Борбор Азиянын Фрэнк Синатрасы

Камилжан Атаниязов. (Архивдик бул сүрөттүн качан тартылганы белгисиз.)

Ушул жумада Камилжан Атаниязовдун 95 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Атагы таш жарган өзбекстандык бул ырчы тууралуу эл оозунда көп аңыз кеп бүгүн да айтылып келет.
Өзбек-түркмөн элдеринин Фрэнк Синатрасы (америкалык атактуу ырчы, актер, шоумен 1915-1998) саналган Атаниязов көп ырларды түркмөн тилинде ырдаган, болгондо да Махтумкулинин диний мазмундагы саптары менен катар, эротикалык ырларды созгон. Өзбектер түркмөнчө анча түшүнө билбегендиктен, жабылуу аяк жабылуу бойдон калган.

Өзбекстандагы бүгүнкү күндөгү эң атактуу ырчы, анжиандык Шерали Жураев Атаниязовду устатым деп санайт. Кызыгы, Жураев Атаниязовду өмүрүндө бир гана жолу көргөн. Жураев ал кезде кичинекей бала экен, Атаниязов шайырлар менен машыгып жаткан жерге кирип, отургучтун астына жатып алып, атагы таш жарган ырчыны угуп отурат. Кайсы бир жол менен анын мында экенин сезген Атаниязов болочок ырчыны кармап алат. Кармап алып, көчүккө тээп, кууп чыгат!

Атаниязов Индияга барганда ыраазы болгон индустар ага пилди белекке беришкен экен. Пилди СССРдин Делидеги элчилигине алып барышканда, дипломаттар айран таң калып, акыры ал жаныбар Москвадагы зоопарктан орун табат.

Ырчы тууралуу аңыз кептер да аз эмес. Алардын бири мындай: Камилжан Атаниязов бир ирет араб өлкөсүнө барганда молдолор бизде муазиндер да мындай үн созо албайт, мунун оозуна микрофон салып коюшса керек деп атайын комиссия чакыртышат. Комиссия ырчынын ооз көңдөйүн карап, эч нерсе таба албай, ырчыны зор ызаат менен узатышат.

Атаниязовду советтик бийликтер кыртышы сүйгөн эмес. Анткени ал тапкан акчасын жетим-жесирлерге карматып, же балдар бакчасын курдурчу. Албетте жеке демилгеге жол бербеген советтик бийликке бул жаккан эмес. Ошого карабастан, концерттеринде элден мүшөктөп акча жыйнаган ырчы кайсы бир жолдор менен жергиликтүү аткаминерлердин көңүлүн алып, дайыма көздөгөн курулуштарды бүткөртүүгө жетишкен.

Бирок советтик Өзбекстандагы сатиралык "Муштум" журналына аны аялча кийиндирген шакаба сүрөтү чыкканда, ырчынын көңүлү кирдеп, бир колу шал болуп калат. Дутар чала албай калат, бирок эл сүймөнчүгү ырды таштаган эмес.

Берешен ырчы жетим өскөн, кечке бирөөнүн коюн багып, акысына жарым нан алчу экен. Ырдан канчалык колу бошобосо да, Атаниязов беш маал намазын таштабаптыр.

А тургай Компартиянын съезддеринде ырдап жатып, анан көшөгөнүн артынан бир кычыкта намазга жыгылганын көрүп калган бирөө өйдө жакка жеткирип барат. Ал функционер токпейил адам болсо керек, «мейли эми, окуй берсин, эч кимге айтпа» деп коюптур...