АКШ бороондон кийин

Президент Обама Нью-Жерси штатында кырсыктан жабыркагандар менен жолугушту

“Сэнди” ураганы АКШда 72 адамдын өмүрүн алып, Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарында олуттуу кыйроо жаратты.
Учурда ураган басаңдап, суу каптаган имараттардын жер төлөлөрүн, көчөлөрдү жана метролорду тазалоо иштери жүрүүдө. Бирок АКШнын чыгыш жээгиндеги жети штаттын миллиондогон тургундары дале жарыксыз отурушат. Бул апаат кишилей чыгымдан сырткары, Американын экономикасын 25 млрд доллардын тегерегинде зыянга учуратты.

Президент Барак Обама урагандан көбүрөөк запкы жеген Нью-Жерси штатына барып, кырсыктын залакасын өз көзү менен көрүп, жабыркагандар жана жакындарын жоготкондор менен жолугушту.

Ал Нью-Жерси штатынын губернатору Крис Кристи менен суу каптаган жана бороондон кыйраган аймактарды тик учакта айланып көрүп чыккан соң “Биз кырдаалга үзгүлтүксүз көз салып, зарыл жардамдардан өксүк кылбайбыз” - деп айтты.

Апаат башталганда түгөл жабылган дүкөндөр кайра ачылды

Бүгүндөн тарта Обама дагы, республикачылардын талапкери Мит Ромни дагы шайлоо кампаниясын жандандырып, кайрадан үгүт иштерине киришишти.


Апаатка карабай марафон өтөт

«Сэнди» ураганынан каза тапкандардын жыйырмасы Нью-Йорк шаарынын тургундары экенин кабарланууда. Суу ташкыны Нью-Йоркт шаарынын метросун да каптап, бак-дарактардан тарта көчө бойлогон көрнөк-жарнактарды, айрым имараттарды кыйратып, бир нече жерде өрт чыккан. "Ташкындаган суу ооруканалардын жер төлөсүнө чейин кирип, генераторлорду жарактан чыгаргандан кийин беш жүздөй бейтапты эвакуация кылууга мажбур болдук" - деп айтты шаар башчы Майкл Блумберг.

Мэр Блумберг апааттын кесепеттеринен бийликтер мүңкүрөп калбай ушул жекшембиге пландалган бүткүл дүйнөлүк марафонду өткөрүүгө күчү жетээрин белгиледи:

Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг

- Менден көп адамдар марафон тууралуу сурап жатышат. Дүйнөнүн ар кай тарабынан бул марафонго катышуу үчүн он миңдеген адамдар атайын келишет. Биз марафонду өткөрөбүз деп чечтик. Буюрса, жекшембиге чейин бардык электр жабдыктары калыпка келет.

Мэрдин айтымында марафонду татыктуу өткөрүү үчүн бийликтер шаарды калыбына келтирүүгө бар аракетин жумшап жатышат. Ал шаардагы көптөгөн ишканалар миңдеген жөө күлүктөр катышчу 42 чакырымдык марафондон киреше түшөөрүнө үмүт артып жатышканын белгиледи.

-Бул иш-чара Нью-Йорк үчүн чоң окуя, экинчи жагынан экономикага салым кошот деп айтсак болот. Кырсыктан жакындарын жоготкондор, шаар тургундары туура түшүнөт деп үмүттөнөм, анткени набыт болгондор да биздин экономикабыз, шаарыбыз өнүксө деп тилечү.

Нью-Йорк марафону дүйнөдөгү эң ири жарыш болуп саналат. Өткөн жылкы марафондо 47 500 киши шаардын бөлүктөрүн аралап чуркаган.

“Сэнди” ураганы басаңдаган кийин Нью-Йоркто жай турмуш калыбына түшүп, автобус, метро каттап, чоң көпүрөлөр ачылды. Бороондун айынан токтогон үч чоң аэропорттун экөө кечээ кайрадан ишке кирген.

Кырсыктан жабыркаган аймактарда Улуттук гвардиянын жоокерлери калкка азык-түлүк бөлүштүрүп, кол кабыш кылышууда.

"Сэнди" ураганы АКШга чейин Кариб деңизинин жээгинде орун алган өлкөлөрдө 70тей адамдын өмүрүн жалмаган.