Каримовду унутпаган өзбек медиасы

Өзбекстанда УзА улуттук маалымат агенттигиндеги өлкө башчысы тууралуу айрым маалыматтар талкуу жаратты.

Анда мындан бир канча жыл мурда ошол кездеги президент Ислам Каримов тууралуу жазылган кээ бир маалыматтардын айрым бир бөлүктөрү азыр сөзмө-сөз көчүрүлүп кайра коюлганы, болгону Каримовдун фамилиясынын ордуна азыркы президент Шавкат Мирзиёевдики аталганы аныкталды.

Ташкенттеги башкы расмий маалымат агенттик буга чейин президенттин сүрөттөрүн оңдоп-түзөп, боюн узартып, кыйла жашартып жарыялап келгени менен белгилүү эле.

УзА улуттук маалымат агенттиги жакында эле президент Шавкат Мирзиёевдин Ташкенттеги мавзолей менен Сузук-Ота мечитине барганы тууралуу маалымат жарыялады. Анда негизинен өлкө башчысы руханий жашоону өнүктүрүүгө көп көңүл буруп жатканы айтылат:

"Биздин өлкөнүн эгемен жылдарында абийир эркиндигин камсыздоо, толеранттуулук маселелерине, бул иштердин мыйзамдык базасын өнүктүрүүгө приоритеттүү маани берилет. Ишеним менен ынаным, мээримдүүлүк менен боорукердик, айкөлдүк менен берешендик биздин элдин руханий жашоосун байытууга негиз болуп берет. Биздин өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиеевдин жетекчилиги менен улуттук каада-салтты, баалуулуктарды, ыйык динибизди жандаттуу, биздин улуу ойчулдарыбызды баалуу мурасын изилдөө, алар жаткан жерге кам көрүү, тарыхый эстеликтерди сактоо боюнча чоң жумуштар жасалып жатат".

Кызыгы, куду ушул эле текст мындан эки жарым жыл мурун, 2014-жылы октябрь айында ошол кездеги президент Ислам Каримов Ташкенттеги Минор жаңы мечитинин ачылышына барганы тууралуу жаңылыкта жазылган. Бул УзА маалымат агенттигинде президент тууралуу кабарларда тексттердин сөзмө-сөз көчүрүлүп жатканынын бир эле мисалы эмес. Мындан бир канча жыл мурун толеранттуулук, Нооруз майрамы, мугалимдер жана башкалар тууралуу жазылган жаңылыктар да азыр Каримовдун ордуна Мирзиёев деп оңдолуп кайра жарыяланган.

"Президенттин (Ислам Каримов/Шавкат Мирзиеевдин) жетекчилиги менен билим берүү тармагында терең реформа жүрүп, квалификациялуу кадрларды даярдоо жана окутуунун мазмунун, сапатын жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатканы баса белгиленди".

УзА улуттук маалымат агенттиги тексттердин кайталанып коюлуп жатканы тууралуу кат түрүндө кайрылуу керектигин айтып, телефондон комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок өткөн айдын этегинде жазылган катка ушул күнгө чейин жооп бере элек.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы Сирожиддин Толибов расмий Ташкент мамлекеттик медиадагы президенттин аты аталган жаңылыктарга тыкыр көз саларын, жаңылыктар агенттигинин жетекчилери деле өздөрүн чектеп турарын белгиледи. Мурдагы президент тууралуу жазылган кабарлардын айрым бир бөлүктөрүн азыр деле көчүрүп жарыяланып жатканын эң ириде журналисттик жоопкерчиликтин жоктугу менен түшүндүрдү:

- Алар буга коомчулук көңүл деле бурбайт деп ойлошот. Мунусу деле бир чети туура. Анткени эл ушундай тажатма, такай кайталанган, Советтер союзунун тушунан бери калыптанып калган тексттерди окушпайт. УзА өзүнүн тексттерин көчүрүп кайталап жарыялай берет. Башка маалымат каражаттар алардан көчүрүшөт. Ошондуктан көп өзбек маалымат агенттиктеринде жана гезиттерде расмий маалыматтар окшош, тажатма. "Туруктуу өнүгүү" жана "Пахта жыйноо боюнча планды өз убагында аткаруу" өңдүү жаңылыктарды такай окугусу келгендер аз.

Шавкат Мирзиеевдин келиши менен өзбек жалпыга маалымдоо каражаттарында айрым бир өзгөрүүлөрдү байкоого болот. Мисалы, телеканалдарга буга чейин катуу тыюу салынган, бирок өлкөнүн жогорку бийлигине тиешеси жок айрым бир темалар жакындан бери талкуулана баштады.

2005-жылы Анжияндагы кандуу окуядан кийин жабылып калган Би-Би-Синин Ташкенттеги бюросу ишин кайра жандантары белгилүү болду. Бирок айрым эксперттер жаңы президенттин мындай аракеттери өзбек медиасындагы чыныгы өзгөрүүлөр болуп жатат дегенди түшүндүрбөй турганын белгилешет.

УзА улуттук маалымат агенттиги буга чейин президенттин сүрөттөрүн оңдоп, айрым учурда боюн узартып, бетиндеги бырыштарды тегиздеп койгону менен белгилүү эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.