АКШ президенти Азияга барбай калды

АКШ президенти Барак Обама Азияга мерчемделген сапарын токтотту. Ак үйдүн түшүндүрмөсүнө караганда, бул өлкөдөгү бюджеттик кризиске байланыштуу.
1-октябрдан тарта АКШнын федералдык бийликтери Конгресстеги республикачылар менен демократтар бюджет боюнча мыйзам долбоорун макулдаша албагандыктан, мамлекеттик мекемелердин 700 миңден ашуун кызматкерин акы төлөнбөгөн эс алууга жөнөткөн.

Президент Барак Обама мурдараак Азияга мерчемделген сапарынын жарымын кыскартып, Малайзия менен Филиппинге барбай турган болду эле. Эми Бруней менен Индонезияга баруудан да баш тартты. Ал Түштүк-Чыгыш Азиянын аталган төрт өлкөсү боюнча сапарга 5-октябрда аттанмак. Мындан улам эки эл аралык жыйын, анын ичинде Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын саммити америкалык лидерсиз өткөнү турат. Аларга Обаманын ордуна мамлекеттик катчы Жон Керри катышат.

Ак үйдүн түшүндүрмөсүнө караганда, президенттин чечими “бюджеттик кризистен улам эл аралык сапарларды ишке ашыруудагы кыйынчылыктар” менен байланыштуу. Ак үй ошондой эле президенттин дүйнөнүн эң тез өнүгүп келаткан ири регионуна мерчемделген сапарынын токтотулушу үчүн жоопкерчиликти республикачыларга жүктөдү.

Анткени бийликтеги демократтар менен оппозициядагы республикачылар АКШда 1-октябрда башталган жаңы каржы жылынын бюджетин макулдаша албаганы өлкөдө федералдык бюджет каржылаган мекемелердин ишинин жарым-жартылай токтошуна алып барды.

3-октябрда Вашингтондун чет жакасында чакан бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуусунда президент Барак Обама республикачылар чындап кааласа, бюджет кризисин “беш мүнөттө” чечип коюшарын белгилеп:

- Өкмөттүн иши токтошунун, адамдар ишке баруусуна, фундаменталдык изилдөөлөр кайра башталуусуна, фермерлер менен чакан бизнестин өкүлдөрү насыя алышына тоскоолдук коюлушунун, Эл өкүлдөр палатасынын спикери Жон Бейнер мыйзамды ооба же жок деген добушка койбой жатышынын жападан жалгыз себеби - партиясындагы экстремисттердин кыжырын кайнатууну каалабаганы.

Араздашуу доллар кунун түшүрүүсү мүмкүн

Вашингтондон түшкөн кабарларга караганда, АКШдагы бюджеттик кризис алдын алынмак, бул үчүн Өкүлдөр палатасында колдоо деле жетиштүү болчу. Бирок республикачылардын сексендей конгрессмен кирген тобу мыйзам добушка салынышына жол берген эмес.

Бюджеттик кризистен улам АКШда улуттук парктар менен музейлер да жабык турат. Вашингтондогу зоопарктын жабыктыгын эскерткен белги. 1-октябрь, 2013-жыл.

Сынчылар ал топту “анархисттер” деп атап, атүгүл “саясий терроризм” үчүн айыпташат. Колдоочулары болсо аларды “принцибинен кайтпагандар” жана “сөзүнө тургандар” деп билишет.

Президент Обама республикачылардын каршылыгын саламаттыкты сактоо реформасы менен байланыштырып келүүдө.

Ал 3-октябрдагы сөзүндө Конгресстеги республикачыларды бюджет мыйзамын тез кабыл алууга чакырып, кризистин создугушунун таасири жалпы дүйнөгө сезилерин эскертти:

- Кошмо Штаттар дүйнөлүк экономиканын борбору. Эгер бизде чыңалуу жаралса, баары зыян тартат, бүткүл дүйнөдө проблема болот. Биздин эсептерди төлөбөө боюнча коркуткандардын эч кимиси муну эмнегидир ойлонгон жок. Бул жоопкерсиздиктин эң жогорку чеги болмок. Мен бул боюнча мурда да айткам, азыр да айтам, эч кандай сүйлөшүү болбойт.

АКШдагы бюджеттик кризистен дүйнөлүк экономикага терс таасир тийерин Эл аралык валюта кору да айтууда. Кордун аткаруучу директору Кристин Лагард Вашингтондогу басма сөз жыйында, америкалык саясатчылар карыз чегин көтөрүүнү макулдашып, ыктымал дефолттун алдын албаса, анда глобалдык экономикага олуттуу сокку уруларын эскертти.

Карыз боюнча Конгресс белгилеген 16,7 миллиард доллардык чекке АКШнын федералдык өкмөтү 17-октябрда жетет деп күтүлүүдө. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги белгилегендей, эгер карыз чегин көтөрүү боюнча макулдашуу жетишилбей, өкмөт өз милдеттенмелерин аткара албай дефолт болсо, анын “катастрофалык кесепеттери каржы базарларына эле эмес, жумушчу орундарды түзүү ишине, керектөө базарына, экономикалык өсүшкө да тиет”.

Кокус өкмөт дефолт болсо, Каржы министрлиги эскерткендей, доллар нарксызданышы, насыялардын үстөк пайызы өсүшү мүмкүн. Мунун таасири дүйнөнүн башка аймактарында да сезилет. Бюджеттик кризистен улам АКШнын каржы базарларында баалуу кагаздардын баасы бейшембиде үчүнчү күн катары менен төмөндөдү.