Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы талкуулары уланууда. Анда Ирандын кечээ сөз алган президенти Махмуд Ахмадинежад Батышты дүйнөдөгү азыркы тартипти сактоо үчүн өзөктүк курал коркунучун пайдаланууда деп айыптады. АКШ жана Израилдин өкүлдөрү адаттагыдай эле Иран президентинин сөзүн бойкоттошту.
Башкы ассамблеянын 67-сессиясында сүйлөө Махмуд Ахмадинежаддын президент катары БУУдагы акыркы сөзү болду. Анткени келерки жылы анын президенттик экинчи мөөнөтү аяктайт.
Сөзүндө Ахмадинежад дүйнөдөгү азыркы тартипти “текебердиктин гегемониясы” деп атап, аны сактоо үчүн Батыш өлкөлөрү азыр өзөктүк курал коркунучун колдонуп жатканын белгиледи:
- Жарыша куралдануу жана гегемон державалардын өзөктүк курал, массалык кыргын салуучу курал менен коркутуусу кеңири жайылган көрүнүш болуп калды. Абдан заманбап курал-жарактын жаңы муунун сыноо жана ошол курал-жарактарды өз убагында ачыкка чыгаруу боюнча милдеттеме азыр мамлекеттерди гегемониянын жаңы доорун кабыл алуусу үчүн коркутуп, мажбурлоонун жаңы ыкмасы катары колдонулууда.
Иран президентинин көз карашында, учурда Улуттар уюму да өз максат-милдеттерин жөндүү аткара албай калды:
- Адилеттүүлүктү кеңейтүү жана универсалдык укуктарды камсыздоо максатында түзүлгөн Улуттар уюму иш жүзүндө дискриминациянын кучагында калып, саналуу гана кубаттуу өлкөнүн үстөмдүгү үчүн негиз даярдоодо. Андыктан Улуттар уюмунун ишинин натыйжасыздыгы күчөп жатат. Мындан сырткары вето укугунун өкүм сүрүшү жана Коопсуздук кеңешинде бийликтин монополдошуусу мамлекеттердин укугун коргоону иш жүзүндө мүмкүн эмес кылып койду.
Ахмадинежад белгилегендей, “цивилизациялуу эмес сионисттердин биздин улуу элге каршы аскерий аракетке барары боюнча такай коркутуусу - бул ачуу чындыктын анык мисалы”.
Израиль эгер Иран кызыл сызыктан аша турган болсо, анын өзөктүк жайларына сокку ура аларын эскертип жүрөт.
Иран президенти БУУдагы сөзүндө өлкөсүнүн Батыш менен мамилесиндеги эң талылуу маселе - өзөктүк программа тууралуу айткан жок.
Ал эми Башкы ассамблеядагы сөзүнөн кийинки пресс-конференцияда Ахмадинежад Иран АКШ менен диалогго даярдыгын кайталады.
Ага чейин АКШ президенти Барак Обама Башкы ассамблеяда сүйлөгөн учурунда Иран кризисин дипломатиялык жол менен чечүү үчүн убакыт чексиз эместигине токтолгон:
- Америка бул маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү каалайт жана биз муну жасоо үчүн али убакыт бар деп эсептейбиз. Бирок убакыт чексиз эмес. Биз мамлекеттердин тынчтык максатта өзөктүк энергияга жетүү укугун урматтайбыз. Бирок Улуттар уюмунун максаттарынын бири - биз бул энергияны тынчтык максатта колдонуп жатканыбызга ынануу. Жаңылбагыла! Өзөктүк куралы бар Иран - ооздуктоого боло турган көйгөй эмес. Ал Израилдин жашоосуна, Перси булуңундагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна, дүйнөлүк экономиканын туруктуулугуна коркунуч туудурат.
Бул аралыкта Махмуд Ахмадинежад сүйлөөсүнө тушташ Улуттар уюму алдындагы аянтка Иран режимине каршылык билдирген миңдеген киши жыйналды.
Алардын арасында Нью-Йорктун мурдагы мэри Рудольф Жулиани, АКШ Конгрессинин эл өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Ньют Гингрич да жүрдү. Демонстрацияга келген сириялыктар болсо Иран режими президент Башар Асадды колдоп жатканына нааразылык билдиришти.