Үйсүз калган үлүшчүлөр бийликтен жардам сурады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Октябрь районуна караштуу Каралаев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде 2017-жылы курулушу башталып, ушул күнгө чейин бүтпөй турган үйдөн батир алгандар бийликке кайрылды. Алар “Билд Консалд” компаниясынан 2017-жылдан 2021-жылга чейин батир алып, бирок алданып калганын айтууда.

Акыркы акчасын берип, мүлкүн сатып үйлүү болом дегендер азыр батирден батирге көчүп жашоого аргасыз экенин даттанды.