Сириядагы Орусиянын аба соккулары суроо жаратты

Сириядагы орус учактарынын бомбалоосу. Орусиянын Коргоо министрлигинин тасмасынан алынган кадр

Орусия Сирияда аба соккуларын баштаганына байланыштуу АКШ жана Орусиянын аскердик эксперттери чукул арада кездешет.

Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Сирияда капилет кагылышып кетүүсүн болтурбоо маселеси талкууланат.

Бул жөнүндө АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 30-октябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынан тыш убакта өткөн баарлашуудан соң жарыялашты.

Сирияда Орусиянын аскерлери менен АКШ башындагы коалиция байкоостон салгылашып кетет деген кооптонуу 30-октябрда Орусиянын аба күчтөрү өлкөдөгү “Ислам мамлекети” тобуна биринчи жолу сокку ургандан кийин күчөдү. АКШ мамкатчысы Жон Керринин орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен болгон сүйлөшүүдөн кийин айтканына караганда, андай кокустуктун алдын алуу боюнча сүйлөшүү балким 1-октябрда болуп калышы мүмкүн. Анын айтымында, авиасоккулар эл аралык террорчуларга урулса, аны Вашингтон колдойт.

Бирок Москванын Сирия президенти Башар Асадды колдоп жатканы жана орусиялык учактардын буталарды тандоосу АКШны тынчсыздандырат деди Жон Керри.

- Бирок Орусиянын соккулары “Ислам мамлекети” уюму менен “ал-Каиданын” бучкактары турган аймактарга урулбаса, бизди аябай тынчсыздандыра турганын ачык билдирдик. Бул сыяктуу соккулар Орусиянын ИМ менен чындап күрөшүү ниети барбы же Асаддын режимин коргоону көздөйбү деген суроо жаратат.

Орусиянын Коргоо министрлиги анын учактары ИМдин Сириядагы сегиз жайына сокку урганын билдирип, бирок ал жерлердин дарегин айтпады.

Башар Асаддын аскерлери менен согушуп жаткан Эркин Сирия армиясынын жоокерлери, 17-июль, 2015-жыл

Авиачабуулду АКШнын жана Батыштын бийлик чөйрөлөрү жабыла сындашууда. Алар себеби авиасокку согушчандардын өңүттөрүнө эмес, Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн байистүү оппозициянын кол астындагы аймактарга урулду дешүүдө.

АКШнын коргоо министри Эш Картер орусиялык учактардын согушчандар жок аймактарга сокку уруусу Сириядагы ич ара согушка дагы тукурук таштайт деп, Москва авиачабуул жөнүндө Вашингтонго ырасмий түрдө кабарлабаганын айтты.

“Орусиянын Сириядагы интервенциясы ал жактагы алаамат согушту дагы узартып, татаалдантат. Андан Асаддын режими жараткан этностук жана жаатчылык бөлүнүүдөн кубат алган “Ислам мамлекети” гана утат”, - деп билдирди шаршемби күнү Сенаттын аскерлерди тейлөө комитетинин төрагасы Жон МакКейн.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус да БУУнун Нью-Йорктогу кеңсесиндеги брифингде сокку согушчандар көзөмөлдөбөгөн аймакка урулган окшойт деп каңкуулады.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиядан Сириядагы аракеттери боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырды.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Йоркто Жон Керри менен сүйлөшүүдөн кийин жогорудагыдай кооптонууларды негизсиз деп четке кагып, авиасоккулар Сириянын аскер командачылыгы менен макулдашылып урулганын билдирди. Ал бирок Сириянын болочогу боюнча Москва-Вашингтон арасында келишпестик бар экенин тастыктады.

- Биз баарыбыз Сирия демократиялуу, бирдиктүү, дүниябий болушун, бардык этностук жана конфессиялык топтордун укуктары сакталганын каалайбыз. Бирок ага жетишүү жана анын деталдары боюнча бизде кээ бир айрымачылыктар бар...

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри. Нью-Йорк, 30-сентябрь, 2015-жыл

Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем Дамаск Орусиянын авиачабуулдарын колдогонун билдирип, Франция жана башка өлкөлөрдү Асаддын өкмөтү менен масилээттешип туруп гана согушчандарга сокку урууга үндөдү.

Батыш колдогон Сирия Улуттук оппозициясынын башчысы Халид Кожанын билдиришинче, орусиялык учактар ортолуктагы Хомс провинциясына урган соккудан 36 жаран, анын ичинде 5 бала набыт болгон.

Батыш өлкөлөрү Асаддын режимин Сириядагы төрт жылдан берки жарандык согушта набыт болгон көпчүлүк адамдардын өмүрү үчүн жооптуу деп билишет. Бул согушта 240 миң адам өлгөн. Июль айында БУУнун маалымдашынча, согуштан улам 4 миллиондон ашык сириялык тыш өлкөлөргө чыгып кеткен жана Сириянын өзүндө 7 миллион жаран үй-жайсыз бозуп жүрөт.