Пентагон: Оорукана жаңылыш бутага алынган

Бомба түшкөн оорукананын кире бериши. Ооганстан, Кундуз калаасы.

Пентагон Ооганстанда былтыр күзүндө бомбаланган оорукана боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Анда талиптердин чабуулунан улам баш аламандык күчөп, аскерлер Кундуздагы оорукананы жаңылыш бутага алганы белгиленет.

Былтыр Ооганстандагы оорукананы жардырган америкалык учкучтарга дисциплинардык жаза берилди. АКШнын аскерий жетекчилиги 9-майда жарыялаган баяндамасында 16 учкуч жазага тартылганы айтылат. Докладда жазылышынча, америкалык аскерлер Кундуз шаарындагы калаба хаос жана баш аламандык жаратканын белгилешип, ушундан улам бейтапкана жаңылыш бутага алынганын билдиришкен. АКШ тарап мурдагы баяндамасында да ушундай тыянак чыгарып, чабуул атайылап жасалбагандыктан согуштук кылмыш жоктугу белгиленген.

Америкалык аскерий учкучтар 2015-жылдын 3-октябрында Кундуз провинциясындагы ооруканалардын бирине бомба таштап, анын айынан 42 адам, арасында медицина кызматкерлери да мерт кеткен эле. Аталган оорукана эл аралык Чек арасыз дарыгерлер уюмунун кароосунда болгон.

Окуядан бир ай мурун талиптер 300 миң калктуу Кундуз шаарын ээлеп алып, үч күн бою кармап турушкан. Дүрбөлөңгө түшкөн ооган аскерлери АКШ күчтөрүн аларга чукул жардам көргөзүүгө чакырган. Аскерий кызматташтыктын жардамы менен калаа бир аптага жакын убакта согушкерлерден бошотулган.

Талиптерге каршы ошол операция учурунда америкалык аскерлердин бомбасы ооруканага түшкөн.

"Ал кезде координациялоо жана тактык колдон чыгып турган учур эле. Аскерлер оорукананы атайын мээлеген эмес. Кундуз шаарындагы калабага тартылган америкалык аскерлер оорукананын жаңылыш бомбаланышына ал жердеги хаос жана баш аламандык себеп болгонун такай айтып келишет"- деп жазылат Пентагондун баяндамсында.

Чек арасыз дарыгерлер уюму болсо кезинде бул чабуулду америкалык аскерлердин одоно шалаакылыгы деп баалаган. Уюмдун башкы директору Кристофер Стоукс былтыр 25-ноябрдагы билдирүүсүндө “Бул окуя америкалык аскерлердин шалаакы мамилесин жана согуш жүргүзүү эрежелерин одоно бузгандыгын көрсөттү”, - деп айткан. Ал чабуул жаңылыштык болгонуна күмөн саноо менен бул каргашаны калыс иликтөөгө чакырган. Бир катар эл аралык уюмдар да окуя тыкыр иликтениши зарыл деген бүтүмгө келишкен. Пентагондун кезектеги иликтөөсү боюнча Чек арасыз дарыгерлер тобу азырынча пикирин билдире элек.

Ооганстан президенти Ашраф Гани окуяны абдан кайгылуу деп сыпаттап, мындан ары каталарга жол бербөө зарылдыгын белгилеген эле.

Эл аралык күчтөрдүн маалымат катчысы, генерал Вильсон Шоффнер окуя боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөө маанилүү кадам экенин айткан болчу:

- Иликтөөдө ага катышы бар айрым адамдар кызматташтыктын эрежесин сактабаганы аныкталды. Бул иликтөөнүн өзү окуянын чоо-жайын аныктоо процессиндеги маанилүү кадам.

Ооганстан коопсуздук үчүн жоопкерчиликти НАТОдон 2014-жылдын соңунда өткөрүп алган. Бирок серепчилер мамлекет алдыдагы бир нече жыл ичи эл аралык колдоого муктаж болорун белгилешкен.

Президент Барак Обама былтыр жыл соңунда жарыялагандай, Америка Кошмо Штаттары азыр Ооганстанда Жон Николсон башчылыгында турган 9800 аскерин 2016-жыл ичи да ал жерде кармайт. 2017-жылга барып гана алардын саны 5,5 миңге азаят. 9800 америкалык аскерге кошумча Ооганстанда НАТОнун башка өлкөлөрүнүн 1000ден ашуун жоокери да бар. Алардын азыркы негизги миссиясы – ооган күчтөрүн машыктыруу.