Сөөктөн өткөн суук жана дем алдырбаган бороон... АКШнын борбордук жана батыш аймактарында эки күндөн бери дал ушундай аба ырайы өкүм сүрүп жатат.
Абанын температурасы Чикагодо -30 градуска чейин, Түндүк Дакотада -40 жана айрым жерлеринде -54 градуска чейин түштү. Бул Американын штаттары Антарктиканын айрым аймактарына салыштырмалуу суугураак дегенди билдирет.
Арктикалык сууктун айынан кеминде сегиз кишинин өмүрү кыйылганы ырасталды. Аларды көбү үшүккө кабылса, кеминде бир киши күрткүдө калган. Бир үй-бүлө тайгак жолдогу автокырсыкта каза тапты.
Катаал аба ырайынан улам жүздөгөн мектептер, жогорку окуу жайлары жана дүкөндөр жабылды.
- Аба ырайы ушунча суук, ызгаар. Бороон тим эле укмуш. Эч токтобойт. Эч нерсе көрө албайсың, - деди Нью-Йорк штатына караштуу Батавия шаарчасындагы убактылуу жабылган дүкөндүн менежери Жон Хант.
Адаттан тыш суук Американын ортоңку жана батыш бөлүгүн 29-январда каптай баштаган. Буга Түндүк уюл тараптан келген муздак аба себеп болду.
Жалпысынан Американын ызгаардуу аба ырайы өкүм сүрүп жаткан аймактарында 250 миллиондой адам жашайт. Алардын 90 миллионго жакыны байырлаган жерлерде абанын табы -17 градустан ылдый түштү. Мичиган жана Висконсин штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.
АКШнын Почта кызматы кеминде он штатта ишин убактылуу токтотту. Американын үчүнчү ири шаары болуп саналган Чикагонун эки негизги аэропортунда 1500дөн ашык аба каттамы үзгүлтүккө учурады.
Арктикалык суук каптаарда бийлик өкүлдөрү менен метеорологдор мындай суукта үшүккө кабылуу коркунучу күч экенин эскертип, элди болушунча сыртка узакка чыкпоого чакырышкан.
- Абанын чыныгы температурасы өтө муздак шамалга кошулуп, өтө кооптуу деңгээлге төмөндөп кетиши мүмкүн. Андыктан, сак болуңуз! Сыртка чыга турган болсоңуздар үшүк коркунучун эстен чыгарбаңыздар! Мындай температурада 10 мүнөт сыртта жүрүү да коркунучтуу болуп калат, - деп эскерткен Индианаполис шаарынын мэри Жо Хогсетт.
Арктикалык аяздын күчү бейшемби күнү басаңдаары айтылууда. Кантсе да мындай аба ырайы айрымдардын көңүл ачышына да шарт түздү. Бир катар америкалыктар кайнап жаткан сууну абага чачканда ал жерге жеткиче карга айланып кеткенин көрсөткөн видеолорун Интернетке жарыялап жатышат.