Президент иштеген Ак үйгө далысын салган өспүрүмдөр 17 мүнөт бою томсоруп отурушту. Муну менен алар бир ай мурда Флоридадагы мектепте киши колдуу болгон 17 теңтушун эскерүүдө. Эскерип эле тим болбостон, алар бийликке талаптарын да айтышты. Окуучулардын бириСемрет Хейли:
- Мен бул жерге куралга көзөмөлдү күчөтүш керек экенин Конгресс менен президентке айтканы келдим. Алар бизди угушу керек, - дейт.
Окуучулардын дагы бири Реем Аражай буларга токтолду:
- Президент ордунан козголуп, Улуттук курал ассоциациясынан акча алууну токтотот деп үмүттөнөм. Эгер буга чейинки бардык өлүмдөр аны ынандыра албаса, анда азыр каршылык көрсөткөндөн башка арга жок.
Окуучу Симона Хикс болсо: "Балдарды коргой албасаңар, анда эмнебиз калат?" деп суроо койду:
- Силер куралды ушунча катуу коргоп, ал эми келечектеги өлкөнү куруучу адамдарга ошондой мамиле кылбасаңар, анда бизге анык мүшкүл түшөт. Балдар – келечек. Эгер балдарды коргой албасаңар, анда эмнебиз калат?
Миңдеген окуучулар менен студенттер катышкан мындай акциялар шаршембиде башкалаа Вашингтондон башка шаарларда өттү. Нью-Йорк, Иллинойс, Кентукки, Мичиган баштаган штаттардагы жаштар жүрүшүндөгү кылкылдаган плакаттардан “Эскерүү менен сыйынуу жетишсиз! Тыюу!”, “Керээз кат эмес, дилбаян жазгым келет!” деген чакырыктарды окууга болот.
Ушул эле күнү Конгресстеги Өкүлдөр палатасы тийиштүү мыйзам долбоорун колдоду. Ага ылайык, мектептердеги кылмыштын алдын алып, маалымат берип туруучу анонимдүү система түзүүгө, коркунучту талдоого, ыкчам аракеттеги топ түзүүгө, полиция менен кызматташтыкты арттырууга жылына 50 млн. доллар бөлүнөт.
- Эл Вашингтонду "бир нерсе кылгыла" деп жаткан учурда Конгресс бүгүн жөн гана чара көрбөстөн, күчтүү мыйзам долбоору менен маселени чече баштады. Мектептеги зомбулукту токтотуу жөнүндө мыйзам окуучуларга, мугалимдерге жана тартип сакчыларына апааттын алдын алып, кылмышкерди аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтөт, – деди республикачы-конгрессмен Стивен Скэлис.
Демилгени президент Доналд Трамп да колдоду. Эми ал Сенаттын кароосуна жиберилет. Ошентсе да бул мыйзам курал соодасын чектебейт. Анткени бул АКШда көптөн бери чечилбей келаткан, жергиликтүү саясаттын өзөгү болгон маселе. Курал сатууну тескеген мыйзамды күчөтүү демилгелери ар бир кандуу окуядан кийин көтөрүлөт.
Мында эң ири эки партиянын көз караштары эки башка. Демократтар курал-жаракты ээн-эркин сатууга каршы. Ал эми "Баш мыйзам карапайым адамдын курал алып жүрүшүнө уруксат берет" деп, республикачылар өзгөртүүгө ашыкпайт.