АКШ: Былтыр террорчуларга "оңбогудай" сокку урулду

"Ал-Каиданын" лидерлеринин, АКШнын пилотсуз учагынын чабуулунда жок кылынган теги ливиялык Абу Яхья ал-Либинин видеотасмадагы бейнеси.

Өткөн 2011-жыл дүйнөлүк терроризмге каршы күрөштөгү “бурулуш жыл” болду.
Мындай тыянак АКШ Мамлекеттик департаментинин эл аралык терроризм тууралуу жылдык докладында жасалат. Былтыр майда “ал-Каиданын” түптөөчүсү Усама бин Ладендин Пакистанда өлтүрүлүшү террорчулукка каршы согуштагы олуттуу окуя саналат. Кыргызстандын атына бу докладда эч кандай сын пикир жок.

2011-жылы Ооганстан менен Иракта 2010-жылга салыштырмалуу террордук чабуулдар 15 процентке азайган. Пакистанда, тескерисинче, 8 процентке көбөйгөн.


“Ал-Каида” былтыр өз ана башы Усама бин Ладенден башка да бир нече көрүнүктүү жетекчилеринен ажырады. Июнда Түштүк Чыгыш Азиянын “абдан жөндөмдүү террорчусу” катары белгилүү Иляс Кашмири, августта Пакистанда “ал-Каиданын” командачысынын орун басары Атия Абдул Рахман, сентябрда Арабия жарым аралындагы “ал-Каида” тобунун башчыларынын бири, АКШ жараны Анвар ал-Авлаки өлтүрүлгөн. Кашмири 1988-жылы АКШнын Кениядагы жана Танзаниядагы элчиканаларында болгон кандуу жардыруулардын долбоорчусу.

Мамдепартаменттин докладында мындай олуттуу жоготуулардан кийин уюмдун мурдакы калыбына келиши оор болору белгиленет.

Даниэл Бенжамин - Мамдепартаменттин контр-терроризм боюнча координатору. Анын сөзүнчө, “ал-Каиданын” жылдызы өчүүсү - Муаммар Кадафи, Зин ал-Абидин Бен Али, Хосни Мубаракты кулаткан Араб ынкылаптары менен коштолду:

- Биз Жакынкы Чыгышта миллиондогон жарандар өзгөрүүлөр жөнүндөгү өз талаптарын, “ал-Каидачылардын” бузуку көз караштарын айтпастан эле, тынч талап кылганга ыктап баратканын көрүүдөбүз. Бул жанагы топтун региондо өзгөрүү зобун-зордуксуз болбойт деген узактан айтып жүргөн сөздөрүн жокко чыгарат. Бул аялдар жана эркектер мусулман калктуу негизги өлкөлөрдөгү орчундуу саясый маселелерге “ал-Каиданын” таасири басаңдап калганын өтө чечкиндүү жана ишенимдүү формада шардана кылышты.

Былтыр 2005-жылдан бери биринчи жолу эң аз террорчулук жасалган. Буга Мамдепартаменттин докладына караганда, түрдүү өлкөлөрдүн террорчулукка каршы күрөштү күчөтүүсү чоң салым кошкон.

Доклад боюнча, былтыр 70 өлкөдө болгон 10283 террордук чабуулда 12, 5 миң адамдын өмүрү кыйылган. 2011-жылы Ооганстан менен Иракта 2010-жылга салыштырмалуу террордук чабуулдар 15 процентке азайган. Пакистанда, тескерисинче, 8 процентке көбөйгөн. Ал эми Нигерияда салафилердин “Боко Харам” куралдуу тобу башка диндеги адамдарга кол салууну көбөйткөн.

Иран жетекчилиги Ирактагы кырдаалды стабилдештирүүгө жардамдашабыз деген убадасына карабай, Ирактын шиит топторун каржылоону, каруу-жарак менен камсыздоону жана машыктырууну токтоткон эмес,-деп белгиленет Мамдепартаменттин докладында. Жакынкы Чыгыштагы “Хамас”, “Хизбулла” жана башка террорчу уюмдарга жардамдашууну улантууда.

- Бизди Ирандын өзүнүн, ошондой эле Иран Ислам ынкылабын күзөтчү корпустун Кудс бөлүгүнүн жана “Хизбулла” менен бирге жүргүзгөн иш-аракеттери аябай тынчсыздандырат,-дейт Даниэл Бенжамин. - Алар дүйнөнүн чар тарабында дестабилдештирчү иштерди жүргүзүүдө. Биз Ирандын активдүүлүгүнө каршы туруу жана бөгөт кою үчүн, Ирандын жаңы террордук аракеттерди каржылоосуна жол бербөө үчүн өнөктөштөр жана союздаштар менен иштегешкенге бекем бел байлаганбыз.

АКШ Мамдепартаментинин докладында, былтыр Тажик өкмөтү “террорчуларга каршы операцияларды үзүрлүү өткөрүү жөндөмүн көрсөткөнү”, бирок кээ учурда “радикалдуу исламчыларды чектөө аракеттеринин натыйжасында бейпил динзарлардын укуктары бузулганы”, анын ичинде жарандардын саясый жана диний көз караштары басмырланганы белгиленет.

Соңку аныктама Өзбекстан менен Казакстанга да таандык. Тактап айтканда, президент Назарбаев сентябрда кол койгон документ “жарандардын диний ыбадаттарын тынч аткаруу мүмкүндүгүн чектеген”. Өлкөдөгү диний уюмдарды көзөмөлдөө октябрь-ноябрь айларында Казак полициясы менен коопсуздук күчтөрүнө жасалган кол салуулардан кийин күчөтүлгөн.

Кыргызстандын коопсуздук күчтөрү 2011-жылы террорчул уюмдарга каршы атайын операцияларды өткөрүп, жардыргыч заттарды жана экстремисттик адабияттарды сактаган жарандарды камакка алганы айтылат сөз болуп жаткан докладда.

Былтыр Кыргыз парламенти “Терроризмге каршы аракеттенүү” жөнүндөгү мыйзамга жаңы конституцияга ылайык түзөтүү киргизген.