Иликтөөнүн жыйынтыгы Трампты сүйүнттү

АКШнын президенти Дональд Трамп. 20-март, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп атайын прокурор Роберт Мюллердин 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсү тууралуу иликтөөсүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул анын администрациясы үчүн толук реабилитация экенин жарыялады.

Бирок демократтар буга макул болбой, отчеттун толук жарыяланышын талап кылып жатышат.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жана Республикалык партиянын көп мүчөлөрү атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыгын кубаттоо менен кабыл алышты.

«Биздин мамлекет ушундай нерсени башынан өткөргөнү уят. Ачыгын айтсам, силердин президентиңер буга шайлана электе эле кириптер болгону уят. Баары мыйзамсыз башталган. Бул ишке ашпай калган мыйзамсыз аракет. Кимдир-бирөө башка жагын карайт деген үмүттөмүн. Бул толук акталды дегенди билдирет, эч кандай сүйлөшүү болгон эмес, эч кандай тоскоолдук болгон эмес», - деди АКШнын президенти.

Дагы караңыз Майкл Коэн Трампка каршы көрсөтмө берди

Бир күн мурда АКШнын башкы прокурору Уильям Барр конгрессмендерге атайын кат жөнөтүп, ал жана өзүнүн орун басары Род Розенштейн «Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен» деген шектенүү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнөн президент Дональд Трамп мыйзам бузганы тууралуу фактыларды таппаганын билдирген.

Ошол эле убакта ал өз катында «президенттин мыйзам бузганы аныкталбаса да, бул аны толук жоопкерчиликтен бошотпойт» деп жазган.

Конгресстеги демократтар Мюллердин отчетунун текстин толук жарыялоону талап кылып жатышат. Юридикалык комитеттин башчысы Жерролд Надлер башкы прокурорду Конгресске келип, атайын прокурордун отчету жол берип жатса да эмне үчүн Трампка айып койбоо жөнүндө чечим кабыл алганын түшүндүрүп берүүгө чакырды:

«Биз башкы прокурорду Өкүлдөр палатасындагы Юридика комитетинде көрсөтмө берүүгө чакырабыз. Биз отчеттун толук текстинин жарыяланышын талап кылабыз. Америка эли атайын прокурор шилтеме кылган президенттин мыйзамсыз аракеттери тууралуу толук билиши керек. Ошондой эле башкы прокурор ачык-айкындыкты камсыз кылуу жана чын-бышыгын тактоо үчүн Конгресс бул маселеге кийлигишүүгө тийиш экенин так көрсөткөн».

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр.

Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер тараткан биргелешкен билдирүүдө Трамп тарабынан бир нече ай мурда дайындалган Уильям Барр бул процессте бейтарап боло албастыгы жана анын Мюллердин отчету боюнча төрт барактан турган каты объективдүү эмес экени белгиленген.

Башкы прокурор Баррдын 24-мартта Конгресске жөнөткөн катында «Атайын прокурор Роберт Мюллер башында турган тергөө тобу президент Дональд Трамп, анын шайлоо штабы же жардамчылары 2016-жылы өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүү максатында Орусия менен сүйлөшүүгө барышкан же өз аракеттерин Кремль менен координациялашкан дегенди далилдей алган жок» деп жазылган.

Ошол эле учурда Орусиянын шайлоонун жүрүшүнө кийлигишкени тууралуу фактылар күмөн жаратпайт. Баррдын катында бул кийлигишүү боюнча Мюллердин иликтөөсү эки негизги фактыны аныктаганы жазылган. Биринчиси - социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратуу жана хакердик чабуулдар. Мындай чабуулдун жыйынтыгында Демократиялык партиянын серверинен документтердин топтому уурдалган. Ошондой эле Баррдын катында Мюллер чогулткан далилдер Трамп сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук кылганын ырасташ үчүн жетиштүү эмес экени белгиленет. Ошол эле учурда иликтөөнүн жыйынтыгы Трампты толук актабаганы менен президентке айып коюуга да негиз жок экендиги жазылган.

Мюллер башында турган тергөө тобунун иликтөөсү 22 айга созулуп, анын алкагында 34 адамга жана эки компанияга айыптар коюлган. Айыпталгандардын 26сы Орусиянын жарандары. Алтоо - АКШнын президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчилери - коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн, шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт, шайлоо штабынын мурдагы башчысынын орун басары Рик Гейтс, Трамптын жеке адвокаты Майкл Коэн, мурдагы кеңешчиси Рожер Стоун. Бирок алардын баарына Орусияга байланышы жок иштер боюнча айып тагылды. Анткен менен Мюллердин тобунун ишинин жыйынтыкталышы Орусия тарабынан шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүү болгон-болбогону боюнча тергөө аяктады деген сөз эмес. Учурда бул ишти Конгресстин палаталары өз алдынча иликтеп жатат.

Дагы караңыз Трампка актанууга туура келди

2017-жылдын башында АКШнын чалгын кызматтары Орусия шайлоонун жүрүшүнө кийлигишип, Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду жаманатты кылууга багытталган аракеттерди кылган деген шек менен иликтөө баштоону туура көрүшкөн. Трамп өзүнүн шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун билдирип жүрөт.

Москва да «Кремль АКШдагы шайлоого кийлигишкен» деген дооматтарды четке кагып келе жатат. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 24-мартта ТАСС маалымат агенттигиндеги билдирүүсүндө Баррдын катын Кремль окуй элек экенин айтты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.