Москвадан Британияга кеткен Үмүтбек

Үмүтбек Касымов

Украинага басып киргени үчүн Орусияга катаал санкцияларынын таасири кыргыз мигранттарына да түйшүк жаратты.

Жумушу, кирешеси кыскарып, чыгымы арткан мигранттар мекенге кайткандан көрө башка жолдорду, мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатат. Москвада 15 жыл электр тармагында иштеген Үмүтбек Орусияда абал начарлай баштаганда дароо Британияга кетип, Лондондун чет жакасындагы айыл чарба фермасына жумушка орношкон.

Өз алдынча Британия баруу жолдору, иштөө шарттары, киреше-чыгашасы тууралуу айтып берди.

- Үмүтбек Англияга качан, кантип барып, эмне менен алектенип жатасыңар?

-Бул жерге келгениме бир жумадан ашты. Лондондон эле 35 чакырым алыс турган "Руберд Паучер" деген фермада иштей баштадым. Азырынча кулпунай сезону баштала элек. Күнөскана ичиндеги жумуштар менен алек болуп жатабыз.

- Британияга барам дегендер, даярданып, аракет кылгандар көп эле болуп жаткандай. Ал жерде иштөө тартиби, талаптары кандай экен?

- Жумушка талаптарын айта турган болсом көзөмөлдөп деле иштетпейт. Өз уятың менен эле иштейсиң. Мурдатан иштеп жүргөн болгариялыктар, румындар бар экен. Аябай тез иштешет. Аларды көрүп арданасың. Кем калбайын деп тырышабыз. Иш жеңил. Бирок көбүрөөк кыймылды талап кылат. Ошентип жүрүп эле кечке чарчап калабыз. Милдетиңди так аткарышың керек. Талап жогору. Иштеген ар бир саатыбыз үчүн он фунт алабыз. Биздин акча менен алганда 1100 сом. Күнүнө сегиз сааттан иштеп жатабыз.

Дагы караңыз Орусия: кыргыз мигранттарын эмне күтөт?

- Ал жакка барганга чейин кайсыл жерде, эмне жумуш кылып жүрдүң эле?

- Буга чейин он беш жыл Орусияда, Москвада иштедим. Электр адиси болуп жүрдүм. Салыштыра турган болсом, бул жакта (Лондондо) иштейм деген кишиге мүмкүнчүлүктөр кеңири экен. Мигранттын укугу жакшы корголуптур. Сага жөнү жок эч ким катылбайт, кодуламай жок. Тапканың жакшы. Орусияда айына орточо 65-70 миң сомго чейин тапчумун. Батирге, тамак-ашка, майда чыгымдарга сарпталгандан тышкары 40 миң сомдой жанымда калчу. Бул жакта айына болжол менен чыгымдан тышкары 150 миң сомдой табат экем. Үч эсе көп киреше жанымда калып жатат. Бул жакшы да. Жатакана беришет. Тамак-ашы өзүбүздөн.

- Орусияда мигрант болуп жүрүп эле андан ары кетүүгө эмес себеп болду?

- Бул жакта былтыр бир таанышым иштеп кеткен. Ошондон жол-жобосун сурап, аракет кылып көрөйүн дедим. Алар кайсы сайттар аркылуу, кантип билдирме калтыруу жолун айтып беришти. Жумуш берүүчүнүн сайтына билдирүү калтырсам тез эле жооп беришти, кошумча тактоочу суроолор болду. Расмий чакыруу он беш күнгө жетпей эле барды. Дароо Алматыга барып виза алуу үчүн кагаздарымды тапшырдым. Виза колго тиери менен бул жакка учуп келдим. Келишим түзүп иштей баштадым.

Орусияда деле эптеп иштеп жүрө берсем болмок. Бирок Украинада согуш башталары менен тамак-аш баасы өсүп кетти, курулуш иштери мурдагыдай жүрбөй калды. Жумуш орундары кыскарды. Абал өзгөргөндө изденип, башка жолдорду караштырууга мажбур болдук. Үйдөгүлөрүм алыс жакка барбай эле кой дешти. Бирок Кыргызстанга барсам деле иш табылбайт да.

Мени менен кошо дагы бир кыргыз жигит келди. Бизден кийин дагы эки жигит келди. Азыр фермада төрт кыргыз иштеп жатабыз. Биз менен чогуу болгариялыктар, румындар, украиндер бар.

Дагы караңыз Улуу Британияга жол алган мигранттар

- Силер кыргыз өкмөтүнүн Англия менен макулдашкан миң киши үчүн квотасынан тышкары, өз алдыңарча бардыңар да. Анан алданып калам, укугум корголбой калса эмне болот, кимге кайрылам деп ойлондуңарбы?

- Ооба, биз өз алдыбызча келдик. Орусия менен бул жерди салыштырып болбойт. Милдетиңди так аткарып, келишим түзсөң коркунуч жок. Мыйзамдуу келдик. Болгону өз алдыбызча аракеттендик. Кыргызстандыктар дагы келсе болот.

Келем дегендерге "Жумушка орноштурабыз, алып барып жайгаштырабыз деген" ортомчу компанияларга жөнү жок акча сарптабай, чыгым тартпай келишсе дээр элем. Биз менен иштеп жаткан эки кыргыз жигит тааныштарынын фирмасы аркылуу келишкен экен. Кызмат акысына 70 миң сом ашыкча чыгым болушуптур. Андан тышкары виза, билет алууга кеткен чыгымдары да бар экен.

Ошондуктан ортомчуларга алданбай өздөрү эле изденип, жумуш берүүчүлөрдү түз таап, электрондук эле билдирме калтырып, келишим түзүп келсе ашыкча чыгым болушпайт. Мен шеригим менен ошентип келдим, 70-80 миң сом үнөм болуп жатат. Анан бул жерде топ башчылары баары эле орусча сүйлөшө алат. Тил билбейм деп тартыныштын кереги жок, аракет кыла берсе болот. Бирок алданып, орто жолдо акчасына күйбөгөндөй болушу керек. Бул жерден мыйзам талаптарын, эрежелерин так сакташы абзел. Анткени бир жылда алты ай иштеп кеткенден кийин дагы алты айга чейин киргенге болбойт. Ушул сыяктуу талаптарын так сакташ керек.