Мигранттар агымы: АКШ чек арага аскер жөнөтөт

Гондурастык мигранттар.

Борбордук Америкадан мигранттардын жаңы агымы келишин утурлай Пентагон ушул аптанын соңунда Мексика менен чек арага 5200 жоокерди жайгаштырып жатат.

“Ишенимдүү патриот” деген операцияда негизинен Техас, Аризона, Калифорния штаттарында чек араны бекемдөөгө көңүл бурулат. Бул тууралуу АКШ армиясынын Түндүк Американын аба мейкиндигин коргоо командачылыгынын башчысы, генерал Терренс О" Шогнесс билдирди:

- Биз чек аранын коопсуздугу – улуттук коопсуздук экенин билебиз. АКШ аскерлери Бажы жана чек ара коопсуздук​ күчтөрүнө чек араны бекемдөөдө мүмкүнчүлүктөрүн арттырат.

Быйыл апрелде президент Дональд Трамп АКШнын Мексика менен чек арасына Улуттук гвардиянын 2100 жоокерин жөнөткөн. Борбордук Америкадан АКШга барууну көздөгөн мигранттардын жаңы толкуну пайда болгондуктан Вашингтон эми чек арага 5200 жоокерди жайгаштырып жатат.

АКШга бараткан мигранттардын көбү - Гондурастын тургундары. Учурда бул өлкөдөн чыккан үч топ түндүктү карай жылып баратат. Жолго алгач чыккан эң чоң кербендеги адамдардын саны 3,5 миңден 7 миңге чейин жетет. Алар азыр Мексиканын түндүгүнө жетти жана АКШнын чек арасына чейин дагы 1500 чакырым жол басышы керек. Демек, алар Гондурастан чыккандан бери 3000 чакырым жолду басып коюшту.

Дональд Трамп.

29-октябрда президент Трамп өзү Мексика аркылуу АКШга жөнөгөн мигранттардын кербенин чек арада аскерлер күтөрүн билдирген. Трамп алардын артка кайтуусун талап кылып, АКШга “мыйзамдуу жараяндан” өтмөйүнчө киргизилбей турганын эскерткен.

Бул кабарды гондурастык мигрант Гуан Рамон Мурсиа да уккан экен.

- Ооба, мен уктум, өзүм да көрдүм. Жаңылыктардан да чек арада аскерлер бар экенин, дагы жөнөтүп жатышканын айтып жатат.

300 адамдан турган мигранттардын жаңы кербени Гондурастын борбору Сан-Сальвадордон 28-октябрда жол тартты. Чиедей эки кызы менен жолго чыккан гондурастык Гина Жакуэлина Андинонун артка кайтайын деген ою жок, көздөгөнү АКШ жетүү болуп турат:

- Атабыз транспорт компаниясында иштечү. Ал жерде аны "өлтүрөбүз" деп коркуткандар болду. Биздин мигранттарды АКШнын чек арасына чейин жеткирген аткезчилерге төлөп бергенге акчабыз болгон жок. Ошондуктан кербенге кошулууну чечтик. Биздин көздөгөнүбүз – Кошмо Штаттарга жетүү. Кудайдын жазганын көрөбүз да. Эгер болбой калса, кайсы бир жерден башпаанек сурайбыз. Бирок биз Гондураска кайтып барбайбыз.

АКШга жетүүну көздөп, Гватемаладан Мексиканын чек арасынан өткөн мигранттар.

АКШга бараткан мигранттардын көбү киндик каны тамган жеринен кетип жатканын жакырчылыктан жана кылмыштуу топтордун зордук-зомбулугунан тажаганы менен түшүндүрүшөт. Маселен, Борбордук Америкадагы Гондурас дүйнөдө калктын санына карата киши өлтүрүү көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турат. Ошондой эле алардын арасында акча табууну көздөгөн экономикалык мигранттар да бар. АКШнын Бажы жана чек ара коопсуздугу кызматынын комиссары Кевин Макаленан мигранттарга мындайча кайрылды:

- Бул кербенди уюштуруп жаткандарга биздин айтарыбыз жөнөкөй гана. Президент "Кошмо Штаттарга мыйзамсыз жана кооптуу чоң топтун киришине жол бербейбиз" деп так, түшүнүктүү айтты. Эгер мыйзамсыз өтөм дегендер болсо, биз аларды кармап, Кошмо Штаттардын мыйзамдарынын сакталышын толук камсыз кылабыз. Коопсуз жана мыйзамдуу баш калка алууга аракеттенгендерди Мексика өкмөтү коргоого алды жана жумушка уруксат берди. Эгер сиз өз жериңизде басмырлоодон качып келе жактан болсоңуз, арыз бериш үчүн коопсуз жайга жетиңиз. Ал эми эгер сиз АКШда жашаган үй-бүлөңүзгө бараткан экономикалык мигрант болсоңуз, анда үйүңүзгө кайтып барыңыз да, тиешелүү визаны алыш үчүн арыз бериңиз.

Гондурастык мигранттар.

Трамптын чек арага аскерлерди жөнөтүү тууралуу чечими 6-ноябрда өтчү Конгресстин мүчөлөрүн шайлоо алдында кабыл алынды. Республикачылар бул шайлоодо Конгресстеги эки палатада тең үстөмдүгүн сактап калууга аракеттенүүдө. Ошондуктан айрым талдоочулар Трамптын чек арага аскер жибериши мигранттарды коркунуч катары көрсөтүп, АКШны алардан өзү гана коргоп жаткандай таасир калтыргысы келет деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.