АКШ Орусиянын аба соккуларына камтама

Бомбаланган квартал. Сирия

АКШ Сириядагы орусиялык авиа соккулардан жайкын тургундар жабыркап жатканына тынчсызданды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти орусиялык авиация буталарды ылгабастан сокку уруп жатканын белгиледи. Ошонун натыйжасында, Сириядагы карапайым калктын арасында адам курмандыктарынын саны кескин көбөйгөнү сынга алынды.

Сауд Арабиясы болсо Сириядагы тынчтык сүйлөшүүлөргө кызыкдар болуп, "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүп жаткан көтөрүлүшчүлөр тобунун башчысынын орусиялык авиа соккусунан жок кылынышына тынчсызданды.

Бомбалабоо эрежеси бузулду

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондук сүйлөшүүдө Вашингтондун бул маселе боюнча камтама болуп жатканын билдирди.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Марк Тонер ишеним жараткан эл аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматына таянып, орусиялык аба соккуларынан Сирияда жүздөгөн жайкын тургундар каза таап, ооруканалар, мектептер жана базарлар кыйраганын билдирди. Тонер октябрда жана ноябрь айынын биринчи жарымында Орусиянын бомбалоосу күчөгөндүктөн 130 миңден ашуун сириялыктар үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгонун кошумчалады.

АКШ Мамдепартаментинин расмий өкүлү Марк Тонер тынч калктын арасындагы адам курмандыктарына жол бербөө эрежеси бузулганы туурасында мына буларга токтолду:

- Албетте биз Сириядагы карапайым калктын арасындагы жоготуулардын көрсөткүчү жогору болуп жатканы тууралуу кабарларга терең тынчсыздануудабыз. Негизинен биз бул баяндамалар аркылуу опурталдуу сигналдарды байкадык. Анткени Орусия буталарын так аныктабай туруп эле, жайкын тургундар жашаган кварталдарды бомбалоосу ал жакта жакында тынчтык орношуна негиз болуп бере албайт. Биз бул чатакты жөнгө салууда тараптардын бардыгын жайкын адамдардын арасындагы жоготууларга жол бербөө чарасын бекем карманууга чакырып келебиз.

Ылгабай урулган соккулар

Ошол эле кезде Москва Башар Асаддын режимин колдогон анын аба соккуларынан жайкын тургундар курман болуп жатканын айткан Amnesty International, Human Rights Watch жана сириялык укук коргоо уюмдарынын айыптоосун четке кагууда.

Орусия анын Сириядагы аскерий операциясы террорчуларга гана каршы багытталганын белгилеп, карапайым калкты бомбалоодон сактоо чаралары көрүлгөнүн айткан. Анткен менен АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Марк Тонер Вашингтон бул жерде Орусиянын буталарды тандабастан согуп жатканын гана белгилей турганын айтып, Москвага максатсыз бомбалоодон карапайым калк жабыркаганын тастыктаган видео тасмаларга көз жүгүртүүнү сунуштады.

Ошондой эле Жон Керри Сергей Лавровго куралдуу чатакты тынч жол менен жөнгө салуу жараянына катышып жаткан сириялык көтөрүлүшчүлөр тобунун башчысы Захран Аллушанын жок кылынышына нааразылыгын айтып, мындай жосун тынчтыкты калыбына келтирүүгө кедергисин тийгизерин билдирди.

Ошол эле кезде Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адель ал- Жубейр "орусиялык авиа соккудан Захран Аллушанын өлтүрүлүшү Сириядагы чатакты тынчтык жол менен чечүүгө ынтызар көтөрүлүшчү топтордун максатын таш каптырды" деп белгиледи. Ал орусиялык авиа соккулардын “Ислам мамлекети” террдук тобунан мурун, Асаддын байистүү оппозициясынын турумдарына каршы багытталып жатканы таңкалычтуу экенин айткан.