БУУнун баш катчылыгы үчүн жарышта Гутеррес алдыда

Антонио Гутеррес

5-октябрда БУУнун баш катчылыгына талапкерлер үчүн кезектеги жашыруун добуш берүү өтөт. Буга чейинки төрт айлампадан кийин Португалиянын мурдагы премьер-министри, Качкындар боюнча мурдагы жогорку комиссар Антонио Гутеррес алдыда баратат. Бирок Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Орусия анын талапкерлигин өткөрбөй коюушу мүмкүн. Азыркы баш катчы Пан Ги Мундун кызматтагы мөөнөтү жыл соңунда аяктайт.

28-сентябрда Болгария өкмөтү Евробиримдиктин Бюджет жана адам ресурстары боюнча комиссары Кристалина Георгиеваны БУУнун баш катчылыгына көргөзүп жатканын билдирди.

Өлкөнүн буга чейинки талапкери, ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова бул жогорку кызматка ат салышып жаткан тогуз кишинин ичинен 6-орунду ээлегендиктен, аны алмаштыруу чечими кабыл алынды.

- Сүйлөшүп-кеңешип туруп баш катчыны шайлоодо Чыгыш Европа блогунун шансын көбөйтүп, бекемдей турган талапкерге мүмкүнчүлүк берилиш керек деген пикирге келдик, - деди Болгариянын тышкы иштер министри Даниэл Митов өкмөт жыйынында.

Бокова азырынча София өкмөтүнө өз жообун кайтара элек. Бирок буга чейин болгариялык гезиттердин бирине курган маегинде жарыштан чыгууга негиз жоктугун айткан болчу.

26-сентябрда Коопсуздук кеңешинде жашыруун добуш берүүнүн 5-айлампасы болду. Бул жараян мунаса табылмайынча улана берет. Андан кийин кеңеш талапкерди 193 мамлекет катышкан Башкы Ассамблеяга расмий сунуш кылмакчы.

Азыр алдыда Португалиянын мурдагы өкмөт башчысы, өткөн жылдын этегине чейин 10 жыл бою Качкындар боюнча жогорку комиссар болуп иштеген Антонио Гутеррес келатат.

Соңку айлампада ал 15 мүчөлүү кеңеште буга чейинкидей эле 12 добуш алды. Бирок негизги атаандашы, Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак 3-орунга жылып калды.

2-орун Сербиянын мурдагы тышкы иштер министри Вук Йеремичке тийди. Экөөнүн тең акыркы добуш берүүгө караганда колдоочулары азайды.

Гутеррестин алдыга чыгышы, айрым байкоочулар белгилегендей, күтүлбөгөндөй болду. Себеби көпчүлүк бул ирет баш катчы болуп Чыгыш Европанын өкүлү, аял саясатчы болот деп болжолдоп келген. Салт боюнча региондордун өкүлдөрү кезектешип бул кызматты аркалап келишет. Буга чейин Азия, Африка, Латын Америкасы жана Европадан чыккан саясатчылар баш катчы болушкан.

Гутеррес талапкерлердин катышуусундагы коомдук угууларда жакшы таасир калтырып, качкындар көбөйүп, терроризм, климаттагы өзгөрүүлөр өңдүү маселелер курчуп турган кезде анын тажрыйбасы өзгөчө жогору бааланууда.

Качкындар мекемесин баштап турган кезде, өткөн жылдын декабрында ал сириялык бозгундарды кабыл алгылары келбегендер экстремисттердин чырагына май тамызып жатат деген эле:

- Бул күндөрү байма-бай айтылып жаткан ар кыл сөздөргө карабай, качкындар террорчулуктун булагы эмес, биринчи курмандыгы экенин унутпоо зарыл. Жан сактай качабыз деп тобокелдикке барып жатканы үчүн аларды күнөөлөбөш керек. Ооба, террорчулар да качкындарга аралашып кетиши ыктымал. Бирок андай мүмкүнчүлүк калган катмарлар арасында да бар. Акыркы окуялар көргөзгөндөй, ички радикалдашуу эң чоң коркунуч жараткан факторго айланган.

Гутеррес тандоо процесси жүрүп жаткан учурда БУУнун жетекчиси “ортомчу, тараптар ортосунда көпүрө куруучу, жаңжалдардын кесепеттерин жойгон эмес, аларды алдын алууга багытталган тынчтык дипломатиясын түзгөн адам” болууга тийиш деген.

I

Ошол эле маалда мурдагы комиссардын жеңиши жөнүндө айтуу азыр өтө эрте. Талапкерлердин бири утуш үчүн кеминде тогуз добуш алып, туруктуу мүчөлөрдүн ветосуна туш болбоого тийиш.

Москва болсо эл аралык коомчулуктун башкы дипломаты болуп Чыгыш Европанын өкүлү шайланышы керек деп кайталап келатат. Орусиянын позициясы эми 5-октябрда, туруктуу беш мүчө-мамлекет түстүү бюллетендер менен добуш бергенде белгилүү болмокчу.

Орусия бир топ өлкөлөрдүн колдоосуна ээ болгон Гутеррестин талапкерлигине вето койсо, анда Батыш тиешелүү жооп кайтарышы мүмкүн. Атап айтканда, азыркы тизмедеги бардык калган адамдар да өткөрүлбөй, жаңы талапкерлер сунуш кылынмакчы, - дейт Коопсуздук кеңешиндеги жогорку дипломаттардын бири.

Ал эми болгариялык Кристалина Георгиева да Гутеррестей тоскоолдуктарга туш болушу ыктымал. Себеби ал Орусияга каршы санкцияларды киргизген Еврокомиссияда жогорку кызматты ээлейт.

Азыркы баш катчы Пан Ги Мундун мөөнөтү ушул жылдын декабрында соңуна чыгууда. 1946-жылдан бери Улуттар уюмун сегиз киши жетектеп келген.