Тиллерсон: Иран колдогон кошуундар Ирактан кетиши керек

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Жакынкы Чыгыш сапарын улантууда. 22-октябрда Вашингтондун өкүлү Эр-Риядда Сауд Арабия менен Ирактын координациялык кеңешин түзүү аземине катышты. Мамкатчы ошондой эле ирандык күчтөр Ирактан кетүүгө тийиш деди.

Тиллерсон Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубеир менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Багдад өкмөтүнө “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлерин жеңүүгө жардам берген Ирандын колдоосундагы топтор тарап кетүүгө тийиш деп билдирди:

- "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөш аяктап баратат, Ирактагы ирандык кошуундар үйлөрүнө кайтышы керек. Ирактагы бардык чет өлкөлүк күчтөр үйлөрүнө кетип, Ирак элине "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунан кайтарылган аймактарда өз көзөмөлүн орнотууга, кошуналардын жардамы менен турмушун кайра курууга жол бериши керек.

Иран колдогон күчтөр жихадчыларды Ирак жеринен сүрүп чыгууда негизги ролду ойношкон.

Жыл башында Мосул шаарын эстремисттерден тазалагандан кийин аскерлер калган аймактарды “Ислам мамлекетинен” кайтарууну улантышууда.

Америкалык расмий адамдардын бири Тиллерсон өз сөзүндө Ирандын Революциялык корпусунун Элдик мобилизациялык күчтөрү жана Кудс күчтөрү тууралуу кеп кылганын түшүндүрдү.

Сауд Арабия менен Ирактын координациялык кеңешин түзүү аземине катышкан Тиллерсон, ошондой эле Багдад менен Араб дүйнөсүнүн алакаларын бекемдөө зарылдыгына токтолду.

Саудиянын тышкы иштер министри андай кеңешти түптөөнү тарыхый кадам деп атады:

- Сауди-Ирак координациялык кеңешин түзүү тууралуу макулдашууга кол койдук. Бул абдан маанилүү, тарыхый кадам. Кудай буйруса Сауд Арабия падышалыгынын боордош Ирак жумурияты менен жумушчу топтор аркылуу бардык тармактарда алакаларын чыңдоого салым кошот. Эки өлкөнүн кызматташтыгы өнүгөт деп ишенебиз.

Суннилер үстөмдүк кылган Сауд Арабия жана шиит Ирак 1990-жылы Саддам Хусейндин тушунда ирактык аскерлер Кувейтти басып алганда алакаларын үзүп салышкан болчу.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Тиллерсондун айткандарын Твиттерде комментарийлеп, “өз үйлөрүн коргоо үчүн көтөрүлгөн ирактыктар кайсы өлкөлөргө кайтышы керек экен? АКШнын мунайдан түшкөн акчага байланган бети жок тышкы саясаты” - деп жооп берди.

“Иран Ислам жумуриятынын курмандыктары болбосо, "Ислам мамлекети" радикал уюму Дамаск, Багдад жана Эрбилде өз өкмөттөрүн эбак орнотуп алмак”, - деди Түштүк Африка сапары маалында Зариф.

Сауди-Ирак жетекчилеринин консультативдик жыйынында тараптар “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы күрөштү координациялоо жана Ирактын согуштан кыйраган экономикасын кайра куруу маселесин талкуулашты.

Тиллерсондун бул сапары Трамп администрациясынын Иранды Жакынкы Чыгышта, кеңири дүйнөдө обочодо калтыруу аракетинин бир бөлүгү. 13-октябрда америкалык президент Тегеран боюнча жаңы саясатын ортого салып, Ирандын “дестабилдештирүүчү таасирине” АКШ туруштук берээрин айткан. Ошондой эле Трамп Ислам жумурияты 2015-жылкы ядролук келишимди аткарууда деп расмий бышыктоодон баш тарткан.

Ошол эле маалда жекшемби күнкү интервьюда АКШ президенти Франция менен Германиянын Иран менен сооданы улантуусуна каршы эместигин айтты.

Эр Риядга чейин мамлекеттик катчы Катарда болуп, эми Пакистан жана Индияга аттанууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.