Өзбекстандык авангард сүрөтчүнүн көргөзмөсү Лондондо

Сулуулар, сүрөттөн фрагмент, Александр Волков, 1920-ж.

Александр Николаевич Волковдун "Кумдан жана Жибектен" деп аталган көргөзмөсү Британиянын баш калаасындагы атактуу Кристи аукцион борборунда өтүп жатат.
1886-жылы Фергана шаарында туулуп, өмүр бою Борбор Азияда жашап өткөн Волковдун көргөзмөсү 4-сентябрда ачылды. Көргөзмөнүн куратору Маруерт Калиева "Азаттыкка" мындай деди:

- Александр Волковду Борбор Азияда абдан жакшы билишет. Ал Өзбекстанда 20-кылымдын башындагы көркөм өнөрдүн негиздөөчүсү саналат. «Волковдун бригадасын» түзүп, сабак берген сүрөткер Түркестан авангардынын негиздөөчүсү катары белгилүү. Өзбекстандагы Волковду 1935-жылы жарык көргөн китебинде Колин «Өзбекстандын маданиятындагы эң бир жаркын феномендердин бири» деп мүнөздөгөн.

Волков сүрөт тартууну Санкт-Петербургда жана Киевде окуган, 1916-жылы Өзбекстанга кайтып келген.

Лондондогу көргөзмөгө Волковдун алгачкы 50 чакты сүрөтү тандалып алынган.

Анын сүрөттөрүндө символизм, кубизм өңдөнгөн ошол кездеги эң заманбап Батыш стилдери менен борбор азиялык салттуу чыгармачылык усулдар чеберчилик менен айкалыштырылган.

1957-жылы Өзбекстанда көз жумган Волковду жалпы эле орус көркөм өнөрүндөгү эң бир кайталангыс феномен деп эсептешет. Калиева көргөзмөгө кызыгуу зор экендигин мындайча бышыктады:

- Кызыгуу зор. Ачылышына 400дөй киши катышты. Мындан тышкары бир нече иш-чара өткөрдүк. Анын ичинде Каракалпакстанда азыр музейи бар советтик авангарддын таанымал өкүлү Игор Савицкий тууралуу «Тыюу салынган өнөрдүн чөлү» деген даректүү тасманы көрсөттүк. Андан да билеттер бүт сатылып кетип, көргөзмөгө абдан көп киши келди.

Кристи көргөзмөсүнө Волковдун сүрөттөрү жалаң жеке коллекциялардан чогултулду. Сүрөттөрдүн көбү Москвадан болду, бири Украинадан, бири Испаниядан алынып келинди. Көргөзмө 24-сентябрда аяктайт.

Көргөзмө тууралуу Кристи аукционунун расмий сайтынан англисче окуй аласыз.