Обама Москванын сунушуна ынанды

Президент Барак Обама Ак үйдөн телекайрылуу жасады. 10-сентябрь, 2013-жыл.

АКШ президенти Барак Обама Орусиянын Сирия боюнча жаңы демилгесине мүмкүнчүлүк бериш керек, бирок баары бир армия аскерий операцияга даяр турат деп билдирди.
Шейшемби кечинде Ак үйдөн жасаган телекайрылуусунда Обама Москванын планы “ийгиликке алып келет деп айтууга азыр эрте” деп, айрым “үмүт жараткан ишараларга” токтоло кетти:

- Сириянын режими химиялык куралы бар экенин моюнга алды. Атүгүл андай куралды колдонууга тыюу салган Конвенцияга кошулуу ниетин билдирди. Сөз болгон сунуштан канчалык майнап чыгарын айтуу эрте. Асад режими милдеттенмелерин аткарып жатканын текшерүү керек. Бирок бул демилгенин химиялык курал коркунучунан күч колдонбостон арылуу потенциалы бар. Себеби Орусия Асаддын жакын өнөктөштөрүнүн бири.

Ошол эле маалда америкалык куралдуу күчтөр Асадга кысым көрсөтүү максатында же дипломатиялык аракеттер жыйынтык бербесе, аскерий операция баштоого даяр тура берет.

Орусия жетекчилиги 9-сентябрда жарыялаган планга ылайык, эл аралык байкоочулар Сириядагы химиялык курал кампаларын өз көзөмөлүнө алышмакчы. Кийин ал курал жок кылынат. Шейшембиде Сирия өкмөтү бул сунушка макул болду.

Обама Орусия президенти Владимир Путин менен консультацияларды уланта берээрин айтты. Аны менен бирге, АКШ, Франция жана Британия менен кошо Коопсуздук кеңешинин резолюциясы боюнча Орусия жана Кытай менен иштешмекчи.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри бейшембиде Женевада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат деп күтүлүүдө.

Вашингтон 21-августта Дамасктын четиндеги райондордо болгон газ чабуулун өкмөттүк армия ишке ашырганын, аны бышыктаган далилдери бар экенин айтып келатат. АКШ чабуулдан 1 миң 400дөй киши, анын ичинде 400 бала каза тапканын ырастоодо.

Обама бул кайрылуусунда скептикалык маанайдагы америкалыктарды чектелүү аскерий соккунун зарылдыгына ынандырууга аракеттенет деп күтүлгөн эле.

Анын ордуна президент Конгресс жетекчилеринен күч колдонууга уруксат берүү маселесин колго салууну кийинкиге калтырууну сурады.

Барак Обама Дамаск бийлигине каршы сокку уруу зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:

- Биз чара көрбөсөк, Асад режими химиялык курал колдонууну уланта берет. Башка зулумчул жетекчилер ойлонбостон уулуу газ алып, колдоно берсе болот экен деп калышат. Болочокто биздин жоокерлер уруш майданында химиялык куралга туш болушу ыктымал. Террордук уюмдар андай куралды тоскоолдуксуз сатып алып, карапайым элге каршы пайдаланышы мүмкүн.

Президент ыктымал аскерий операция масштабы жана мөөнөтү жагынан чектелүү болорун, бир да америкалык аскер Сирия жергесинде согушпасын кайталады.

Маршалл фондунун коопсуздук жана коргоо маселелери боюнча аналитиги Марк Якобсон Обаманын сөзүн мындайча комментарийледи:

- АКШ дипломатиялык чечим табууга чын дилинен аракеттенгенин Орусия эми түшүнөт деп ойлойм. Бирок Кошмо Штаттар аскерий сокку ыктымалдыгын күн тартибинен алып салган жок. Обама кайсы бир деңгээлде мунасага жакындагансыды. Орустар БУУнун Коопсуздук кеңеши үчүн даярдаган сунуштарды дароо четке каккан жок. Ошол эле мезгилде, менимче, Сириянын химиялык куралын өткөрүү процессинде кысым көргөзгөн бир механизм керек деген оюн так билдирди.

Америкалык жетекчилик Орусиянын сунушу алаксытуу тактикасына айланып кетиши мүмкүн деген көз карашын жашырбайт.

Ал эми БУУнун резолюциясы боюнча бир пикирге келүү оңой болчудай эмес.

Шейшембиден бери Франция иштеп чыккан долбоор талкууланууда. Документке Сирия 15 күн ичинде БУУнун инспекторлоруна химиялык курал сакталган бардык объектилерди ачууга милдеттүү деген шарт киргизилген. Андай болбосо, Асад режимине каршы санкциялар же куралдуу жазалоочу чаралар киргизилет.

Орусия бул долбоорду “кабыл алынгыс” деп атады.