Өткөн аптада Индиана штатындагы азырынча акыркы праймериздин жыйынтыгынан соң республикачылардын жарышта калган үч үмүткөрүнүн экөө: техастык сенатор Тед Круз менен Огайо штатынын губернатору Жон Кейсик шайлоо өнөктүгүн токтотушту.
Республикалык партиянын улуттук комитетинин төрагасы Рейнс Прибэс бул жарыяга тушташ аларда ички жарыш аяктаганын белгилөө менен Трампты партиянын “болжолдуу талапкери” деп атап, партиялаштарын курулуш тармагынан чыккан миллиардердин айланасына биригүүгө чакырды.
Бирок АКШда “улуу эски партия” деп атап коюшкан Республикалык партиянын бир катар лидерлери, аттуу-баштуу адамдары Трамптын талапкерлигин колдоодон баш тартып турушат.
Маселен, республикачылар арасынан азыр кызмат даражасы боюнча эң жогоркусу, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Раян 5-май күнкү телемаегинде буларды белгиледи:
- Мен азырынча аны колдоого даяр эмесмин. Ал баскычка жете элекмин, бирок жетем деп үмүттөнөм. Бирок, менимче азыр талап кылынып турган нерсе - партияны бириктирүү жана бул иште негизги жүктү биздин партиянын болжолдуу талапкери тартуусу керек. Республикалык партия Аврам Линкольндун, Рональд Рейгандын партиясы, биз ар төрт жылда Линкольнду же Рейганды чыгара албайбыз, бирок биздин талапкер Линкольн – Рейган мурасын улантууга умтулат, биздин партиянын принциптерин алдыга жылдырат жана америкалыктардын басымдуу бөлүгүнө таянат деп үмүттөнөбүз”,- деп билдирди Эл өкүлдөр палатасынын спикери СNN телеканалы менен маегинде. Анын айтуусунда, эгер Республикалык партиянын бардык канаттары бирикпесе, президенттик шайлоодо аларга мөөрөй тийиши арсар.
"Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда, Трамп боюнча көз карашын Республикалык партиянын 2014-жылдагы президенттикке талапкери, мурдагы губернатор Митт Ромни да өзгөрткөн жок.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Партиянын июлдагы шайлоо курултайына катышуудан баш тарткан Ромни мурдараак Трампты президенттикке такыр жараксыз адам катары сыпаттап, анын мамлекет башчылыгына келишинен өлкө жана дүйнө үчүн “терең кесепеттер” болорун эскерткен.
Анын талапкерлигин колдоодон Буштардын үй-бүлөсү да баш тартты.
Texas Tribune басылмасынын жазганына караганда, республикачылардын июлдагы шайлоо курултайына мурдагы президенттер улуу жана кичүү Жорж Буштар да келбейт.
Буштардын үй-бүлөсүнүн дагы бир өкүлү, Флорида штатынын мурдагы губернатору Жэб Буш башында президенттикке аттанып, бирок колдоо аз болгонуна байланыштуу төрт штаттагы праймеризден кийин жарыштан чыгып кеткен эле.
Ал эми Трампты колдорун буга чейин ачык жарыялашкан саналуу республикачылар арасында алардын Сенаттагы лидери Митч МакКоннел, 2008-жылы вице-президенттикке талапкер болгон Сара Пэйлин, Техастын мурдагы губернатору Рик Перри да бар.
Башында президенттикке үмтүкөрлөр арасында жүргөн Рик Перри эгер Трамптан сунуш түшсө, ага өнөк болуп, вице-президенттик кызмат үчүн ат салышууга даярдыгын билдирди.
Ал эми 2008-жылы президенттикке талапкер болгон таанымал сенатор Жон МакКейн республикачылардын истеблишменти же башкаруучу чөйрөсү шайлоочулардын тандоосу менен келишүүсү керектигин айтууда:
- Сиз республикачылардын партиялык жетекчилиги менен Конгресс мүчөлөрү жана Дональд Трампты тандаган шайлоочулар ортосунда байланыш жок болбосо да ажырым бар деген бүтүм чыгарышыңыз керек. Вашингтондо туңгуюк өкүм сүрүүдө деген толугу менен чындык болбосо да, көп жагынан реалдуулукту чагылдырган ой-пикир бар. Мына ушул жагдай Трамптын жана Сандерстин (Берни Сандерс- Демократиялык партиядан Хиллари Клинтонго атаандаш катары чыгып жаткан президенттикке үмүткөр) көтөрүлүшүнө мүмкүндүк берди. Республикалык партияда биз мына ушул нерсеге көңүл бурушубуз абзел. Сиз Республикалык партиянын талапкерин тандаган шайлоочуларды угушуңуз зарыл. Аларды жерүү акылсыздык болот.
“Ассошейтед пресс” агенттигинин жазганына караганда, баштапкы шайлоодогу триумфуна карабай, Трамптын оппоненттери ага июлдагы курултайга чейин али баш оору жарата алат.
Июлдагы курултайда талапкер менен катар партиянын шайлоо платформасы да бекитилиш керек.