Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

COVID-19: Кытай Европанын технологиясына ээ болууга жол издейт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Европа коронавирустун айынан каржалып турганынан пайдаланып, Кытай компаниялары Батыштан жаңы технологияларды сатып алуунун жолдорун караштырып жатат.

Европанын алдыңкы технологияларына эбактан бери көз арткан Кытайга коронавирус шарт түзүп бергендей. Европалык өлкөлөр Кытай экспансиясынан кооптонуп, өздөрүнүн баалуу тармактарын коргоп калууга даяр экенин билдирип жатышат.

Бээжиндин стратегиялык технологияларды – жасалма интеллекттен тартып телекоммуникациялык жана маалымат базаларына чейин сатып алуу аракети геосаясий чыңалууну күчөтүүдө. Кытай муну менен технология айдыңында үстөмдүк жүргүзүүгө жетүүнү көздөйт. Келечекте глобалдык экономика дал ушул жаңы технологиядан көз каранды экени талашсыз.

Вашингтондогу Американын учурдагы коопсуздугун иликтеген борбордун кызматкери Эшли Фен «Азыр кытайлык компаниялардын көздөгөнү - чет элдик ишканаларды сатып алып же аларга инвестиция салып, өлкөнүн [Коммунисттик партиянын] күн тартибин алдыга жылдыруу» деп эсептейт. «Батыш кытайлык инвестиция менен келчү тобокелдик жогору экенин эми жакшылап аңдай баштады» - дейт аналитик.

Апрелдин башында болгон окуя буга айкын мисал. Кытайлык «China Reform» мамлекеттик инвестициялык компаниясынын филиалы «Canyon Bridge» британ парламентинин басымы менен смартфондорду графикалык карта менен жабдыган «Imagination» компаниясынын Лондондогу баш кеңсесин Кытайга көчүрүү чечиминен баш тартты.


Көңүлдүн баары коронавирус пандемиясына бурулган чакта «Canyon Bridge» көчүп кетүүгө камынып калганы британ саясатчыларынын ачуусун келтирип, ал планга бөгөт коюшту.

«Canyon Bridge» 2017-жылы «Imagination» компаниясынын көзөмөл пакетин сатып алган. Эми компания баш кеңсесин Лондондо калтырууну британ бийлиги менен макулдашканын билдирди.

Пандемиянын тийгизген кесепетине карабай, кытай компаниялары кубаттуу. Бирок Европанын кытай экспансиясына каршы тынчсыздануусу Бээжиндин дымагы менен планын бузчудай.

Евробиримдик четтен келген инвесторлордун европалык компаниялардын активдерин сатып алуусун чектөөнүн кийинки кадамдарын баштады. Британ тышкы иштер министри Доминик Рааб Кытай менен «адаттагыдай ишкердик байланыштар мындан ары болбойт» деп убада кылса, немис канцлери Ангела Меркел да ушундай эле мааниде кескин билдирүү жасады.


Финансылык кыйынчылыктан улам Батыштын стратегиялык активдерин сатуу канчалык кооптуу экенин Брюсселден НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да эскертти.

Алтургай Индияда кытай компаниялары жергиликтүү ишканаларды өзүнө сиңирип алып жатканына бөгөт коюу максатында мыйзам долбоору сунуш кылынды.

«Кытайда жасалган - 2025» деген стратегиянын негизинде Бээжин өз компанияларына миллиарддаган долларды субсидияга, изилдөөлөргө жана алдыңкы ишканаларды сатып алууга бөлүп жатат. Кытай жогорку технологиялар тармагында эл аралык атаандаштарын жеңип, оболу АКШдан озгусу келет.

Бул жерде сөз жаңы муундагы технологиянын глобалдык стандарттарын гана орнотуу эмес, дүйнөлүк базарда үстөмдүк кылуу жана анын арты менен саясий таасирин арттыруу жөнүндө болмокчу.

Азия менен байланыш улуттук бюросунун кызматкери жана Франциянын коргоо министринин Кытай боюнча кеңешчиси Надеж Роллан «Бул рынок үчүн гана күрөш жана экономикалык атаандаштык эле эмес, стратегиялык маселелерге барып такалат» дейт. «Бул Кытай үчүн дүйнөнүн башка региондорунда өз таасирин арттыруунун жолу» – деп белгилейт.

Жаңы геосаясий фронт

Европада кытай инвестициясынын киришине байланыштуу коопсуздук маселелеринен улам чочулоо буга чейин деле болот. Эми жагдайды COVID-19 дагы татаалдаштырды.

Еврокомиссиянын атаандаштык боюнча комиссары Маргарет Вестагер «Financial Times» гезитине берген маегинде биримдиктин өлкөлөрүнө бир катар компаниялардын акциялар пакетин сатып алууну сунуш кылып, мунун менен алардын Кытайга өтүп кетишине жол бербей койсо болоорун айткан.

«Айрым компаниялардын сатылып кетүү коркунучу реалдуу экенин түшүнүү абзел. Андыктан биз тез жана чечкиндүү чара көрүшүбүз керек» - деп еврокомиссар биримдиктин өлкөлөрүнө кайрылган.

