Өзбек агенттиги Кытай лидерин кичирейтип салды

Си Цзинпиндин бою кичирейтилип, өзбек кабар агенттигине чыккан сүрөт.

Өзбекстандын Улуттук кабар агенттиги ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары чогуу түшкөн сүрөттө Кытайдын лидери Си Цзинпиндин боюн кыскартып, өзбек президентине теңеп коюшу интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга түштү.

Өткөн жумада Башкырстандын борбору Уфада өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары адаттагыдай эле чогуу сүрөткө түшкөн. Анда Кытайдын жетекчиси Си Цзинпин өзбек президенти Ислам Каримовдун жанында туруп калган. Анын бою 180 сантиметр келип, Ислам Каримовго караганда 10 сантиметрдей узун. Бирок Өзбекстандын улуттук кабар агенттигинин сайтына чыккан сүрөттө экөөнүн бою бирдей көрүнөт.

Башка өлкөлөрдүн маалымат агенттиктери чыгарган ушундай эле сүрөттө Цзинпин жанындагы Каримовдон алда канча узун болуп турат. Демек сүрөттөрдү салыштыра келгенде анын бою атайлап кыскартылганы дароо эле байкалат.

Фотошоп болбогон сүрөттө кытай лидеринин бою өзбек президентинен узун экенин көрүүгө болот. 10-июль, 2015-жыл

Мындай өзгөрүүнү алгач "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы Фарух Юсуфи байкап калган. Ал өзбек медиасы бул саммитти кандай чагылдырганын карап отуруп, кокустан эле сүрөттөгү айырманы көрүп калганын айтат:

- Эми Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун сүрөттөрүн фотошоп аркылуу оңдоп-түзөө, бетиндеги чотурларды кетирүү менен жылмалап кайра иштеп чыгуу, жашартып көрсөтүү көнүмүш көрүнүш. Бул жаңылык эмес. Бирок башка бир өлкөнүн башчысын минтип чыгаруу буга чейин болгон эмес. Болгондо да Кытай сыяктуу ири өлкөнүн жетекчисин минтип кичирейтип коюу дипломатиялык жаңжалга да себеп болушу мүмкүн. Ага тийбей, өзбек президентинин боюн узартып коюшса да бир жөн эле.

Ошентип бул тууралуу "Азатыктын" өзбек кызматы биринчи болуп жазып чыгып, аны башка өзбек сайттары да көчүрүп жарыялайт. Бирок макаланын автору Фарух Юсуфи ал сүрөт улуттук маалымат агенттигинин сайтында дале ошол бойдон турганын, кытай тараптан да азырынча эч кандай реакция байкалбаганын кошумчалады.

Канткен менен бул маселе интернет коомчулугунда кызуу талкууланып, ар кандай пикирлерге жем таштады.