Ооган-АКШ коопсуздук келишими талкууда

Лоя Жырганын делегаттары курултайда, Кабул, 21-ноябрь, 2013

Кабулда Лоя Жырга (же “Улуттук Курултайдын”) миңдеген делегаттары бүгүн Ооганстан менен АКШнын коопсуздук боюнча жаңы келишимин талкуулай баштады.
Аксакалдар, уруу башчылары жана коомдогу мартабалуу өкүлдөрдөн турган жыйын документтин текстин төрт күн талкуулашы керек.

Азырынча келишим долбоорунда “америкалык аскерлер ооган жеринде кылмыш жасаса, аларды Ооганстанда жергиликтүү соттор эмес, АКШ жазалай алат” деп жазылган.

Келишимдеги дал ушул жобо Лоя Жырганын делегаттарынын нааразылыгын жаратышы мүмкүн. Талаштуу деп эсептелинген дагы бир пункт “кайсы учурда америкалык аскерлер оогандардын үйүнө кирип бара алаарына” байланыштуу.

21-ноябрда курултайды ачып жатып, президент Карзай: “Эгерде келишимге кол коюлса, 15 миңге чейин чет өлкөлүк аскер 2014-жылдан кийин да Ооганстанда кала алат”, - деп билдирди. Ал мындан сырткары, АКШ президенти Барак Обама ага расмий кат жөнөтүп, анда коопсуздук келишими Ооганстандын кызыкчылыгына иштей турган документ экенине ишендиргенин айтты.

"Келишимде көрсөтүлгөндөй – көңүл бургула, бул өтө маанилүү – АКШнын аскерлери америкалык жарандардын өмүрүнө коркунуч келген жана өтө ыкчам көрүлчү өзгөчө учурларды гана эске албаганда, башка учурларда аскерий операция үчүн оогандардын үйлөрүнө кире алышпайт”, - деп Карзай Обаманын катынан үзүндү окуду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 20-ноябрда Вашингтондон журналисттерге сүйлөп жатып, Вашингтон менен Кабул келишимдин тексти боюнча толугу менен макулдашканын, эми баары Лоя Жырганын чечимине жараша болоорун билдирди.

- Эми ооган эли чечет. Мен президент Карзай менен текстти толугу менен такташкандан кийинки кечке экөөбүз тең эми маселени Лоя Жырга чечсин деген ойго келгенбиз. Айрымдар балким курултай муну талкуулашын каалабашы мүмкүн, бирок ал талкууну баштаганы жатат. Эки тарап аны талкуулап, макулдашып алган.

Апта башында Карзайдын расмий өкүлү президент АКШдан буга чейинки каталар үчүн кечирим сурашын талап кылып жатканын айткан. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазган эле. Бирок Керри журналисттерге сүйлөгөн сөзүндө президент Карзай менен бул маселени карашпаганын, андай суроо да коюлбаганын айтты.

Азыр Лоя Жырга талкуулап жаткан документ Кошмо Штаттардын аскер күчтөрүнүн келерки жылдан кийинки тагдырын чечиши керек. Жумурияттын чар тарабынан келген 3 миңдей жогорку даражалуу өкүлдөрдөн куралган Лоя Жырга келишимдин тиги же бул бөлүгүн жактырбай койгонго укугу бар.

Жалпы улуттук деңгээлде колдоо алыш үчүн президент Карзай документти Лоя Жырга да жактырсын деп чечти. Курултай келишимди колдогондон кийин гана ал парламенттин кароосуна жиберилет жана, эгерде парламент да жактырса, андан кийин гана Карзайга кол коюу үчүн жиберилет.

Талибан кыймылы Лоя Жырганын чогулушун “көз боёмочулук” деп айыптады. Өткөн аптада курултай өтүп жаткан имараттан алыс эмес жерде жанкечтинин жардыруусу болгон. Ошондуктан курултай учурунда Кабулда коопсуздук чаралары өзгөчө күчөтүлдү.