БУУ: Коопсуздук кеңеши хуситтерди айыптады

Хуситтер Сауд Аравияга баллистикалык ракета аткан учур. 25-март, 2018-жыл.

Сауд Арабиясына карай 25-мартта бир эмес, бир нече баллистикалык ракета атылган учур тартылган видео тасманы Йемендеги хусит согушкерлерине байланышы бар “ал-Мусира” телеканалы жуманын башында эле тараткан.

Саудия тарап да алардын абадан коргонуу системасы Йеменден атылган жети баллистикалык ракетаны тосуп жок кылганын, бирок ракетанын сыныгы башкалаа Эр-Рияддын эл жашаган аймагына түшкөндө андан бир киши өлүп, экөө жарадар болгонун билдирген.

Сауд бийлигинин маалыматына караганда, баллистикалык ракеталар өлкөнүн түштүгүндөгү Нажран, Жизан, Хамис- Мушаит шаарларына, ошондой эле Эр-Рияддагы эл аралык аэропортко багытталган.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин, анын ичинде Кытай менен Орусиянын Сауд Арабиясына Йеменден дагы эле ракета атылып жатканын кескин айыптаган билдирүүсү дал ушул окуядан кийин кабыл алынды. Коопсуздук кеңеши ага катар хусит согушкерлери куралды БУУнун эмбаргосун бузуу жолу менен алып жатканына да терең тынчызданды. Бирок Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө курал эмбаргосун ким бузганы айтылган эмес.

Анткен менен быйыл январда эле Улуттар Уюмунун көз каранды эмес эксперттери "хуситтер Саудияга аткан ракеталар Иранда жасалган, бул куралдар согушкерлердин колуна тийишине жол берүү менен Тегеран БУУнун эмбаргосун бузган" деген бүтүмгө келишкен эле. Батыш өлкөлөрү Коопсуздук кеңешинин бул үчүн Иранды күнөөлөгөн резолюция долбоорун даярдашып, бирок өткөн айда ага Орусия вето коюп салган болчу.

Сауд Арабиясы баштаган коалиция "Йемендеги согушкерлерди курал менен Иран жабдууда" деген далилдерин аптанын башында да көргөздү:

Саудия баштаган коалициянын өкүлү Турки ал-Малики Ирандыкы делген ракеталардын сыныктарын көргөзүүдө. Эр-Рияд, 26-март, 2018-жыл.

- Бул жердеги далилдердин баары Иран хусит согушкерлерине куралды аткезчилик менен жөнөтүүнү улантып, анын ичинде баллистикалык ракета өңдүү оор куралдарды да берип жатканын көргөзүүдө. Иран башаламандыкты жайылтуу, калп жеңишке жетүү сыяктуу өз мүдөөлөрүн көздөп жатат, - деди коалициянын расмий өкүлү Турки ал-Малики Эр-Рияддагы жыйында.

"Хусит согушкерлерин курал менен камсыз кылат" деп Иранды АКШ да кине коюп келет жана буга чейин Вашингтон да өз далилдерин көргөзгөн. Тегеран мындай дооматтарды четке какса, "хуситтердин лидерлери ракетаны өзүбүз жасап жатабыз" деп жүрүшөт.

Аптанын башында борбор Санада хуситтердин миңдеген жактоочулары алардын эсеби боюнча жарандык согуш башталганынын үчүнчү жылдыгын белгилешти.

Хуситтерди жактагандардын демонстрациясы. Сана, 26-март, 2018-жыл.

Иран колдойт деген хуситтер Йемендин борборун 2014-жылдан бери ээлеп турушат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт. Сауд Арабиясы баштаган коалиция болсо эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү колдоп, хусит козголоңчуларына каршы абадан сокку уруп келет.

Эл аралык коомчулук тааныган өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү өнөктүгү азырынча натыйжа бере элек. Бирок өлкө гуманитардык кризиске кабылып, кагылыштардан кеминде 10 миңдей адам курман болду.

Йемендин 25 миллиондон ашуун калкынын эки миллионго жакыны жер которду, ал эми БУУнун эсебинде өлкөдө ачарчылык коркунучу азыр да сакталууда.

- Үч жылдагы согуш Йеменде тоё тамак ичпегендердин санын эки эсе көбөйттү. 2015-жылы тамак жетпегенден улам өспөй калган балдардын саны 200 миң эле. Ушунун өзү эле дүйнөдөгү эң жаман көрсөткүч эле. Бирок согуштун үч жылынан кийин бул көрсөткүч дагы эки эсе өстү. Кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн экенин биз баса белгилеп жатабыз. Йеменде мурдараак ачарчылык коркунучу болгон, ал коркунуч азыр да бар, - деди аптанын башында Амман шаарындагы өткөн басма сөз жыйынында БУУнун Балдар уюмунун (ЮНИСЕФ) Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча аймактык директору Гирт Каппилар.

Качкындар лагериндеги балдар. 18-март, 2018-жыл.

Йемендеги гуманитардык абалга карата эл аралык коомчулук айткан сындан улам Сауд Арабиясынын ханзаадасы Мохаммед бин Салман 28-мартта БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррешке 930 миллион доллардык чекти тапшырды.

Баш катчы Гутерреш Саудияга Йеменден гуманитарды муктаждыгына акча бөлгөнүнө ырахматын айтканы менен согушту токтотуш үчүн саясий чечим зарыл экенин баса белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​