Өзбекстанда интернеттин таасири артууда

10-апрелде тараган видеодо күч кызматкери аялдын бетине тепкен.

Өзбекстанда социалдык тармактагы нааразылыктардан улам карапайым жаранга күч колдонгон милиция кызматкери жумуштан алынды. Өзбекстанда коомдук пикир менен эсептешүү чанда гана кездешет.

Соңку учурда күч кызматкерлеринин зомбулугуна кабылгандар тартылган тасмалар интернетке байма-бай чыга баштады.

Интернетке 10-апрелде тараган видеодо милиция кызматкери жерде ыйлап жаткан 55 жаштардагы аялдын бетине тээп, үнүн чыгарбоону талап кылган. Окуя Ташкендин Учтепа районундагы Фарход көчөсүндө болгону тууралуу социалдык тармак колдонуучулары жазып, акыл-эси жайында эмес аялга күч колдонгон тартип сакчысын кескин сындашкан. Кийинчерээк аялды тепкен милиционердин аты-жөнү Иззатилла Хашимов экени аныкталган.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы аны менен байланышкан учурда окуя видеого жазылып, тарап кеткенине карабай Хашимов “аялды тепкен эмесмин” деп танган:

- Мен аялды тепкен эмесмин. Ал психологиялык жактан оорулуу аял экен. Адамдарга атырылып, машинелерди уруп, капотко чыгып отуруп алганга аракет кылган. Анан бизге коңгуроо болгон. Жарандардын тынчтыгын алып жатыптыр. Жаш балдарды кууп жүрүптүр. Анан биз 103кө чалып, аны догдурларга берип жибердик. Тепкен эмесмин. Жарандар карап турса, кантип тебем? Тепкен жокмун деп жатам мен сизге!

Окуядан он күн өтүп, коомдук жайда аялга зомбулук кылган милиционер жумуштан алынганы расмий кабарланды. Буга социалдык тармактардагы нааразылыктар себеп болгону айтылды.

Жарандык журналистика жана социалдык желелер боюнча адис Толкун Умаралиев адилеттүүлүккө жетүү үчүн интернеттин ролу негизги күчкө айланып баратканын белгилейт:

Толкун Умаралиев

- Өзбекстан сыяктуу адам укуктары тепселенген мамлекетте, көз карандысыз укук коргоочулар дээрлик жок болсо да, басым астында болгон коомдо социалдык тармактардын пайдасы тиет. Президентке миң жолу кайрылуу жолдосоңуз да, же милицияга, мамлекеттик кеңселерге бир канча ирет арыз жазсаңыз да сиздин даттанууңузду укмаксан болуу ыктымалдуулугу жогору. Ошондуктан эң оңой жолу, кандайдыр адилетсиздикти көрсөңүз аны сүрөткө же видеого тартып, Ватсап, Фейсбук же башка желелерге жарыялашыңыз керек. Албетте, өзүңүздүн да коопсуздугуңузду ойлогонуңуз дурус. Коомчулуктун пикири баары бир күчүн көрсөтөт.

Өзбекстандык милиционердин интернетке тараган сүрөттөрүнүн бири.

Өзбекстанда күч кызматкерлеринин, дегеле кандайдыр бир мамлекеттик кызматта иштегендердин карапайым калкты тилдеп, кол көтөргөнгө чейин барышы көнүмүш болуп калган. Ошондуктан эл аларга үн чыгарып сүйлөгөндөн айбыгышат.

Ага карабай соңку кездери өзбекстандык тартип сакчыларынын кылык-жоруктары тартылган видеолор интернетке байма-бай чыга баштады.

Былтыр декабрда Ташкендин Чиланзар районунда кумсалардын батирине бастырып кирип, аларды сабаган тартип сакчыларынын тасмасы тараган. Кийинчерээк ал милиционерлер жумуштан алынган. Кумсаларды келтектеген формачандардын погонун жыйын учурунда райондук милиция башчысы жулуп алган.

Андан мурдараак Ташкен шаарында милициянын токмогуна кабылганын айтып, арызданган аялдын өзү сот жообуна тартылган эле. Аны бийлик өкүлүнө каршы чыкканы үчүн жазалашкан.

Быйыл март айында Самарканда эки милиционер бир аялга күч колдонуп, машиненин багажына салганга аракет жасап жатканы тартылган видео чыккан. Окуя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жанында болгон.