Качкындардын эл аралык күнүн утурлай жарыяланган «Глобалдык тренддер» деген жылдык баяндамада качкындар, баш паанек издеген жана өлкө ичинде жер которгон адамдардын статистикасы камтылган. Айрымдары ондогон жылдан бери үйлөрүнөн алыс жашап келатышат.
Аялдар менен балдарга толгон кеме, кайыктар, таңгактарын көтөрүп алып суу кечип, чөлдөрдү аралап, тикенек зым, дубалдардан ашып өтүүнүн аргасын издеген адамдар...
Жылына миллиондогон киши мекениндеги зордук-зомбулуктан, өкмөттүн кысымынан, кылмыштуу топтордон өз жанын, чүрпөлөрүн сактай качышат.
19-июнда БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди жылдык баяндамадагы маалыматтар менен тааныштырды:
- Глобалдык тенденция, тилекке каршы, дагы деле терс багытта кетип баратканын белгилейт элем. Былтыркы кайгылуу статистикага дагы 2 миллион киши кошулду. 2017-жылы 68 жарым миллиондой качкын, жер которууга аргасыз болгон, баш калка издеген киши катталганын маалымдаганбыз. Былтыр ал сан көбөйүп, 71 миллионго жакындады.
Батыштагы популисттик риторикага карабай, качкындар кризисинен негизинен өнгүп келаткан өлкөлөр жапа чегүүдө.
- Качкындардын 80 проценти коңшу өлкөлөргө жер которушкан. «Качкындар Европаны, Кошмо Штаттарын же Австралияны капташты, чукул кырдаал түзүлүүдө» деген сөздөр көп айтылат. Жок, качкындардын көбү согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдүн жанындагы, кошуна мамлекеттерге, башкача айтканда жакыр же анча өнүкпөгөн өлкөлөргө агылат. Ошол жактарда кризиске күбө болуудабыз, ошол жактарга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш, - деди Гранди.
Башка өлкөлөрдө баш калкалоого мажбур болгон 70,8 миллион кишинин жарымы балдар. Мындан 20 жыл илгери бул сан эки эсе аз болчу.
БУУнун жылдык баяндамасында айтылгандай, эң көп киши – 6,7 миллион - 8 жылдан бери согуш тынбай келаткан Сириядан ооп кеткен. Экинчи орунда 2,7 миллион киши жер которууга мажбур болгон Ооганстан турат.
Бирок статистикага 2015-жылдан бери сыртка агылган 4 миллиондой венесуэлалык кирбей калган. Себеби аларга көпчүлүк коңшу өлкөлөргө виза алуунун же баш калка боюнча арыз тапшыруунун кереги жок.
Жогорку комиссар Филиппо Гранди бул баяндама менен АКШнын президенти Дональд Трампка жана башка жетекчилерге мигранттар менен качкындарды коопсуздукка, жумуш орундарга кооптуу бир көрүнүш катары сүрөттөө туура эмес экенин эскертүүнү көздөгөнүн айтты. Ошол эле маалда Гранди Кошмо Штаттар качкындардын эң ири колдоочусу экенин да кошумчалады.
БУУ дүйнө жүзүндөгү жаңы чатактар, жаңжалдар качкындардын катарын толуктап, буга чейинки маселелер болсо чечилбей келатканын белгилейт.
Кыргызстанга келсек, Мамлекеттик миграция кызматынын Кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетованын маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-июнуна карата 200 чет элдик адамга качкын макамы берилди. Дагы 142 кишинин арыздары каралып жатат.
Учурда Кыргызстанда качкын макамын алгандардын арасында эң көбү ооганстандыктар (87) менен сириялыктар (70). Андан тышкары Украинадан, Ирандан, Ирактан, Мароккодон, Эфиопиядан жана коңшу мамлекеттерден келген жарандар да бар.