БУУ Конгодогу тынчтыкты сактоочу бригадасына козголоңчуларга каршы согуш жүргүзгөнгө уруксат бергени жатат.
Мындай резолюцияны Коопсуздук кеңеши бүгүн колго салат. Азыр Улуттар Уюмунун тынчтыкты камсыздоочу күчтөрү - аларга кол салынмайынча каршы тарапка ок ата же согуш ача албайт.
Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, Улуттар уюмунун Конго Демократтык Республикасы - КДРдагы тынчтыкты камсыздоочу аскерлеринин укугу мурда болуп көрбөгөндөй кеңейтилет. Атап айтканда, колго салынчу резолюцияга ылайык, аларга өлкө чыгышындагы козголоңчул “23-март кыймылына” биринчи ок атып, согуш ачканга уруксат берилет.
Конголездин жетекчилиги акыркы жылдары кивулук козголоңчуларга жардам берүүдө деп, Руанданы күнөөлөп келет. Конгонун Руанда менен араздашуусу 1994-жылы руандалык тутсилер 800 миңдей хутсуну кырган мезгилге барып такалат.
Эл аралык Хьюман Райтс Уолч уюмунун январда билдиришинче, 2012-жылы март-декабрь айларында Конгонун чыгышындагы коогалуу аймакта адамдарды максаттуу өлтүрүү, зордуктоо жана балдарды аскерге пайдалануу кеңири жайылган. Бул аймакта 200 миңден 500 миңге чейин адам там-жайын таштап, бозгун болуп жүргөнү айтылат. Адам укугун коргоочу уюм ошондой эле козголоңчулар Руандадан материалдык жана аскерий жардам алганын билдирген.
Ал эми “Вашингтон Пост” гезитинин жазышынча, Конгонун чыгышындагы Улуттар уюмунун аскерлеринин мандаты жана күч-кубаты чектелүү болгондуктан, өздөрү турган жерден тыш жерлерде тынчтыкты камсыздаганга жараксыз.
Ричард Гован Нью-Йорк университетинин Эл аралык кызматташуу борборунун серепчиси. Анын пикиринче, даярдалып жаткан резолюция БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги дипломаттардын Конгодогу тынчтык күчтөрүнүн бошоңдугунан аябай тажаганын көрсөтөт:
-Бул он жылдан ашык убакыт мурда Конгонун чыгышына киргизилген жана Улуттар уюмунун тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн стандарты боюнча мыкты куралданганын тастыктаган фактка жооп. Бирок ал күчтөр региондогу согушчандардын чабуулун токтотконго кайра-кайра жарамсыз болууда.
Эл аралык күчтөр КДРге 1999-жылы Ангола, Зимбабве, Намибия, Руанда жана Уганда менен ок атышпоо жөнүндө келишимге кол койгондон кийин киргизилген. 19 миңдей болот жана көпчүлүгү Индия менен Пакистандан. Бул аскерлердин 6700 чамалуусу Конгонун чыгышындагы Түндүк Киву провинциясына жайгаштырылган.
Жеффри Лауренти Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу “Жүзжылдык” фондунун эксперти. Анын “Азаттыкка” айтымында, Конго Демократтык Республикасындагы тынчтык күчтөрүнө берилчү мандат буга чейин Улуттар уюмунун канаты астында тынчтык миссиясын аткарып жүргөн аскерлердикинен “алда канча бөлөк” болот.
“Бул бир жолку окуя эмес, бул эл аралык жамаат сабак алчу тажрыйба болот. Жана бейтарап тынчтык күчтөрү он жылдардан кийин да тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздай албаган жагдайда өткөрүлчү болочокку операциялар жөнүндө шардана кылат”,- дейт Ж. Лауренти.
КДР аянты боюнча Африканын Алжирден кийинки чоң өлкөсү. Калкынын саны боюнча Нигерия, Эфиопия, Египеттен кийинки төртүнчү орунда турат. 72 млн. калктуу өлкө 1997-жылга чейин Заир Республикасы аталчу жана азыр Африканын эң бейстабилдүү өлкөсү саналат. Конго жез, алмаз, темир, күмүш, мунай жана башка кен байлыктарына бай. Урандын дүйнөлүк корунун жарымынан көбү Конгодо жайгашкан.