Өзбек бийлиги сакалчандарды жүдөттү

Карикатура

Бухара шаарында жекшемби күнү өткөн футболдук мелдешти көрүүгө сакал койгон көрүүчүлөр киргизилген жок. Футболго күйөрман болууга келгендердин сакалына стадиондун кире беришинде милиция кызматкерлери көз салып турушту.

Жекшембиде «Бухара» менен «Навбохар» командаларынын жолдоштук мелдеши Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн. Каалоочулардын баары эле таймашты көрө алган жок. Маселен, «Бухара» командасынын күйөрманы футболдук беттешти көрүү үчүн стадионго жакын жердеги чач тарачка кирип чыгууга аргасыз болгонун айтты:

- Футбол көрүү үчүн стадионго бардык. Стадиондун кире беришинде миңдей адам туруптур. Ошол жерде жүргөн бир киши мени жеңден тартып четке алып чыкты да «сакалыңды алдырып кел, анан киресиң» деди. Менин кыйылып турганымды көрүп, мен сага жакшылыкча айтып жатам деди. Анан мен стадиондон 300 кадамдай ары жайгашкан чачтарачка кирип, сакалымды кырдырып келдим.

«Бухара» футбол клубунун дагы бир күйөрманы сакалчан кишилерди стадионго киргизбөө тууралуу милиция кызматкерлерине оозеки тапшырма берилгендигин айтты:

- Сакал койгон жаштарды футбол көрүүгө киргизбейт. 40-45 жаштан өйдө жаштагы сакал койгондорго унчукпайт. Азыр мындай тартип Өзбекстандын дээрлик бардык жеринде киргизилген.

Футбол күйөрмандарына сакал койгон жаштар оюн көрүүгө киргизилбейт деп алдын ала эч ким эскерткен эмес. Сакал тууралуу эскертүү оюнга билет сатылып жатканда да айтылбаган. Стадиондун эч бир жеринде сакал койгон жаштар тууралуу эскертүү жок. Укук коргоочулар күч органдарынын мындай көмүскө аракетин адам укуктарын тепсегендик деп баалашууда.

- Сакал койгон мусулмандардын коомдук жайларга кирүүсүн чектөө – бул жарандардын дин тутуу эркиндигин чектөөгө жатат, – дейт «Борбор Азиядагы адам укуктарына» адистешкен бирикменин Европадагы жетекчиси Надежда Атаева.

Өзбекстандагы диний коомчулуктун өкүлдөрү да мусулмандардын сакал-мурутуна чейин азыркыдай талаптарды коюуга эч кимдин акысы жок деп эсептейт.

Соңку кезде Өзбекстанда сакалчан адамдарга кысым кыйла күчөгөн. Маселен, бир аз сакалы өскөн студенттерди окуу жайга киргизбей койгон, сакал койгон жаштарды базарлардан жана көчөлөрдөн милиция кармап кетип, суракка тартуу кадимки көрүнүшкө айланган.

Орозо айынын башталышы менен коңшу өлкөдө кафеде, ресторанда жана чайханаларда жапырт ооз ачырууларды өткөрүүгө бийликтер тыюу салат.

Өткөн орозо айында өлкө боюнча кеңири масштабда “жоолуктарды чечтирүү” кампаниясы жүргөн.