АКШ жана араб өлкөлөрү коопсуздукту талкуулады

АКШ жана Перс булуңу кызматташтык кеңешинин саммити. Эр-Рияд, 21-апрель, 2016-жыл.

АКШ жана сунни араб өлкөлөрү “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштөгү кызматташтыкты улантат жана аймактагы башка жаңжалдарды жумшартуу үстүндө бирге иштейт. Бул тууралуу Перс булуңу кызматташтык кеңеши менен АКШнын Сауд Аравиядагы саммитинен кийин айтылды.

Перс булуңу кызматташтык кеңешине Саудиядан башка Бахрейн, Катар, Кувейт, Оман, Бириккен Араб Эмираттары кирет. Алардын АКШ менен кезектеги коопсуздук саммити бейшемби күнү Эр-Риядда өттү.

Ак үй билдиргендей, саммитте каралган маселелердин бири - терроризмге каршы аракеттер, анын ичинде “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөш боюнча жаңы коопсуздук демилгелери макулдашылды.

Президент Барак Обаманын айтымында, Перс булуңу кызматташтык кеңешинин алты өлкөсү Ирак менен Сирия үчүн гуманитардык аракеттерди күчөтүүгө көнүштү, ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жеңүү боюнча биргелешкен чаралар улантылат. Эр-Рияддагы саммитте аймактык коопсуздукту чыңдоо маселеси да талкууланды:

- Биз аймактык жаңжалдарды жумшартуу жана жөнгө салуунун үстүндө тыгыз иштешүүнү макулдаштык. Сирияда аскерий аракеттердин токтошу абдан чоң басым алдында турат. Асаддын режими мунун шарттарын бузууну улантууда. Ал жерде жарандык согушту токтотуунун жалгыз аргасы - биздин өнөктөштөрүбүз да макул болгондой, бул - өткөөл өкмөт, жаңы Конституция, эркин шайлоо, бийликтен Асаддан кетиши. Ал эми Йемен боюнча элге гуманитардык жардам жетип, тынчтык жараян башталышы үчүн тараптардын баарын ок атышууну токтотуу шарттарын сактоого чакырдык. Ливия боюнча биз жаңы улуттук биримдик өкмөтү курулушун колдоону макулдаштык.

Барак Обама саммиттин соңунда сунни араб өлкөлөрүнүн коопсуздугу бир жагынан алардын өзүндөгү реформаларга да көз каранды экенин кошумчалады:

- Нукура жана бекем коопсуздук башкарууга, экономика жарандардын баары үчүн кызмат кылышына, адамдын универсалдык укуктарынын сакталышына да көз каранды. Муну эске алуу менен Кошмо Штаттар жана Перс булуңу кызматташтык кеңеши жаңы экономикалык диалог баштайт. Ал мунайдын баасы арзандаган учурга адаптацияланууга, биздин экономикалык байланыштарды күчөтүүгө, Перс булуңу кызматташтык кеңешинин жаштар жана бардык жарандар үчүн жумушчу орундарды, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталган реформаларын колдоого басым жасайт.

"Ирандын жүрүм-туруму"

АКШ менен Перс булуңу кызматташтык кеңеш саммитинин күн тартибине Иран маселеси да коюлду. Анткени сунни араб өлкөлөрү Иранды атаандаш жана аймакты дестабилдештирүүчү күч катары карашат.

Мындан сырткары алар Иран былтыр дүйнө державалары менен талаштуу өзөктүк программасы боюнча түзгөн келишим аймактагы коопсуздук балансы бузулушуна алып барбайбы деп да кооптонушат.

Иран баллистикалык ракетасын сынаган учур. 9-март, 2016-жыл.

Ирандын акыркы кездери баллистикалык ракеталарды утур-утур сыноосу да анын араб коңшуларында тынчсыздануу жараткандай. “Ассошейтед пресс” агенттигинин жазганына караганда, саммитте лидерлер баллистикалык ракеталар үчүн эскертүү системасын жайгаштыруу боюнча аракеттерди тездетүүнү макулдашты.

Президент Барак Обама Эр-Рияддагы сөзүндө Иран боюнча буларга токтолду:

- Биз баарыбыз моюнга алгандай, Ирандын жүрүм-туруму боюнча олуттуу тынчсызданууларыбыз али бар. Биздин өлкөлөр Ирандын аймакта куралды мыйзамсыз жөнөтүүлөрүнө бөгөт коюуну улантууга, баллистикалык ракета жасоо программасы үчүн жоопкерчилик жүктөөгө, аймакты дестабилдештирүү аракеттерине каршы турууга даяр. Биздин өлкөлөрдүн бири да Иран менен жаңжалга кызыкдар эмес. Биз ал аймакта жоопкерчиликтүү роль ойноосун, коңшулары менен пикир келишпестигин тынчтык жол менен чечип, ишеним орнотуучу практикалык кадамдарды жасоосун, эл аралык мыйзамдарды, нормаларды урматтоосун кубаттайбыз.

АКШ президенти Барак Обама Эр-Рияддагы саммитти утурлай Сауд падышасы Салман менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана маалыматтарга караганда, анда сунни араб өлкөлөрүнүн Иран менен “суук тынчтыкты” карманып, “коңшулук” мамиледе болуу зарылдыгын ишарат кылган.

Президент Обама жана падыша Салман. Эр -Рияд, 20-апрель, 2016-жыл.

Аймактык атаандаштар Иран менен Сауд Аравия Йемен, Сирия өңдүү өлкөлөрдөгү согуштарда каршылашкан тараптарды колдоп келет.

Мисалы, Йемендеги согушта Саудия баштаган коалиция бул өлкөнүн эл аралык коомчулук тааныган өкмөтү колдосо, Иран шиит согушкерлери - хуситтерге көмөк көргөзүүдө. Алардын атаандаштыгы аймактык жаңжалдардан башка чөйрөлөргө да жайылган.