Обама салыктан качууга жол бербөөгө үндөдү

Барак Обама

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама салыктан качууну глобалдык көйгөй деп атап, офшордук компанияларга, салык башпаанегин бергендерге, жасалма фирмаларга каршы эл аралык чараларды күчөтүүгө чакырды. Мындай үндөө офшордук кызмат көрсөткөн панамалык компаниянын миллиондогон барак документи дүйнөлүк коомчулукка шардана болгон учурда жасалды.

Офшордо катталган компанияларга ачык же жашыруун ээлик кылуу, эгер салык төлөөдөн качуу, кирешени бекитүү аргасында атайын жасалбаса, азыр кылмыш деп эсептелбейт.

Бирок дүйнөнүн офшордук аймактарынын бири - Панамада акыркы 40 жылга жакын убакыттан бери мына ошондой компанияларды ачуу, каттоо менен алектенген Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын маалыматтык базасынан чыккан документтер мунун тескерисин көргөздү.

Ал документтерге караганда, дүйнөнүн өнүккөн да, өнүгүп келаткан да өлкөлөрүнөн саясий бийликте тургандардын, президент, премьер-министрлерге жакын адамдар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү салыктан качуу аркылуу же салык төлөөчүлөр эсебинен топтолгон байлыгын офшордогу компанияларга каттоо аркылуу жаап-жашырганын ишара кылууда.

“Панама документтеринин” жарыялануусун Ак үйдөн алгачкы ирет комментарийлеп жатып, АКШ президенти Барак Обама буларга токтолду:

- Панамадан маалыматтардын ири топтомунун түшүп жатышы бизге салыктан качуу глобалдык чоң көйгөй экенин дагы бир жолу эске салды. Башка өлкөлөр үчүн эле мүнөздүү көрүнүш эмес, себеби ачык айтканда мындан пайда көрүп жаткандар Америкада да бар. Мунун көбү мыйзамдуу эле иш, бирок маселенин түйүнү дал ушунда жатат. Бул алар сөзсүз эле мыйзамды бузуп жатат дегенди билдирбейт, маселе мыйзамдар начар иштелип чыкканында, юристтери, бухгалтерлери жетиштүүлөр карапайым жарандар сактоого аргасыз болгон милдеттенмелерден кутулуп кетишине жол бергенинде. Кубаттуу корпорациялар, бай адамдар колдонгон мыйзам боштуктары Кошмо Штаттарда да бар. Алар да офшордук эсептерди ачышып, системаны ойнотуп жатышат.

АКШ президенти ошондой эле офшордук компанияларга, салык башпаанегин бергендерге, жасалма фирмаларга каршы эл аралык чараларды күчөтүү зарыл экенин да белгиледи:

- Кошмо Штаттар же башка өлкөлөр бул боштуктарды жабуу боюнча үлгү көрсөтмөйүнчө мунун баары мыйзамсыз эмес, мыйзамдуу бойдон кала берет. Дүйнөдө акча каражаттарынын мыйзамсыз кыймылы дайыма болот, бирок биз муну жеңил-желпи кылбашыбыз абзел. Мыйзамдуу операцияларга салыктан качуу үчүн аралашууга жол берилбеши керек.

Обама АКШнын өзүндө Конгрессти корпорациялар үчүн салык мыйзамын реформалоо боюнча чара көрүүгө да чакырды.

Офшорлорду жабууга чакырык

"Панама документтери" жарыяланган соң Transparency International уюму эл аралык коомчулукту офшордук компанияларга тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алууга үндөгөн эле.

Бул уюмдун пикиринде, дүйнө мамлекеттеринин лидерлери масштабдуу коррупцияны колдогон, таза эмес, уурдоо жолу менен топтолгон байлыкты жашырууга жардам берген компанияларды жабышы керек.

Transparency International ага катар дүйнөлүк экономиканын 85% көзөмөлдөгөн “Чоң жыйырманы” менчик реестрлердин ачыктыгын кепилдөөгө, мындайга барбаган мамлекеттерге санкция колдонууга да чакырды.

Бул аралыкта Mossack Fonseca компаниясы анын маалыматтык базасы хакерлердин Европадан жасалган чабуулунун натыйжасында ачыкка чыгып кетти деп ырастап, Панаманын прокуратурасына кайрылды.

Ондогон азыркы жана мурдагы мамлекет башчылардын же алардын жакын чөйрөсү менен туугандарынын, ири ишкерлердин, спорт жылдыздарынын офшордогу компанияларга байланышы бардыгын көргөзгөн маалыматтар алгач анонимдүү булак аркылуу Германиянын Suddeutsche Zeitung гезитине түшкөн.

Премьер-министрдин офшордук фирмасы ачыкка чыккан Исландиядагы нааразылык. 4-апрель, 2016-жыл.

Анын негизинде Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор (OCCRP), Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) даярдаган көлөмдүү жана документалдуу баяндама жекшемби күнү кечинде бир нече өлкөдөгү маалымат каражаттарында, интернет сайттарда бир нече тилде жарыяланган эле.

“Панама документтеринде” мурдагы совет аймагынан офшордук компанияларга кыйыр же түз байланышы барлар катары президенттер Путин, Порошенко, Алиев, Назарбаевдин ысымдары аталган.

Офшордук фирмасы ачыкка чыккан соң Исландиянын премьер- министри Сигмундур Давид Гуннлёйгссон убактылуу кызматтан кетүүгө мажбур болду