АКШ сенаторлору "Газпромго" кысымды күчөтүүгө чакырышты

Орусия -- "Газпромдун" башкы кеңсеси, Москва.

Украинада кырдаал чийелешкен тапта, өнүккөн өнөр жайлуу өлкөлөрдүн жетилтиги Орусияга каршы жаңы санкция киргизүүгө макулдашты. Ал арада америкалык улук сенаторлор орус экономикасынын кыймылдаткычы болгон "Газпромду" бутага алууга чакырышууда.
АКШда мартабалуу мыйзамгерлер Обаманын администрациясын Орусиянын энергетика тармагынын түркүгү болгон "Газпромго" каршы кысымды күч алдырууга чакырышты.

Москванын украин кризисиндеги ролу үчүн жаза катары сунушталып жаткан мындай чаралар Орусиянын чек арасынан сырткары жактарда да экономикалык оорчулук алып келиши мүмкүн.

Сенаторлор Карл Левин, Жонн МакКейн жана Боб Коркерлер Орусиянын экономикасында ар кандай тармактарга карата санкция киргизүүгө президент Обама укуктуу экендигин айтып чыгышты. «АКШда корреспонденттик эсеби бар орус банктарына каршы өтө катуу санкция киргизүүгө президенттин укугу жетиштүү. Ал укуктан колдонуш керек, анын ичинде "Газпромго" карата чара көрүлүшү керек», - деди демократ Левин Киевде 25-апрелде болгонунда.

Анын алдында республикачы Коркер да Обаманы Орусияга, анын ичинде "Газпромго" каршы чараларды күч алдырууга үндөгөн. Ал эми МакКейндин маалымат катчысы "Азаттыкка" республикачы сенатор да дүйнөдөгү эң кубаттуу газ компаниясы жана орус экономикасынын кыймылдаткычы болгон "Газпромго" каршы санкция киргизүүнү колдоорун билдирген.

Банк эсептеринин кулпуланып калыш коркунучунан улам, "Газпромдун" казыначысы саналган "Газпромбанк" март айында эле Орусияга жети миллиард доллар которгон. Бул тууралуу ушул аптада Ройтерс агенттиги жазып чыкты. Блумберг финансылык кабарлар агенттиги Орусиядагы үчүнчү ири банк болгон бул мекеме АКШнын келечек санкцияларына даярданып жаткандыгын жазды.

Обама администрациясы буга чейин орусиялык бир катар мамлекеттик кызматкерлерге жана орус президенти менен ымалалаш деп саналган ишкерлерге каршы айрым чектөөлөрдү киргизген. Учурда АКШ жана анын Европадагы шериктери Украинадагы Орусиянын «провокациячыл» саясатына байланыштуу дагы жаңы санкцияларды даярдап жатышат.

Ошол эле мезгилде Обаманын администрациясы мындай санкциялар америкалык жана аны менен союздаш өлкөлөрдүн бизнесине кесепет тийгизбеши керектигин билдирген. Ал эми европалык өлкөлөр орус газына өзгөчө көз каранды экендиги маалым.

Энергетика тармагы боюнча эксперттердин болжолунда, "Газпромго" каршы санкциялар чоң кесепет алып келиши мүмкүн.

Пост-советтик чөйрөдө айрым билермандар эгер Орусия мунай, газын Батышка сата албай калса, бул зат арзандайт деп болжошууда. Бирок Батышта, АКШнын өзүндө айрым компаниялар сызга отуруп калышы мүмкүн.

Андайлардын бири, «Кетчум» пиар компаниясы "Газпромдон" аны дүйнөгө даңазалоо ишине 17 миллион доллар акы алган. Бул тууралуу АКШдагы көз карандысыз ПроПаблика кабар уюму жазды. Бирок "Азаттык" "Кетчумга" кайрылганда, жооп алуу мүмкүн болгон жок.

Айтор Обама "ылдый тартса араба сынат, өйдө тартса өгүз өлөт" деген диллемадан башы катып турган чак. Ал эми Киевде болгондо сенатор Левин «согуштун чыгымы кымбат газдан алда-канча жогору болоорун» эскертти.