Эрдоган күбө болгон мушташ

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

16-майда Вашингтондогу Түркиянын элчилигинин алдына митингге чыккан күрт жана армян демонстранттары менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын тарапташтары кагылышкан. Анда эки киши кармалып, тогузу жараат алганы маалымдалды. Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик агенттиги урушка Эрдогандын жансакчылары катышканын, бирок алар акцияга чыккандардын чагымчыл аракеттерине жооп катары каршылык көрсөтүшкөнүн кабарлаган. Акцияга чыккандарга кол көтөрүү Батышта бир топ нааразылык жаратты. Видеодо Эрдоган акцияга чыккандарга кол көтөрүүнү карап турганын көрүүгө болот.