АКШ Пакистанга эскертүү берди

Карачидеги АКШга каршы митинг. 2-январь, 2018-жыл.

АКШнын президенттик администрациясы Пакистанга карата 48 саат ичинде "өзгөчө чараларын" жарыяларын 2-январда эскертти. Вашингтон өзүнүн бул кадамын "Исламабад терроризмге каршы жетиштүү күрөшпөй жаткандыгы" менен түшүндүрүүдө.

Андан мурдараак эле Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы өкүлү Никки Хейли каржылык жардам да кыркыларын айткан эле:

Никки Хейли.

- Администрация Пакистанга 255 млн долларлык жардамын токтотот. Мунун себептери айкын. Пакистан көп жылдар бою эки жээкке ойноп келди. Ал кээде биз менен иштеп, ага удаа эле Ооганстандагы биздин аскерлерге каршы чыккан террорчуларга башпаана берүүдө. Бул администрация мындай оюнду кабыл албайт.

Ага чейин президент Дональд Трамп да АКШ акыркы 15 жылда Пакистанга берген 33 млрд доллардан кайрым болбогонун билдирген.

Пакистандын мурдатан тил табыша албай келген коңшулары Индия менен Ооганстан Вашингтондун кадамдарына ыраазы болууда. АКШдагы ооган элчиси Хамдулла Мохиб өз сөзүндө мындай чечимди кубаттады:

Хамдулла Мохиб.

- Пакистан терроризм менен күрөшүү үчүн Кошмо Штаттардан каражат алат. Бирок террорчулардын башпаанектерин жоготкон жок. Ал жактан алар такай Ооганстанга чабуул коюуда. Өткөн жумада эки кол салууга күбө болдук: бири Кабулдагы маданий борбордо, экинчиси Жалалабаддагы тажия учурунда болду. Эгерде АКШ Пакистанга басымын күчөтсө - бул биз үчүн оң белги.

Америкалык расмий адамдардын пикиринде, талиб жоочулары Пакистандын тоолуу жана дурус кайтарылбаган чек араларынан өтүп келип АКШнын, Ооганстан жана башка өнөктөштөрдүн күчтөрүнө кол салып турушат. Алар Пакистандын чалгын кызматынын жардамы менен бул өлкөдөгү башпаанектерине кайра кайтып жатканы айтылат. Расмий Исламабад болсо мындай маалыматтарды четке кагып жүрөт.

Исламабаддын жообу

Ал арада Пакистандын Карачи шаарында консервативдик коалиция болгон "Дифа-е Пакистан" кеңешинин тарапташтары Трамптын сөздөрүнө каршы митинг өткөрүштү.

Акыркы билдирүүлөр боюнча АКШнын Исламабаддагы элчиси Пакистандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Өлкөнүн Улуттар Уюмундагы өкүлү Малиха Лодхи Пакистандын террорчулукка каршы күрөшү эч кандай эл аралык жардамга байланбай турганын, Пакистан жоочуларга каршы дүйнөдөгү эң ири операцияларды өткөрүп жатканын айтты.

Улуттук коопсуздук комитети АКШ Ооганстандагы талибдерди 16 жылдан бери жеңе албагандыктан Пакистанга асылып жатканын белгиледи. Мекеме "Ооганстандагы жалпы баары ийгиликке жетпей жатканы үчүн биз жооптуу эмеспиз" деп каш кайтарды.

Парламенттеги оппозиция лидери Имран Хан да өз өкмөтүн колдоду:

Имран Хан.

- Трамп Ооганстандагы согушту жана анын Пакистанга тийген залалын түшүнбөй жатат. Сыягы, ал муну дегеле билбейт окшойт. Балким ага Пакистандын душмандары маалымат берип жаткандыр?

Пакистандын өкмөт башчысынын маалымат кызматы "Ооганстандагы реалдуу кыйынчылыктар - саясий күрөш, жапырт жемкорлук, баңгизат өндүрүшүнүн феноменалдуу күч алышы жана эл аралык террордук уюмдардын очогу болгон, өкмөт көзөмөлдөй албаган аймактардын кеңейиши" деп билдирүү таратты. Билдирүүдө "булар Ооганстанга, анын коңшуларына жана бүтүндөй чөлкөмгө коркунуч туудурат" деп айтылат.

Коргоо министри Хуррам Дастгир Хан "Исламабад террорго каршы күрөштө союздаш катары АКШга жердеги жана абадагы байланыштарын, аскер базаларын бекер берип жатпайбы" деп жооп кайтарды. Ал "Ал-Каиданын" лидери Усама бен Ладенди жок кылуудагы көмөгүн да эске салууда.

Кытай болсо "терроризмге каршы күрөштөгү глобалдык аракетке олуттуу салым кошту" деп Пакистанды далыга таптады. “Эл аралык коомчулук муну так билиши керек” деди Бээжиндин расмий өкүлү Гең Шуан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.