12-июнда АКШ Сенатынын эл аралык байланыш комитети Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү макулдашты. Ал жалпысынан Кошмо Штаттардагы былтыркы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүү, Крымдын аннексияланышы жана Сирияда Башар Асаддын режимин колдоого байланыштуу болду.
Тактап айтканда, санкциялар адам укуктарын бузган, сириялык режимге курал жеткирген жана орус өкмөтүнүн атынан киберчабуулдарды жүргүзгөн делген орусиялыктарга салынмакчы.
Санкциялардын кесепети айрым тоо-кен, металл, кеме жана темир жол транспорттук ишканаларына жана башка маанилүү экономикалык долбоорлорго да тийет деп болжолдонууда.
Жаңы демилге Иранга киргизилген санкциялар боюнча мыйзамга толуктоо катары киргизилип жатат.
Анда эгер Ак үй Москвага карата санкцияларды жумшартууну, токтото турууну же таптакыр жоюуну Конгресстин уруксаты менен гана жасай алат деген жобо кошулду.
Комитетте долбоорду демократтар да, республикачылар да колдогондуктан жалпы Сенат деле кабыл алат деп күтүлүүдө. Добуш берүү ушул жумага пландалган. Ал толук кандуу мыйзамга айланышы үчүн Өкүлдөр палатасынын элегинен өтүшү керек жана ага АКШ президенти Дональд Трамп кол коюусу шарт.
Трамп талапкер кезинде Орусияга карата санкцияларды жумшартарын билдирип келген. Анын пайдасы үчүн АКШдагы шайлоого кийлигишкенин Орусия да, Трамп да четке кагып келет. Ушундан улам эгер президент четке каккан күндө деле демилге Конгресстен жетишерлик колдоо тапса ветону аттап өтүүгө мүмкүн болору болжолдонууда.
Ошол эле учурда Сенаттагы эл аралык маселелер комитетинин төрагасы Боб Коркер долбоорду мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен талкуулаганын, вето ыктымалдыгы аздыгын айтууда.
Ал эми Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер:
- Бул кошумча санкциялар Орусияга же биздин шайлоого кийлигишкиси келген башка кайсы гана өлкөгө болбосун жазасын алышат деген кош партиялуу кубаттуу белги,.
Мындан тышкары мыйзам долбоору Борбордук жана Чыгыш Европадагы мамлекеттердеги демократиялык институттарды бекемдөөгө жана дезинформацияга каршы турууга кубаттуу колдоо көрсөтүүнү камтыйт.
Санкциялардын жаңы толкуну ошентип “кансыз согуш учурундагыдай”, “качандыр бир болуп көрбөгөндөй төмөнкү деңгээлде” деп сүрөттөлгөн АКШ-Орусия мамилесин бекемдөөдөн алыс. Буга 13-июнда Кошмо Штаттардын коргоо министринин айтканы мисал:
- Мен мырза Путин биз менен позитивдүү мамиле түзүүнү каалаганын билдирген белгини көрбөй турам. Бул биз аларга бара албайбыз дегенди билдирбейт. Анткени биз тил табышуу жолдорун издеп атабыз. Бирок ушул тапта ал биз менен стратегиялык атаандаш болууну чечти, деди министр Жеймс Мэттис.
Москва азырынча бул жаңылыкка кенен жооп бере элек. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков ыктымал жаңы санкцияларга байланыштуу кырдаалга “кылдат көз салып” турушканын билдирди.
Бул киберчабуулдарга шектеген жаза чарасынын биринчиси эмес. Барак Обама президенттиктен кетип жаткан учурда да бир катар орусиялык кызмат адамдарына санкция киргизип, 35 орусиялык дипломатты АКШдан чыгарган.
Орусиянын Украинадагы агрессивдүү аракеттери үчүн АКШ жана Евробиримдик буга чейин да экономикалык санкцияларды салышканы белгилүү.