АКШ: араздаштырган курал мыйзамы

Демократ конгрессмендердин нааразылык акциясы. 22-июнь, 2016-жыл.

АКШ Конгрессинде куралды көзөмөлдөө мыйзамы боюнча талаш-тартыштар адаттан тыш аракеттерге алып барды.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын Демократиялык партиядан мүчөлөрү 22-июнда бул мыйзамдын добушка коюлушун талап кылуу менен башка маселелердин каралышына жол бербей, сессия залынын полуна отуруп да алышты.

Конгрессте азыр азчылыкты түзгөн демократтар куралды көзөмөлдөө боюнча мыйзам эл өкүлдөрү сессиясын расмий жаап, жайкы каникулга тараганга чейин добушка салынып, кабыл алынуусун талап кылышууда.

Демократ-конгрессмен, жарандык укуктар боюнча кыймылдын ардагери Жон Льюис:

- Биз мындан ары күтө албайбыз, чыдай да албайбыз. Бул кийинки айда, кийинки жылда эмес, бүгүн керек. Биз Эл өкүлдөр палатасынын жетекчилигин куралды көзөмөлдөө мыйзамы боюнча кепке келүүгө чакырабыз. Бизге добуш бергиле, бизге добуш берүүгө мүмкүнчүлүк бергиле. Биз бул жерге өз ишибизди жасоо, иштөө үчүн келдик.

Конгрессте демократтардын “мыйзам жок - тыныгуу жок” деп аталган акциясы учурунда “демократтар көтөрүлгүлө, америкалыктар көтөрүлгүлө!” деген чакырыктар да жасалды.

Демократиялык партиянын жүзгө жакын мыйзамгери сессия залынын трибунасын ээлеп алып, кыйкырып жатышты. Алар спикер Пол Райан сессияны алып баруусуна, күн тартибиндеги башка мыйзамдардын добушка коюшуна да тоскоолдук жасашты.

Конгресстеги кайым айтышуулар. 22-июнь, 2016-жыл.

Демократ конгрессмендер андан ары нааразылык акциясын сессия залынын полуна отуруп алуу менен улантышты.

Куралга көзөмөлдү күчөтүүнү караган жаңы мыйзам жакында Флорида штатынын Орландо шаарындагы кыргындан кийин сунуш кылынган эле. Анда түпкү теги боюнча америкалык ооган Омар Матин түнкү клубда жарым автоматтык куралдан ок ачуу менен 49 адамдын өмүрүн кыйып, дагы 50дөй кишини жарадар кылган.

Жаңы мыйзам долбоор курал сатып алуучу адамдарды дыкат текшерүүнү жана террористтик ишмердикте шектелип, атайын кызматтардын тизмесине киргизилген адамдарга курал сатылышына такыр эле тыюу салууну карайт.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасына чейин бул маселе 20-июнда Сенатта да каралып, бирок ал жердеги добуш берүүдө мыйзамдын демократтар да, республикачылар да даярдаган версиялары өтпөй калган болчу.

Сенатта көпчүлүктү түзгөн республикачылардын лидери Митч МакКоннелдин 22-июндагы билдирүүсүнө караганда, ал эми куралды көзөмөлдөө боюнча эки партия даярдаган мунаса документти добушка коймокчу.

Эл өкүлдөр палатасында демократтардын нааразылык акциясынан кийин 5-июлга чейин тыныгуу жарыяланып, эч бир мыйзам боюнча добуш берилбей турган болду.

Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан Конгресстеги пресс-конференция учурунда. 23-июнь, 2016-жыл.

Бул палатанын спикери Пол Райан ал курал сатууну чектөөнү караган мыйзам долбоордун добушка коюлушуна жол бербей турганын айтууда. Ал палатадагы демократ кесиптештеринин нааразылык акциясын коомдун көңүлүн бурууну көздөгөн “пропагандалык амалкөйлүк” деп мүнөздөдү.

Президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден Орландого барган учур. 16-июнь, 2016-жыл.

Президент Барак Обама, демократтардын президенттикке талапкери деп күтүлгөн Хиллари Клинтон Конгресстеги партиялаштарынын аракетин колдошту.

Адам өмүрү кыйылган трагедияларга карабай, АКШда куралдын эркин сатылышын жактагандар, анын ичинде Республикалык партиянын саясатчылары муну америкалыктардын Конституцияда каралган укугуна байланыштырышат.

Конгресс куралды көзөмөлдөөгө тиешелүү акыркы мыйзамды 1994-жылы кабыл алган. Президент Обама жыл башында өз жардыгы менен көзөмөлдү күчөтүү боюнча өзүнүн ыйгарым укугунда каралган айрым чараларды киргизген.

Расмий эсептер боюнча АКШ да курал колдонуу менен байланышкан кылмыштардан 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылат.