Митиеванын "Супер Инфо" гезитине берген маалыматына караганда, 2022-жылы июнда Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча чечим чыккан. Бирок ал чечимдин ишке ашкан-ашпаганы белгисиз.
"Орусиянын түрмөсүндө отургандарды Украинадагы согушка эч ким мажбурлап баргыза албайт. Жаш жигитти "согушка барсаң, эркиндикке тез чыгасың" деп алдашса керек", -деген Салтанат Митиева.
"Азаттык" Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо чечими, аны ишке ашыруу боюнча маалыматтарды тактоо максатында Башкы прокуратурага кайрылды. Көзөмөл органынын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов жеке адамдар тууралуу маалымат журналисттерге берилбей турганын "Азаттыкка" кабарлады.
"Жеке бир адамдын иши боюнча маалымат анын жакындарына гана берилет".
Кыргызстандын Жогорку Сотунун веб-сайтында Аян Алишеровду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш соттук кароого коюлганы тууралуу жазылган. Бирок иш каралганы, кандай чечим чыкканы тууралуу маалымат жок.
Ошентип, Орусияда жазасын өтөп жаткан 30 жаштагы Аян Алишеровдун кантип Украинадагы согушка барып калганы табышмак бойдон калууда.
"ЧВК Вагнер" же эркиндикке азгырган кылтак
Жакындары менен менен байланышкан учурлардын биринде Аян ал жаза өтүп жаткан түрмөгө "Вагнердин" жеке аскердик компаниясынан өкүлдөр келгенин айткан экен. Бирок ал учурда Алишеров "Вагнердин" жеке компаниясына кошулуу ниетин жакындарына билдирген эмес. Андан кийин байланыш үзүлүп калган. Анын Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза болгонун жакындары дээрлик эки ай өткөндөн кийин билип отурушат.
Аяндын апасы Рахатай Абдивалиева уулу октябрда Кыргызстанга которулам дегенден бери кабарлашпай калганына токтолду:
"Балам ошол бойдон кабарсыз кетти. Эч байланышпай калдык. Мен аны "жолдо улам бир шаарга токтоп, этап менен бараткандыр, байланышууга шарты жоктур" деп ойлоп жүргөм. Сөөгүн 22-январда алып келишти. Табытта келди, ачтырып, кепиндеп көмдүк. Балама окшошуп турду. Балким окшоштуруп, башканын сөөгүн алып келишпеди бекен деген ой да жадымдан кетпей жатат".
Рахатай Абдивалиеванын айтуусунда, Аян Орусияга чейин Каракөлдөгү аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Апасы учурда уулунун Украинадагы согушта өлгөнү тууралуу "кара кагазын" көтөрүп алып, Москвадагы тиешелүү тараптарга барууну көздөөдө.
"Кара кагаздагы" маалыматка ылайык, Аян Алишеров Украинанын Бахмут (Артемск) шаарына жакын жерде былтыр, 24-ноябрда мерт болгон.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда Орусияда 2 миңдей кыргыз жараны камакта отурат, алардын 30% аялдар. Ага ылайык 1001 кыргызстандык жаран Орусиянын тергөө абактарында, дагы 1078и түрмөдө.
Расмий эсепте 7 миллион калкы бар Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.
Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Соттолгондорду "Путиндин ашпозчусу" деп таанылган олигарх Евгений Пригожин өзү баш болуп азгырып жатканы тартылган видеолор жарыяланган.
Жакында эле "Вагнер" компаниясы Украинага каршы согушка барган соттолуучулардын айрымдарына ырайым бергени кабарланган.
Өткөн айда Орусиянын Ички иштер министрлиги “Вагнердин” Украинадан аннексияланган Луганск облусундагы машыгуу лагеринен качып кеткен алты жалданма жоокерге издөө жарыялаган. Алар буга чейин Орусиянын абактарында жаза өтөгөндөр экени маалым болгон.
Donday басылмасы качкандар кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны экенин, куралчан экенин жазган.
“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” - Вагнердин жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.
27-январда АКШ “Вагнер” менчик аскердик компаниясын транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салды.
Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу жана же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу билдирип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.
12-январда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Украинада согушка катышкан деген негизде кыргыз жараны кармалганын кабарлаган.
Бул кыргыз жаранынын орус армиясынын катарында Украинадагы согушка барып каза тапкан биринчи учуру эмес. Өткөн жылы жай айында орусиялык армиянын катарына кошулган эки кыргыз жараны - Аманбек Курбанбаев жана Руслан Полотов Украинада окко учканы белгилүү болгон. Андан тышкары Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган бир нече аскердин сөөгү кичи мекенине жеткирилген.
Дагы караңыз Украин согушунда бүдөмүк жагдайда каза тапкан кыргыз жарандарыКыргызстан Украинадагы согушта нейтралдуу позицияда экенин кайталап келет.