АКШда адистер коронавирустун экинчи толкунунан чочулашат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, дүйнө жүзүндө COVID-19дан көз жумгандардын саны 300 миңден ашты.

Алардын басымдуу бөлүгү Европа менен АКШнын жарандары. Өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандар дүйнө жүзү боюнча 4,5 миллион адамга чамалады.

АКШда көпчүлүк штаттарда оору жугузуп алган жана илдеттен ажал тапкан адамдардын саны акырындап азая баштаганы менен соңку бир аптадан бери COVID-19 күнүнө 1,5 миңдей адамдын өмүрүн жалмап жатат. Кошмо Штаттарда коронавирус 1,4 миллиондой адамдан табылды жана илдет 86 миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйды.

Вакцина боюнча федералдык агенттиктин мурдагы жетекчиси Рик Брайт 14-майда Конгрессте сүйлөп жатып, эгер өлкө жетекчилери оорунун кайра жайылышына каршы чечкиндүү чараларды көрбөсө, өлкө "заманбап тарыхындагы эң катаал кышты" башынан кечириши ыктымал экенин эскертти.

Ал коронавирустун экинчи толкуну кышында сасык тумоо күчөп турган маалга туш келсе, анын кесепети оор болорун айтты. Брайт 2017-жылы сасык тумоодон 29 миңге чукул америкалык ажал тапканын кошумчалады.

Дагы караңыз Европа жанданып, Орусияда оору көбөйдү

Рик Брайт АКШнын вакцинаны массалык түрдө даярдап, аны элге таратуу боюнча кандайдыр бир планы жок экенин сынга алды.

Бирок президент Дональд Трамп 14-майда вакцина ушул жылдын аягына чейин пайда болорун дагы бир жолу билдирди, бирок анын чоо-жайын тактаган жок.

"Менимче, биз жыл аягына чейин вакцинага ээ болобуз. Аны таратуу тегиз-текши жүрөт, биз аскерлерди даярдап койдук. Силер муну эртең көрөсүңөр".

Буга чейин Кытайда, АКШда, Британияда жана Германияда сегиз түрлүү вакцина адамдарга сынала башталганы белгилүү болгон. Жалпысынан вакцинанын 90дон ашуун түрү даярдалып жатканы маалымдалган. Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейинки убакыт керек экенин билдиришкен.

Ал арада Кытайда соңку бир айдан бери COVID-19дан ажал тапкан бир дагы учур каттала элек. Буга чейин Бээжинди Вашингтон менен бир катар Европа өлкөлөрү коронавирус коркунучу тууралуу маалыматты жаап-жашырган деп айыптаган.

Трамп Кытай менен алака-катышты толугу менен токтотуп коюушу ыктымал экенин эскертти. Бээжин дооматтардын баарын четке кагып келет.

Дагы караңыз Кытай Европанын технологиясына ээ болгусу келет

Бир канча айлык карантинден кийин Кытайда завод-фабрикалар кайрадан иштеп жатат. Өндүрүштүн көлөмү апрель айында былткыркыга салыштырмалуу 3,9% көбөйдү. Бирок ички керектөө 7,5% азайды жана жалпысынан өлкө экономикасы каатчылыкка кептелди.

Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын маалыматы боюнча, 15-майга карата Кытайда ооруканаларда коронавирустан 90дой бейтап дарыланып жатат жана 600дөн ашуун адам карантинде. Кытайда жалпысынан расмий маалыматка ылайык, бул оорудан 4600дөн ашык киши көз жумган, илдет 83 миңге чукул адамга жуккан.

Бразилия менен Мексика Латын Америкадагы оору очогуна айланды. Бразилия өпкөнү сезгенткен оорудан ажал тапкандардын саны жагынан дүйнөдө алтынчы орунга чыкты. Бул өлкөдө оору 203 миңдей кишиге жукту, 14 миңден ашык адам көз жумду. Мексикада бийлик оору кеңири тараган учурга жеткенин билдирди. Аталган мамлекетте ооругандар 42,5 миңге чамалады жана көз жумгандар 4477 адам болду.

Европада көпчүлүк өлкөлөр каратин чараларын жумшартууну улантып жатат. Аталган континентте COVID-19дан 150 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​