Элчи Никки Хейли Вашингтон келишимде кала берерин айтып, президент Трамптын администрациясы Тегерандын эл аралык сахнадагы айрым иш-аракеттерине “пропорционалдуу” жооп кайтарууну каалаганын белгиледи:
- Азыркы кырдаалды оңдосо болооруна үмүттөнөбүз. Бул биздин максатыбыз. Келишимди кантип жакшыртууга болоорун байкоо үчүн биз анда кала беребиз. Биз макулдашуудан чыккан жокпуз. Америка элинин өзүн коопсуз сезиши үчүн абалды жакшыртууга аракет көрүп жатабыз.
Ирандын баллистикалык ракета сыноолору, башка өлкөлөргө курал-жарак сатуусу жана мамлекет террорчулукту колдойт деген кооптонуулар Батышты көптөн бери тынчсыздандырып келатат.
NBC телеканалынын Meet the Press берүүсүндөгү интервьюсунда элчи Түндүк Кореянын ядролук дымагы АКШны Иран менен келишимге жакындан байкоо салууга түртүүдө деди.
13-октябрда президент Доналд Трамп Тегеран эки жыл мурун жетишилген макулдашуунун талаптарын аткарып жатат деп расмий бышыктоодон баш тарткан.
Эми АКШ Конгресси 60 күндүн ичинде келишимге ылайык алынып салган санкцияларды калыбына келтирүү же келтирбөө маселесин чечүүгө тийиш.
Сөз болгон документке 2015-жылдын жайында Иран жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү, ошондой эле Германия тарабынан кол коюлган. Ал боюнча Ислам жумурияты уран байытуу иштерин чектейт, ал эми эл аралык санкциялар бара-бара алынмакчы.
Трамптын билдирүүсүн комментарийлеп бир катар дүйнө лидерлери, анын ичинде Вашингтондун өнөктөштөрү бул келишим алардын коопсуздук чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти.
Европа биримдигинин билдирүүсүндө документ бир эле өлкөнүн чечими боюнча жокко чыгарылбайт делинет.
Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ изоляцияда калды деп баса белгиледи.
- Биздин укуктарыбыз сакталган, келишимден пайда тапкан, улуттук кызыкчылыктарыбыз каралган чакта биз ядролук келишимди урматтайбыз. Биз эл аралык жана ядролук келишимдин алкагында Атомдук энергетика боюнча эл аралык уюм менен кызматташабыз.
Эл аралык байкоочулар Иран келишимди толугу менен аткарып жатат дешет. Кытай азырынча Трамптын билдирүүсүнө комментарий жасай элек, бирок буга чейин Бээжин АКШны макулдашууну сактап калууга үндөгөн.