Нью-Йорктогу Нооруз салтанаты
Салтанатта чыгып сүйлөгөн БУУнун баш катчысынын орун басары Ян Элиассон: “Радикалдардын катуу чабуулуна каршы туруш үчүн тайманбастык жана биримдик керек. Радикал күчтөр араздаштырууга жана каршылаштырууга далалат кылып жатат. Мындай аракеттерге биздин бере турган жообубуз – ушундай биримдик жана кебелбес рух болууга тийиш”, – деп баса белгиледи.
ТҮРКСОЙ башкатчысы Дүйсен Касеинов өз сөзүндө буларга токтолду:
”Үстүбүздөгү жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрү эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесин белгилейт. Ушул маанилүү окуянын урматына бул жерге келип Нооруз салтанатын уюштурууга колдоо көрсөткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун мырзага ыраазычылык билдирем. Биздин бүгүнкү майрамыбыз Чыгыштын улуу ойчулу жана акыны, быйыл 1000 жылдык мааракеси майрамдалып жаткан Жусуп Баласагындын бир учкул сөзүн бекемдеп турат: ''Эй, адамзат, жакшылыкты гана тынымсыз жалгаштыра бер, анткени ал түбөлүктүү!''
28-29-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде “Улуу Жибек Жолу жана анын Борбор Азия үчүн мааниси” деген темада симпозиум да өттү. Ага Кыргызстандан профессор Осмонакун Ибраимов катышып, баяндама менен чыгып сүйлөдү.
Расмий сөздөрдөн соң 15 өлкөдөн келген 120га жакын артистин катышуусунда улуттук ырлардан жана бийлерден түзүлгөн өзгөчө шаңдуу концерт берилди. Кыргыздын кылым карыткан ''Паризат'' аттуу элдик ыры таланттуу жаш ырчылар Гүлжигит Калыков жана Гүлнур Асанованын аткаруусунда жаңырды.
Нью-Йорктогу Нооруз.
Нью-Йорктогу Нооруз.
ТҮРКСОЙдун АКШдагы соңку концерти 1-апрель күнү Вашингтон шаарынын "Уорнера" театрында өтөт.
20-марттан бери ТҮРКСОЙ уюштурган Нооруз салтанаттары Түркиянын көптөгөн шаарларында азыр да уланууда. Анда түрк дүйнөсүнөн келген башка музыкалык топтор өз өнөрлөрүн тартуулап жатышат.
22-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касеинов баштаган топту, түрк дүйнөсүнүн бир катар өнөрпоздорун кабыл алды жана ТҮРКСОЙ тарабынан аткарылып жаткан иштерге жогору баа берди.