Клэппер лидерлерди тыңшоо максатын түшүндүрдү

Code Pink уюму уюштурган митингдин катышуучулары "Аңдыганды токтоткула" деген көз айнек тагынып жүрөт. Конгресстин алды. Вашингтон. 29-октярь 2013.

Чет мамлекеттердин лидерлерин тыңшап, аңдуу - бардык өлкөлөр үчүн мүнөздүү көрүнүш.
Анда ишти жалгыз эле АКШнын чалгындоо кызматтары эмес, башка өлкөлөрдүн да тийиштүү мекемелери аткарып жүрөт. Кошмо Штаттардын улуттук чалгындоо кызматынын директору Жэймс Клэппердин айтышынча, чалгындоо маалыматтары бөтөн өлкөлөрдүн жетекчилеринин ниет-ыкласын билүү үчүн зарыл. Клэппер бул жөнүндө Өкүлдөр палатасында болгон ачык талкууда билдирди.

АКШнын чалгындоо кызматтары Европа мамлекеттеринин башчыларынын жана жарандарынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаптыр деген кабардан улам чыккан нааразылыктарга байланыштуу Өкүлдөр палатасы атайын талкуу өткөрдү.

Берегидей материалдарды АКШнын Улуттук чалгындоо агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден жарыялаган эле. Конгрессмендер алдында АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын мүдүрү Жэймс Клэппер түшүндүрмө берди:

- Бул узак жылдык өсүмдүк. Мен 50 жылдан бери бизнести анализдейм. Чет элдик жетекчилер өз ниетин кандай формада айтпасын, аларды топтоо жана талдоо биздин ишибиздин негизги принциби.

Улуттук чалгындоо кызматынын мүдүрү Жэймс Клэппер Өкүлдөр палатасындагы угуу учурунда. 29-октябрь, 2013

Клэппер Германиянын канцлери Ангела Меркелдин уюлдук телефону тыңшалганы тууралуу кабарды тастыктаган жок. Бирок союздаштар, анын ичинде Евробиримдик да Кошмо Штаттарда улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында “шпиондук” кылат деди.

Өкүлдөр палатасынын Чалгындоо иштери боюнча туруктуу комитети уюштурган угууга Клэппер менен кошо Улуттук чалгындоо агенттиги - НСАнын мүдүрү, генерал Кит Александер да чакырылды. Ал Кошмо Штаттар европалыктарды үргүлжүң аңдыйт деген кабарды калпка чыгарды:

- Франциянын Le Monde, Испаниянын El Mundo, Италиянын L’Espresso гезиттеринин кабарчыларынын НСА он миллиондогон жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшайт дегени бүтүндөй жалган. Алар башкарууга зарыл керектүү маалыматтар топтолгон сайтты тартып алышкан. Бирок алар да, жашыруун маалыматтарды уурдаган адам да монитордон эмнени көрүп жатканын түшүнүшкөн эмес.

Генерал Александер 2001-жылдын 11-сентябрындагы 3 миңдей адамды жайран кылган кыйракандан бери АКШда андай апааттын болбогону чалгындоо кызматтарынын ишмердигинин натыйжасы экенине да токтоло кетти. Анын бул сөзүн республикачыл Фрэнк ЛаБиондо да колдоду.

АКШнын улуттук коопсуздук агенттигинин (NSA) Берлиндин Тюфельсберг дөңүндөгү мурдакы тыңшоочу станциясындагы аппараттын кабелдери. 30-июнь, 2013

Бирок кээ бир парламентарийлер чалгындоо кызматтары союздаштардын үстүнөн тыңчылык кылганын жаап-жашырганын сынга алышты.Мисалы, иллинойстук демократ Ян Шаковски:

- Мамлекет лидерлери тыңшалып, аңдылганын эмне үчүн биз билбейбиз. Бул эмне үчүн маанилүү. Анткени саясий маселелер келечекке таасир этет. Бул АКШны кыйын абалга такап коюшу мүмкүн,- деди.

Республикачыл Адам Шифф болсо Конгресстин тийиштүү комитетине өзүнүн “маанилүү” ишмердиги тууралуу маалымдоо чалгындоо кызматтарынын милдети экенин эске салды. Жана Клэпперге кайрылып, эгер маалымат Конгресске жөнөтүлсө, ал купуялуулугун жоготот деген сөзүнүн төркүнүн түшүндүрүп берүүнү сурады:

- Эгер маалымат Чалгындоо комитети менен чогуу пайдаланганга өтө опурталдуу болсо, ал эмне үчүн төмөнкү талдоочу Сноуден үчүн ачык болгонун түшүнүү мага кыйын болууда.

Өкүлдөр палатасындагы талкуунун ыраатын сырттан келип угуп отургандардын бири бузуп койду. Ал: "Бизди аңдыганды токтоткула,” - деп галереядан чыгып кетти.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин Ак үйдөгү жана Конгресстеги булактарга шилтеп жазышынча, президент Барак Обама азыр чалгындоо кызматы АКШга союздаш өлкөлөрдүн жетекчилерин тыңшоону токтотуусу керекпи же жокпу деген суроону таразалап жаткан кез.