Евробиримдиктин аткаруу бийлигинин жогорку органы март айында пандемия маалында европалык компаниялардын четке сатылып кетишин көзөмөлдөө өзгөчө мааниге ээ экенин эскерткен. Европанын коопсуздугун коргоодо жана саламаттык сактоодо мааниси бар компанияларды сатууну токтотуу белгиленген.

Буга улай эле Италияда, Испанияда жана Германияда чет элдик компаниялардын жергиликтүү ишканаларды сиңирип кетишин көзөмөлдөй турган чаралар кабыл алынган.

Евробиримдиктин ичинде мындай чараларды кабыл алуу оңойго турган жок. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн Бээжин менен тыгыз мамиле түзүү аракети жана Брюсселдин саясий кооптонуусунун ортосунда баланс табуу кыйла татаал.


Соңку жылдары Евробиримдикте кытай компаниялары менен түзүлгөн чоң келишимдер көбөйүп баратканы байкалат. 2016-жылы кытайлык техногигант «Tencent» финдердин «Supercell» мобилдик телефондорго оюндарды ойлоп тапкычынын акциялар пакетин сатып алган. Кытайдын электр товарларды чыгарган «Midea» ишканасы немистердин робот жасаган «Kuka» компаниясын сатып алган.

2017-жылы «China Reform» британдардын «Imagination» компаниясынын көзөмөл пакетин алып койгону Евробиримдиктин ичинде кытай инвестициясынын көбөйүп баратканын айкын көрсөткөн. 2018-жылы кытайлык ишканалар Еврошаркетке 17,8 миллиард евро (19,5 млрд. доллар), кийинки жылы 12 миллиард еврону (13 млрд. доллар) келечекте өзүнө сиңирип алуу ниети менен салган.

Мындай келишимдерди чектөөнүн күчөшү Брюссел менен Бээжиндин мамилеси солгундап турган маалга туш келди. Буга кытай бийлиги пандемияга каршы күрөштө Бээжиндин көргөн чараларын мактап, ал эми Батыш өлкөлөрү кетирген каталарды баса белгилеген кеңири медиа өнөктүгүн жүргүзгөнү себеп болду.

Бээжиндин агрессивдүү дипломатиясы жана кытай дипломаттарынын сынчыл репликасы Европада бул маанайды күчөттү.

Карнеги Фондунун европалык программасынын директору Эрик Браттберг «180 градуска бурулуш болбойт, бирок Европада Кытайга ишеним азайып баратат. Бир катар саясатчылар өз көз караштарынан кайтууда» - деди.

Бүдөмүк келечек

Пандемия маалында жогорку технологиялар тармагына жасалган кытай инвестициясы кооптонууну күчөткөнү менен аны жөнгө салчу чечимдер азырынча саналуу.

Бул айрыкча келечектин инфраструктурасы үчүн өтө маанилүү делген 5G муундагы жаңы мобилдик желени Европада коё бергенде таасын көрүндү. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы бул долбоорго кытайлык «Huawei» концернин катыштырбоого чакырган.

«Huawei» - 5G муундагы технологияны эң көп чыгарат жана Бээжинден түз колдоо алат. Вашингтон «Huawei» концернинин жабдыктарын Бээжин тыңчылык максатта колдонгондуктан, Европа Биримдигинин коопсуздугун коркунучка кептейт деп санайт. Кытай компаниясы мунун баарын четке каккан.

«Huawei» Европада эки башкы атаандашы «Ericsson» жана «Nokia» компаниялары турганына карабай, соңку жылдары дүйнөнүн бул тарабындагы ордун бекемдей алды.


Британия жана Франция 5G желесин киргизүүдө «Huawei» концернин чектөөгө макул болушту, эми аларга Германия да кошулмакчы.

Бул мамлекеттердин өкмөттөрү АКШнын камтамачылыгын тең бөлүшкөнү менен «Huawei» Европанын базарында ордун бекемдеп жатат. Жабдыктарынын баасы жана келечеги жагынан атаандаштарынан артычылыкка ээ.

«Бир катар тармактарда Кытай сапатсыз товар ташыганды токтотту» - деп белгилейт Берлиндеги MERICS аналитикалык борборунун кызматкери Жон Ли. – Кытай Европадагы жана Батыштагы бир катар экономикалардын өнөктөшү жана атаандашы болуп калат».

Коронавирус кризисинен кийин Кытай менен АКШнын ортосунда дагы бир маселе чыкчудай. Эки өлкө улуттук коопсуздук, экономикалык кызыкчылык менен алдыңкы технологиялар боюнча атаандаштыктын ортосунда тең салмактуулукту табышы керек.

Кытай жана транс-улуттук технологиялык корпорациялардын бири-бири менен чырмалышып, бир эле маалда өнөктөш жана атаандаш болуп алганы жагдайды дагы татаалдаштырат.

Ли «Батыш өлкөлөрүндө жөнөкөй чечим жок» деген ойдо. «Бир катар жерлерде Кытайга катаал көз карашта болууну айтышканы менен бардык учурда компромисс табууга туура келет».

Рид СТЭНДИШ

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG