АКШ Кыргызстандагы адам укуктарын талдады

Кыргызстандагы нааразылык акцияларынын бири.

АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктарына байланыштуу 44-жылдык баяндамасын жарыялады. Анда Мамлекеттик департамент Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөө, балдар эмгеги, башка улуттардын, ЛГБТнын өкүлдөрүн басмырлоо сыяктуу терс көрүнүштөрдү белгилеген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2019-жыл үчүн баяндамасында балдардын эмгегин пайдалануу, коррупция, кыйноо, сөз эркиндиги, саясий куугунтук, ЛГБТнын жана аз улуттардын өкүлдөрүн басмырлоо сыяктуу терс көрүнүштөрдү тизмелеп берген. Мындан сырткары Кыргызстанда мыйзам бузган аткаминерлер жазасыз калып жатканын белгилеген.

«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова бул баяндама Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абалды толук чагылдырат деп эсептейт. Исмаилова баяндаманын негизги мазмунуна токтолду:

Төлөкан Исмаилова.

«Эң негизгиси - укук коргоо институттары болгон атайын кызматтан баштап, милицияга чейин реформа болбой жатат. Совет мезгилинин эски системасы менен иштешүүдө. Экинчиден, сөз эркиндиги. Журналисттерди кысым кылганы элдин кыжырын келтирет. Үчүнчүсү - саясий партияларга да өзүнчө талдоо жасалыптыр. Алар парламентаризмди иштете албай, элди кыйнап, саясий коррупция басылбай жатат».

Баяндаманын авторлору «Бир дүйнө – Кыргызстан» сыяктуу жергиликтүү укук коргоочу уюмдардын маалыматына таянып, аз улуттун өкүлдөрүнө жасалган басымды айтышкан. Ошону менен катар адам укуктары жаатындагы жетишкендиктер деп жарандык берүү маселесин, кыйноого каршы күрөшүүнү атаган.

Азырынча кыргыз бийлиги АКШнын адам укуктары боюнча жарыялаган баяндамасына жооп бере элек. Ал эми өлкөдө адам укуктарынын сакталышына байкоо салган акыйкатчы Токон Мамытов баяндамада айтылгандарга кошулбай турганын белгилеп, бирок өз жүйөлөрүн айтууга убактысы жок экенин билдирди.

Дагы караңыз Баяндама: Олигархтар сөз эркиндигине каршы

Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев Мамдепартаменттин баяндамаларынын геосаясий жагы бар деген оюн айтты:

«Америка өтө бийик стандарттарды коюп алган. Бул эми кыял сыяктуу, АКШнын өзүндө деле жок. Экинчи тарабы - Кыргызстан Орусия менен жакын болуп, эл аралык аренада Москваны колдоп келет. Андыктан ортого жик салып коёлу деген оюн болушу деле мүмкүн».

Анткен менен Мамлекеттик департаменттин сын-пикир менен жазылган быйылкы баяндамасы АКШ Кыргызстанга визалык чектөө киргизген учурга туш келди. Айрым саясат талдоочулар бул чектөө Кыргызстандын эл аралык коомчулуктагы кадыр-баркынын көрсөткүчү деп баалашкан. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев мындай баяндамалардын маанисин мындайча чечмеледи:

Орозбек Молдалиев.

«"Кыргызстанда адам укуктары жаатында абал кандай?" деп бул баяндаманы инвесторлор да окуйт. Эл аралык уюмдар да талдайт. Мындайча айтканда мамлекеттин рейтингин аныктай турган маселе. Ал эми биз «жаза берсин» дегендей мамиле кылып жатабыз. Өзүбүз «кыйратып жатабыз, коррупцияны муунтуп жатабыз» дегенибиз менен элге кандай көрүнөт деп карашыбыз керек. Анан ошол катанын үстүндө иш жүргүзүш керек».

2019-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалын, мамлекеттерде бийликтин жарандардын фундаменталдуу укуктары менен эркиндиктерин канчалык урматтап же тескерисинче бузганын талдаган баяндамасындагы Кыргызстан жөнүндө айткандарын расмий Бишкек сындаган болчу. Анда Тышкы иштер министрлиги баяндамадагы маалыматтарды кайра текшерип чыгууну жана өкмөттүк эмес уюмдардын эле эмес, расмий булактардын да маалыматтарын эске алууга чакырган. Ошондой эле «бул ички иштерге кийлигишүү катары кабыл алынат» деп жооп берген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2019-жылы жарыяланган баяндамасында өлкөдө сөз эркиндиги жаатында мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы жакка өзгөрүү бар экени айтылса, адам укуктары жагынан өзгөрүүлөр аз экени жазылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​