АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнө байланыштуу Орусияга, ага кошумча Иранга жана Түндүк Кореяга (кийинчерээк кошулган) жаңы санкцияларды киргизген мыйзам долбоору шейшембиде Конгресстин добушуна коюлмак. Муну Республикачылар да, Демократтар да макулдашкандыктан санкцияны кабыл алуу ыктымалдыгы жогору экени 22-июлда айтылган.
Бирок 24-июлда Сенаттагы эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы, республикачылардын абройлуу өкүлү Боб Коркер мыйзам долбоору чийкирээк экенин айтып, “дагы аз-маз иштеп чыгышыбыз керек” деди.
Демилгеде эгер президент санкцияларды жумшартууну же такыр эле алып салууну кааласа, адегенде Конгресстин макулдугун алышы керек деген өзөктүү пункт камтылган эле. Дональд Трамп талапкер кезинен президент болгуча Орусия менен ымаланы жакшыртам, достошом деп келген. Орустарга салынган санкцияны жоюп салабы деген чочулоодон улам ушул рычаг киргизилген болчу.
Президенттик администрациянын тышкы саясатты жүргүзүүсүнө бөгөт болгон бул жобого Трамп жана анын командасы каршы чыккан.
Бирок эки партиядагы мыйзамгерлердин пикири бир чыкты деп жарыяланганда администрация турумун өзгөртүп, мыйзам долбоорун кабыл аларын билдирген.
- Президент бул үч өлкөгө карата санкциялардын улантылышын колдоорун ачык билдирип келатат. Ал мындан баш тартууну көздөбөйт. Бирок ал америка эли үчүн мыкты иш болоруна ынангысы келет. Ал мыйзам долбоорун талдап чыгып, акыркы вариант кандай болорун көрмөкчү, – деп президенттин маалымат катчысы Сара Сандерс белгиледи.
Жогорудагы пикирин улай Сандерс президенттик администрация Өкүлдөр палатасы жана Сенат менен иштеше тургандыктарын кошумчалады.
Мыйзам күчүнө кириш үчүн Конгресс кабыл алгандан кийин президент ага кол коюшу керек.
Эгер Трамп колдобой койсо Вашингтондо кезектеги саясий чыңалуу жаралышы ыктымал. Анткени ушул тапта Конгресстеги комитеттер, ФБР жана атайын прокурор өткөн жылкы шайлоого Орусиянын кийлигишип, Трампка жардам берүү ыктымалдыгын иликтөөдө. Трамптын уулу, күйөө баласы жана командасындагы кишилердин орусиялыктар менен жолукканы тууралуу жаңы маалыматтардын чыгышы ал маселени курчутту.
Ал эми колдосо июлдун башындагы Трамп-Путин жолугушуусунан кийин оңолууга бет алды деген орус-америка мамилеси кайра артка кетери күтүлөт.
Евробиримдик менен энергетиктердин камтамасы
Мыйзам долбоорунда орусиялык энергетикалык компаниялар, долбоорлор менен иштешкен тараптарга да чаралар көрүлөт деп турат. Мына ушул жери Кошмо Штаттарынын башкы өнөктөшү Евробиримдикти нааразы кылды жана чочулатууда:
- Европа биримдигинин энергетикалык көз карандысыздыгы жана биздин энергетикалык коопсуздугубуздан улам бул процесске кыйла чочулоо менен көз салып турабыз. Биз АКШдагы бул чаралардан улам жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн америкалык өнөктөштөрүбүз менен бардык дипломатиялык каналдарыбызды жандандырабыз. Биз үчүн "Чоң жетиликтин" ынтымагы Минск келишимин аткаруу сыяктуу эле өзгөчө мааниге ээ, - деп Еврокомиссиянын турумун анын маалымат катчысы Маргаритис Шинас ачыктады.
АКШ санкцияларынын күчөшүнө Орусия албетте каршы. Бул өлкө Европа менен бир катар ири долбоорлордун алкагында иштеп атканын Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков эске салууда. “Албетте биз жана биздин европалык өнөктөштөрүбүз ал долбоорлордун аягына чыгышына зор маани беришет” деди ал. Сөз Балтика деңизи аркылуу орус газын Европага алып өтмөк болгон “Түндүк Агым-2” кууру жөнүндө болуп жатат.
Жаңы санкцияларга ошондой эле Кошмо Штаттарынын өзүндөгү да энергетикалык компаниялар каршылыгын билдиришкен.
Ал тапта сенатор Боб Коркер мыйзам долбоору боюнча пикир келишпестиктерди кыска аралыкта жөнгө салышарын убада кылды.