Полиция жанкечтинин тек жайын аныктады. Тартип коргоочулардын атын атабаган өкүлү "Азаттык" радиосуна билдиргендей, ал Сербияда туулган, бирок Подгорицада жашап жүргөн 43 жаштагы Далибор Яукович болуп чыкты.
Черногориянын ири гезиттеринин бири Vijesti да кол салган кишини Яукович деп атап, анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынган деген сүрөтүн басып чыгарды.
Дагы бир сүрөттө Яукович 1999-жылы югослав армиясында кызмат өтөгөнү үчүн Сербиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичтин атынан алган медалды көрсө болот. Бирок анын аскерде кызмат өтөгөнү же кандайдыр бир сыйлык алганы тууралуу расмий маалыматтар жок. Ошондой эле Яукович "Фейсбуктагы" баракчасына былтыр май айында “НАТОго – жок” деп жазыптыр.
1999-жылы Черногория Югославиянын бир бөлүгү болуп турган кезде Түндүк альянстын учактары 78 күн бою Сербияны бомбалап, Косоводогу согушка чекит коюлган. Ал эми былтыр Черногория НАТОго кошулуп, блоктун 29-мүчөсү болуп калган. Подгорицанын бул кадамы Орусия менен жакын алакаларды жактаган айрым жергиликтүү саясатчылардын сынына кабылган.
Мамлекеттик департаменттин жогорку өкүлү Стив Голдштейн имаратка зыян келтирилбегенин, элчиликтин коопсуздук кызматкерлери ал жерди жакшылап текшерип чыгышканын, бирок эч кандай жардыруучу заттар табылбаганын айтты.
Черногориянын ички иштер министри Мевлудин Нуходзич өкмөт “АКШ элчилигине чабуулду айыптайт” деп терең өкүнүчүн билдирди:
- Ички иштер министрлиги жана Черногория өкмөтү АКШ элчилигине кол салууну катуу айыптайт жана өкүнүчүн билдирет. Бардык тиешелүү органдар бул ишти чечүү жана элчилик кызматкерлеринин коопсуздугу менен сактыгын камсыздоо үчүн болгон чараларды көрүп жатышат.
Тергөөгө АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБРдин) өкүлдөрү да тартылганы маалымдалды. Буга чейин Голдштейн чабуулга эмне түрткү болгону белгисиз деп, кол салган киши башынан эле өзүн жардырууну көздөгөнү анык эмес деп билдирген.
Элчилик бейшемби күнү жабык болду жана америкалык жарандарга азырынча ал жакка барбай туруу, эл көп чогулган жерлерден оолак болуу, жергиликтүү маалымат каражаттарын окуп туруу кеңеши берилди.
Европа биримдиги да бул окуяга байкоо салып жатат. Чабуул Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров кошуна Сербияда эки күндүк сапар менен жүргөн маалга туш келди. Москва менен Вашингтон Балканда чыңалууга май тамызууда деп бири бирин айыптап келатышат.
640 миң калкы бар Черногория 2006-жылы Сербиядан бөлүнүүнү колдоп добуш берген. Евробиримдик Сербия менен катар Черногорияны 2025-жылга чейин кабыл алууну көздөп жатат. Бирок бул үчүн өлкө бир топ талаптарды аткарууга тийиш.
2016-жылы Подгорица өкмөтү сербиялык жана орусиялык жарандардан турган топту өлкөнүн НАТОго кошулуу планын үзгүлтүккө учуратуу үчүн кутум уюштурууну көздөшкөн деп айыптаган. Черногориянын күч түзүмдөрү ошол топ өлкөнүн премьер-министрин өлтүрүп, орусиячыл бийликти орнотмок деп билдиришкен. Кремль кутумга “Орусиянын мамлекеттик органдары” аралашкан деген дооматтарды четке каккан.