Блумбергди партиялаштары катуу сындашты

Демократтар АКШнын президенттигине талапкерин партиянын быйыл июль айында, Милуокиде өтүүчү курултайында аныкташмакчы.

АКШда Демократиялык партиядан президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин кезектеги дебаты өттү. Ага Нью-Йорктун экс-мэри, миллиардер Майкл Блумберг биринчи жолу катышты.

Партиялаштары аны буга чейинки адамдардын расасына жана жынысына карап кемсинткен билдирүүлөрүнө байланыштуу таламайга алышты.

Шаршембиде Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өткөн дебатка Майк Блумбергден сырткары мурдагы вице-президент Жо Байден, сенаторлор Берни Сандерс, Элизабет Уоррен менен Эми Клобушар жана Индиана штатындагы Саут-Бенд шаарынын мэри Пит Буттижич катышты.

Партиядагы саясий атаандаштары, анын ичинде Берни Сандерс Майк Блумбергди Нью-Йорктун мэри болуп турганда полицияга көчөлөрдө тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген мыйзамды колдогону үчүн сынга алышты. Анда тинтүүгө көп учурда ынды кара жарандар менен латын америкалыктар кабылган.

Блумберг мындай саясатына өкүнгөнүн дагы бир ирет билдирди, бирок ал өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы чара болгонун айтты:

Майк Блумберг.

«Мен өкүнгөнүмдү билдиргем. Мен кечирим сурагам. Бирок кептин баары, саясаттын баары биз өтө көп адамды токтотконубузда болгон. Биз бул өлкөдөгү кылмышкерлерди жоопко тартууда адилеттүүлүк боюнча бир нерсе кыларыбызга ынанышыбыз керек эле. Маселелердин баарын чече турган эң сонун ыкма жок да».

Анткен менен мурдагы вице-президент Жо Байден Майк Блумбергди «адам укуктарына шек келтирген саясат жүргүзгөн» деп айыптады:

«Келгиле, такташып алалы. Ошол кездеги президент Барак Обама чыныгы жагдайды билиш үчүн атайын адамдарды жөнөткөндөн кийин мындай ыкма токтогон жана кырдаал өзгөргөн. Биз мындай ыкма токтотулушу керек экенин айтканыбызда мэр муну өтө жаман идея деп ойлогон. Кептин баары анын кечирим сураганында эмес. Бул саясат. Бул жаман саясат болгон. Бул адамдардын укуктарынын баарын бузуу болгон».

Жо Байден.

Талаш-тартышта сенатор Элизабет Уоррен Блумбергдин аялдар тууралуу терс билдирүүлөрүн жана анын компаниясында кыз-келиндерге жасалган мамилеге байланыштуу дооматтарды эске салды.

Демократ талапкерлер ошондой эле миллиардер шайлоо өнөктүгүнө эпсиз акчасын коротуп жатканын сындашты. Андан сырткары саламаттыгы менен жаш курагына байланыштуу суроолор көп берилди.

Майк Блумберг негизинен адаттан тыш, башкалардан айырмаланган шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жатат. Ал шайлоочулар менен дээрлик жолуккан жок жана буга чейинки төрт штатта өткөн алгачкы дебаттарга катышкан эмес. Бирок ал телеканалдардагы жана онлайн жарнамага 400 миллион доллар короткону белгилүү болду.

Ал азыркы президент Дональд Трампты жеңип, Американы кайра куруш үчүн президентикке аттанганын билдирген. 78 жаштагы Блумберг өзүнүн атындагы маалымат агенттигин негиздеген. Ал дүйнөдөгү чириген бай деген он адамдын бири болуп эсептелет. «Forbes» журналы анын байлыгын 52,5 миллиард долларга баалаган.

Дагы караңыз Жонсондун жеңиши

Блумберг - Нью-Йорктун мэринин кызматында эң узак убакыт иштеген төрт саясатчынын бири. Бул кызматка Республикалык партиядан эки жолу шайланган, кийин өз алдынча талапкер болуп катышкан. Буга чейин Блумберг президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн соңку он жылдан бери караштырып жүргөнү, бирок дайыма баш тартып келгени тууралуу маалымат чыккан.

Соңку сурамжылоолорго ылайык, Майк Блумберг Демпартиядан чыккан талапкерлердин арасынан экинчи орунда турат. Сап башын, лидерликти Берни Сандерс ээледи. Үчүнчү орунду болсо Жо Байден алды, жарышта андан кийин Элизабет Уоррен келатат.

Демократтар АКШнын президенттигине талапкерин партиянын быйыл июль айында, Милуокиде өтүүчү курултайында аныкташмакчы.

Республикачыларда азырынча президент Дональд Трампка атаандаш талапкер чыга элек. Серепчилер бул партия үчүн праймериз формалдуу түрдө гана болорун айтышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​